Menu

Ак илбирс

Ысык-Көлдө "кызыл китепке" кирген ак илбирсти атып алган браконерлер кармалды

Ак-Суу районунун тургунунун үйүнөн “кызыл китепке” кирген ак илбирстин териси баш сөөгү менен табылды. Бул жөнүндө Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы билдирет.

Ак-Суу РИИБне ыкчам маалымат келип түшүп, анда жергиликтүү тургун үйүндө мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөндүгү жөнүндө айтылган.

Аталган маалымат райондук милициянын КБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ал Ак-Суу районунун борбору Теплоключенко айылынын 37-жаштагы Д,М, тургуну катары такталган.

Аталган жарандын үйүндө милиция кызматкерлер тарабынан Ак-Суу райондук сотунун токтомунун негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал жарактар табылып жана узундугу эки метрге жакын, жоголуп бара жаткан жаныбарлардын тизмесиндеги, Кызыл китепке кирген ак илбирс жаныбарынын териси баш сөөгү менен табылып далил зат катары алынган. Шектүү Д.М., тергөө кызматына берген  көрсөтмөсүндө, аталган жаныбарды таанышы атып, анын үйүнө убактылуу сактоого калтырып кеткендигин билдирген. Тергөө амал иштеринин жүрүшүндө, экинчи шектүү ошол эле райондун Ак-Булуң айылынын 48-жаштагы Б.Э. аттуу тургуну экендиги далилденип, сурак учурунда шеткүү Б.Э күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кызыл китепке кирген жаныбарды сырт өрөөнүнөн атып келгендигин көрсөткөн, ошондой эле аталган шектүүнүн үйүнөн тиешелүү уруксат документтери жок ок атуучу курал жарак табылган,

Учурда, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө амалдары жүрүүдө.

 

Меню