Menu

Алекс Лесли

Орусиялык "секс-насаатчы" Алекс Леслинин Казакстанга кирүүсүнө тыюу салынды

Казакстандын полициясы Алекс Лесли деген каймана ысым менен белгилүү орусиялык “секс-насаатчы” Александр Кирилловдун өлкөгө кирүүсүнө бир жылга тыюу салды. Бул тууралуу казак жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлады.

Буга чейин Лесли Казакстандын ири шаарларында “казак кыздарын кызыктыруу, азгыруу боюнча” тренингдерди өткөрөрүн жарыялаган. Анын мындай жарыясына казакстандык активисттер кыжырдануусун билдирип, Леслинин өлкөгө келүүсүнө каршы чыгышкан.

Консервативдик көз караштагы коомдук ишмер Мухамеджан Тазабек “казак кыздарын баш аламан байланыштарга үйрөтүүнү” пландаган орусиялыкты “кандай гана жол менен болбосун өлкөгө киргизбөөгө” чакырган.

Полиция Леслинин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салуу чечими коомдук резонанстан кийин кабыл алынганын ырастады.

Лесли 2019-жылы Орусияда камакка алынгандан кийин элге таанылган. Анын өнөктөшү Настя Рыбка аларда Орусиянын АКШдагы шайлоолорго кийлигишкенин далилдеген аудио жана видеожазуулар бар экенин билдирген. Рыбканын айтымында, Кошмо Штаттардагы шайлоого кийлигишүүнү миллиардер Олег Дерипаска менен Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Сергей Приходько яхтадагы эс алуу маалында анын көзүнчө талкуулашкан.

Анда Алексей Навальныйдын командасы иликтөө жарыялап, Рыбка менен Леслини куугунтуктоону Дерипаска демилгелегенин билдирген. Көп өтпөй алар эркиндикке чыгарылган.

Меню