Menu

Ак куу куткарылды

Ысык-Көлдө көл ортосунда канаттары жараланган ак куу табылып куткарылды

6-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери экология өкүлдөрү менен биргеликте көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо иштерин жүргүзүүдө, Ысык-Көл районуна караштуу Кызыл- Өрүк айылынын көл ортосунда канаттары жараланган ак куу табылып куткарылды. Бул тууралу Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Кызматкерлер ак кууну тез арада жээкке алып чыгып, Чүй облусунда жайгашкан «Бугу эне» жапайы жаныбарларын реабилитациалоо борборуна кайрылып, адистерге канаттууну ийгиликтүү өткөрүп беришкен.

Меню