Menu

“Ак-Жалга” ишканасы

USAID жана "Ак-Жалга" Ысык-Көл облусунда сүт өндүрүшүн кеңейтүү жана жумуш орундарын түзүү максатында кызматташууда

Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району – АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана жеке ишкер Жузумалиева Кулийпа Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылындагы сүттү кайра иштетүүчү “Ак-Жалга” ишканасын кеңейтүү үчүн өнөктөштүк түзүштү. Натыйжада, дагы 400 жергиликтүү фермерлер сүт тапшырууга мүмкүнчүлүк алып, жергиликтүүлөр үчүн 50 жаңы жумуш орундарын түзүшлүшү күтүлүүдө. Бул тууралу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун колдоосу менен “Ак-Жалга” компаниясы өндүрүш процессин өркүндөтүп, өнүмдөрдүн ар түрдүүлүгүн кеңейте алды. Ал эритилген сырды өндүрүүгө жана упаковка үчүн жаңы жабдууларды алды. Жузумалиева Кулийпа өндүрүмдөрдүн эл аралык стандарттарга шайкеш келишин камсыз кылуу үчүн кошумча жабдууларга жана жаңы лабораторияга инвестиция кылды.

“Биз өз ишибизде тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна жана клиенттер үчүн жогорку сапаттагы продукция чыгарууга өзгөчө көңүл бурабыз. Ал үчүн биз өндүрүш процессин тынымсыз өркүндөтүп, заманбап жабдууларды колдонууга аракет кылабыз” – дейт бизнес-айым Жузумалиева Кулийпа.

1994-жылы негизделген “Ак-Жалга” компаниясы Ысык-Көл облусундагы эң ири сүт иштетүүчү ишканалардын бири. Ал суткасына 100 тонна сүттү кайра иштете алат, бирок азырынча завод суткасына 50 тоннага жакын сүттү кайра иштетип жатат. Өндүрүмүнүн 70 пайызга чейин бөлүгү кошуна өлкөлөргө экспорттолот. Азыр жергиликтүү суроо-талап көбөйгөндүктөн, “Ак-Жалга” өз күчүн ири соода түйүндөрү менен иштөөгө да өзгөчө көңүл бөлүп жатат.

“Биз Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүнүн локомотиви болгон Жузумалиева Кулийпа сыяктуу ишкерлерди сыймыктануу менен колдойбуз. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө өзгөчө көңүл буруу керек, анткени алар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга да жардам бериште”, – дейт USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун милдетин аткаруучу Кит Симмонс. “USAID өнөктөш ишканаларга грант түрүндө гана колдоо көрсөтөт, башкача айтканда, бул жардам акысыз берилет”.

Бүгүнкү күндө “Ак-Жалга” компаниясында 126 адам эмгектенет; 7 миң чакан фермалардан жана үй чарбаларынан сүт чогултулат. USAIDдин колдоосу менен өндүрүштү көбөйткөн “Ак-Жалга” кошумча 50 адамды ишке алып, дагы 400 жергиликтүү дыйкан үй-бүлөлөрдөн сүт чогултууну көздөп турат.

USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоору – бул бюджети 23 миллион АКШ долларын түзгөн беш жылдык демилге. Долбоор айыл чарба, тигүү, маалыматтык технологиялар, билим берүү, тамак-аш өнөр жайы жаатындагы чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүп, алардын өндүрүшүн жана сатуусун кеңейтүүгө жана Кыргызстанда жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшөт. Долбоордун алкагында азыркы күнгө чейин өлкө боюнча 90 ишканага колдоо көрсөтүлүп жатат.

Меню