Menu

Алексей Ширшов

Коррупциянын символу Алексей Ширшов КСДПчылар Атамбаев менен Жээнбеков бийликте турган 2015-2019-жылдарда "апакай" болуп акталып чыгыптыр

Бүгүн, 13-майда КР Президентинин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирүү таратып, Алексей Ширшовдун азыр соттуулугу жок экенин, анткени ал 2015-2019-жылдарда толук акталып чыкканын билдирди.
“Ширшов боюнча тактоо.
Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров Мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында Президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыкты.
Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Бул боюнча төмөндөгү маалыматтардан көрүүгө болот. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн Президент кабыл алган”, – деп жазган Эрбол Султанбаев.

Жогорку сот: Алексей Ширшовдун соттуулугу жок

Жогорку сот “Коррупция” беренеси менен кармалып, үй камагына чыккан “Дастан” трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшовдун соттуулугу жок экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, Алексей Ширшов Биринчи май райондук сотунун 2015-жылы 19-январдагы чечими менен Кылмыш кодексинин 30-171-166-306-беренелери боюнча кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу акталган.

Кылмыш кодексинин 221-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган. Бишкек шаардык сотунун 2015-жылы 19-марттагы чечими менен райондук соттун айыптоо өкүмү өзгөртүлүп, он миң сом айып салынган. Айып пул 2015-жылы 25-августта төлөнгөн. Жогорку сот 2021-жылы 26-июлдагы чечими менен шаардык соттун 2015-жылы 19-марттагы чечими күчүндө калтырылган.

Кылмыш кодексинин 76-беренесине ылайык, түрмөгө кесилбеген жеңил жаза менен соттолгон адамдардын соттуулугу бир жылдын ичинде жоюлат.

Алексей Ширшовго козголгон дагы бир кылмыш иши боюнча чечим 2018-жылы чыккан. Бишкектин Октябрь райондук соту 2018-жылы 9-октябрдагы өкүмү менен Алексей Ширшовду Кылмыш кодексинин 309-беренесинин негизинде беш эпизод боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Октябрь райондук сотунун чечими 2019-жылы 17-майда жана 18-ноябрда шаардык жана Жогорку сот тарабынан күчүндө калтырылган.

Жогорку соттун маалыматына ылайык, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган адам соттолгон деп эсептелбейт.

Президент Садыр Жапаров 11-майда Алексей Ширшовдун үй камагына чыкканына байланыштуу үн катып, укук коргоо органдары ага карата 2010-жылдан бери кылмыш иштери ачылбаганы тууралуу маалымат бергенин билдирген.

2010-жылы 7-апрелден кийин сот-прокуратура тармагына куратор болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Алексей Ширшовго карата 4-5 кылмыш иши ачылганын айткан.

“Дастан” трансулуттук корпорациясы” ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов кармалып, бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун чечими менен ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылды.

Алексей Ширшов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыкканы маалым болду. Аталган орган бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылууда.

Садыр Жапаров, КР Президенти: "2010-жылы Максим Бакиевдин мүлктөрүн мамлекетке өткөрбөстөн Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өздөрүнө же туугандарына каттатып алышкан"

