Menu

Ала качуу

Кыргызстанда бир жылда 250дөн ашык ала качуу фактысы катталды

25-ноябрдан тарта “Сезим” кризистик борбору зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк баштайт. Анын максаты – аялдардын укуктарын коргоп, зордук-зомбулукту токтотууга коомчулукту чакыруу.

Борбор 2020-жылы аялдардын укугун коргогон бир катар мыйзамдар кабыл алынганы менен өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук көбөйгөнүн белгилейт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, былтыр 604 сексуалдык зомбулук фактысы катталып, анын 53% “кылмыштын курамы жок” деген негизде кыскартылган. Никеге туруу максатында 254 ала качуу болуп, алардын 84% сотко жеткен эмес. Жалпысынан 10 миң 151 зомбулук болгону катталып, 9038 убактылуу коргоо ордери (8463 аял, 264 бала) берилген.

Быйыл беш айда 3988 үй-бүлөлүк зомбулук фактысынын бети ачылган. Милиция жылына 8-10 миң үй-бүлөлүк чыр-чатакты телефондон каттайт. Бишкектеги ооруканаларга айына үй-бүлөсүнөн запкы жеген 40-50 аял кайрылат.

“Сезим” кризистик борборуна жылына зомбулукка кабылган 1500 киши жардам сурап кайрылса, анын 93% аялдар.

Ысык-Ата районунан кыз ала качууга шектелип төрт бала кармалды

19-октябрь күнү болжол менен саат 11:28 чамаларында Ысык-Ата РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Киргшелк айылынан 2003-жылы туулган кызды белгисиз бирөөлөр алып качып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Ысык-Ата РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан.
Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 175-беренеси (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери
башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кыз Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирине алып барылгандыгы такталып, кыз ала качууга шектелип, 1998-жылы туулган С.А., 1991-жылы туулган Т.М., 1999-жылы туулган Т.К. жана С.М. аттуу балдар кармалышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, үстүбүздөгү жылдын 17-октябрь күнү жогорудагы кыз курбу кызынын үлпөт тоюнда ала качкан балдардын бири менен таанышып калган. Кийин ал бала кыздын макулдугу жок  алып качып
кеткени маалым болгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан кыз ата-энесине кайтарылып берилген ал эми шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Айзада Канатбекованын өлүмүнө күнөөлүүлөр соттолду

Бишкектин Биринчи май райондук соту адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү соттоду.

14-сентябрдагы отурумда сот беш кишини күнөөлүү деп таап, Сыймык Молдосариев, Ажикабыл Рысбай уулу жана Орузбек Нурумбетов жети жылга, Кубаныч Токон уулу жана Замирбек Раманкулов алты жарым жылга кесилишти. Булар Айзаданын өлүмүнө катышы бар деп табылган. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов билдирди.

Жабырлануучу тараптын дагы бир адвокаты Асел Рысбаеванын айтымында, күнөөлүүлөр Айзаданын жакындарына моралдык жана материалдык зыян үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө да милдеттендирилген.

5-апрелде Бишкекте Айзаданы бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча Теңизбаев кызды үйлөнүү максатында уурдаган. Айзада макул болбой койгону үчүн муунтуп өлтүрүп, анан өз жанын кыйган.

Меню