Бүгүн, 11-майда КР Президенти Садыр Жапаров укук коргоо органдары кармаган Алексей Ширшов жана Лондондо качып жүргөн Максим Бакиевдин ачык жана жашыруун мүлктөрү, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн уурулуктары тууралу билдирүү жасады:
Ширшов боюнча элге жана ызы-чуу салып жаткандарга толук маалымат берип коеюн.
Биздин бардык иштерибизде жашыра турган эч нерсе жок. Баары мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат.
Мындан 6-7 ай мурда мага жардамчыларым аркылуу Ширшов кайрылды. “Мен Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты таптым, Кыргызстанга кайтарсак болот, ушул боюнча мени кабыл алабы?” деп суранып жатат дешти. “Ал издөөдө да, кантип кабыл алам” дедим. Кыргызстанда бекен десем, чет өлкөдөн телефон аркылуу чыгып жатканын айтышты. Мен дароо Баш прокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине “2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билгиле!” деп тапшырма бердим. Жыйынтыгында баары Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогонун айтып, издөөдө жок экени боюнча жооп беришти. “Анда келе берсин, кабыл алам” деп кабыл алдым. 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогондон кийин, демек кабыл алсам болот да. Ошол эле күнү 200 миллион долларды кайтаруу боюнча иш башталды. Андан бери бүгүнкү күнгө чейин 60-70 пайыз иштер бүтүп калды. Кудай буюрган күнү кайтарабыз.
Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдын 20-мартында Максим Бакиевдин 4,5 миллион доллары ушундай жол менен кайтарылып, республикалык бюджетке келип түшкөн.
Андан сырткары, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү жана ошол кезде бийликте олтурган чоңдордун аты-жөндөрүнө чейин, Максимдин мүлктөрүн, анын ичинде “Аврора плюс” пансионатын мамлекетке өткөрбөстөн, талап-тоноп алгандарын, кайсы туугандарына каттатып алгандарына чейин айтып берди. Мен ошол күнү эле УКМКга “баарын дыкат териштирип, пансионаттагы коттедждерди, батирлердин баарын мамлекеттин эсебине алгыла” деп тапшырма бердим. Бүгүнкү күнгө чейин Камчыбек Кыдыршаевичтин көзөмөлүндө кылмыш иши тергелүүдө. Ошол кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатат.
Албетте, коттедждер менен батирлер жөнөкөй же арзан коттедждерден эмес. 27 коттедж, 69 батир бар экен. Бир коттедждин баасы 300 миң доллардын тегерегинде болсо, батирлердин ар бири 100 миң доллардын тегерегинде экен. Бул жалаң чоңдор талап-тоноп алган коттедждер, арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар. Мен эмне үчүн элге бул маалыматты берип жатам? Себеби, ошол эле адамдар эч нерсе болбогондой болуп, “Ширшовду чет өлкөдө кармаш керек болчу же камактан чыгарбаш керек!” деп, ач айкырык салып бийликти сындап жатышат. Эми түшүнүктүү эле да. Чет өлкөдө кармасак, булар боюнча көрсөтмө бермек эмес. Иш жылбай, бүгүнкү күнгө чейин бир орунда тура бермек. Жакын арада УКМК коттедждердин ээлерин аты-жөндөрү менен жарыялап, сотко жиберет. Чондор талап алган Максимдин мүлкү мамлекетке өтүш керек!
Ширшовдун өзүнө тиешелүү “Дастан” корпорациясын мамлекетке 100 пайыз өткөрүп алганыбыз. Бүгүнкү күндө “Дастан” корпорациясы мамлекеттин карамагында ийгиликтүү иштеп, киреше берип жатат.
Максим чыгарып кеткен акчалар кайда экенин дагы кимдер билсе, келгиле, мамлекетке жардам берсеңер камабайбыз. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланабыз жана кызматташабыз. Эң негизгиси мамлекеттик иштерге аралаштырбайбыз. Элдин мүлкүн уурдатпайбыз. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштейсиңби, жооп бересин. Ушундай принцип.
Мага биринчи кезекте мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы жогору турат, башкасы кызыктырбайт!
“Оппозиция эмне дейт, НПОчулар эмне дейт?” деп кылчактап олтурбайбыз, алдыга жыла беребиз. Бир үй-бүлөнү тыңгылыктуу бага албаган анча-мынча акылдуулар акыл үйрөтпөй эле койсо.
Ал эми “кийинчерээк Максим Бакиев да келет” деп ач айкырык салып жаткандарга көңүл бурбагыла. Максим Бакиевди “башыңан ылдый алтын куябыз” деп чакырсаңар да келбейт, ал анчалык акылсыз эмес.
Садыр Жапаров, КР Президенти.

УКМК: “Дастан” заводунун мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов коррупция боюнча кармалды

Мурдараак маалымдалгандай, УКМК “Аврора плюс” эс алуу борборунун аймагындагы мамлекеттик менчиктен кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин териштирүүдө.

Териштирилип жаткан иштин алкагында бизнес өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүү фактылары аныкталып, Ысык-Көл райондук жана областтык сотторунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын, ошондой эле Президенттин Аппаратынын, мамлекеттик Мүлк фондунун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдарын тартуу менен татаал коррупциялык схеманы түзүшкөн, натыйжада 56 кымбат баалуу батирлер жана 27 коттедждер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен.

Тергөө учурунда бул иш боюнча буга чейин кармалган адамдардан тышкары аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин менчигинен чыгаруунун негизги уюштуруучуларынын бири белгилүү Алексей Ширшов экени аныкталды.

Бул топ өздөрүнүн кылмыш аракеттерин ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана сот органдарынын жогорку кызмат адамдарынынын камкордугун алуу максатында аларга акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрдү, анын ичинде “Аврора плюс” эс алуу борборунан беришкен, бул боюнча тергөөдө тиешелүү далилдер табылган.

Бул коррупциялык схеманы түзүүнүн натыйжасында Ысык-Көл облусунун эс алуу аймагында кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин менчигинен чыгарып алуу түрүндө мамлекеттин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Иште топтолгон далилдердин негизинде 2022-жылдын 10-майында Алексей Ширшов КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (Коррупция) каралган кылмышты жасаган деген шек менен кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мыйзамда белгиленген мөөнөттө А.Ширшовго карата айып тагылып, сот тергөө мөөнөтүнө баш коргоо чарасын тандоо маселесин карайт.

Бул иш боюнча тергөө иштери уланып, анын алкагында башка айыпталуучулардын аракеттерине юридикалык баа берилип, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча комплекстүү чаралар көрүлөт.

Меню