Menu

Алина Кабаева

"Проект": Путин Кабаевага Орусиядагы эң чоң батирди сатып берген

Орусия президенти Владимир Путин Олимпиада чемпиону Алина Кабаевага Орусиядагы эң чоң батирди сатып берген. “Проект” басылмасынын иликтөөсүндө айтылгандай, каражат Путиндин  Кипрдеги Ermira офшорунан төлөнгөн.

Кеп Сочидеги “Королевский парк” турак жай комплексинде курулган 2600 чарчы метр аянттагы пентхаус жөнүндө болуп жатат. Анда бассейн, кинотеатр, патио, атүгүл тик учак коно турган аянтча да бар. Пентхаустун дизайны Валентин Юдашкинге таандык. 2021-жылы пентхаус “Орусиядагы эң чоң батир” деп таанылган.

“Проект” аныктагандай, 2011-жылы пентхаусту Олег Руднов өзүнө каттаткан. Кыймылсыз мүлктүн акчасы президенттик “капчыктан” – Кипрдеги Ermira офшорунан келип түшкөн. Руднов пентхаусту курулушчу белгилеген баадан беш эсеге арзан, 90 миллион рублга сатып алган.

Басылманын өз булагы Рудинов бул пентхаусту Кабаева үчүн сатып алганын ырастайт. Бул арада пентхаустун жанындагы эки батир Кабаеванын чоң энеси Анна Зацепилинга катталган.

“Проект” долбоорунун кабарчысы сатып алуучу катары бул үйдөн батирлерди саткан эки риелтор менен жолуккан. Алар пентхаус Кабаеванын жеке менчигинде экенин угушканын айтышкан.

Иликтөөчүлөрдүн эсеби боюнча Алина Кабаеванын бардык кыймылсыз мүлктөрүнүн наркы 120 миллион долларга жакындады.

Путиндин балдарынын энеси Алина Кабаеванын Швейцариядагы үйү $75,5 миллионго сатыкка коюлган

Болжол менен олимпиада чемпиону Алина Кабаева пайдаланып жүргөн делген Швейцариядагы үй 75 миллион швейцариялык франкка (75,5 миллион доллар) сатыкка коюлган. Бул тууралуу “Досье” иликтөө борбору жазды.

Кабаева – “Улуттук медиа топтордун” топ-менеджери. Иликтөөлөрдүн көбүндө ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин балдарынын энеси экени айтылып келет. Орусия лидери менен жакын мамиледе болгону үчүн ага эл аралык санкциялар салынган.

“Досьенин” кабарчысы өзүн Женева көлүнүн жээгинен турак жай издеп жүргөн банкирдин жардамчысы катары тааныштырып, аталган үйдү сатуу менен алектенип жаткан риелторго телефон чалган. Риелтор үйдүн Кабаевага байланышы бар-жоктугу тууралуу суроого чейин кабарчыга кыймылсыз мүлк тууралуу көп маалымат берген. Ал журналисттин суроосуна жооп бербестен сөзүн улантып, көп өтпөй үй сатыктан алынганын билдирген. Журналисттин расмий катынан кийин үй сатылары тууралуу жарыя өчүрүлгөн.

Сатыкка коюлган үй Швейцариянын жана дүйнөнүн эң бай муниципалитети деп эсептелген Колоньи аймагында жайгашкан. Буга чейин The Wall Street Journal гезити Кабаеванын Швейцариядагы жашоосу тууралуу макаласында ал Луганодогу резиденцияда жана Колоньидеги тик учак коно турган аянтчасы бар виллада жашаганын жазган. “Досьенин” журналисти аталган муниципалитеттеги бир гана үйдө ошондой аянтча бар экенин аныктаган.

Үй Rampe de Cologny көчөсүндө, мурда Владимир Путиндин досу Геннадий Тимченкого таандык болгон вилланын жанында жайгашкан. Бул жер – “Вилла Hauterive” деп аталган аянттын бир бөлүгү. Кезинде анын жарымы Швейцариянын президенти Гюстав Адорго таандык болсо, акыркы жылдары ага Сауд Арабиянын жарандары ээлик кылып келишкен. Кабаева жашаганы айтылган экинчи бөлүгү документтер боюнча финансист Пьер Ален Фольеге жана анын жубайы Ван Линге таандык.

Канада Владимир Путиндин көңүлдөшү экени айтылып жүргөн Алина Кабаевага жана 22 орусиялыкка санкция салды

Канада Орусиянын 22 жаранына жана төрт компаниясына каршы жаңы санкцияларды киргизди.

Жаңыланган санкциялык тизмеде орус президенти Владимир Путин менен жакын мамиледе экени айтылып жүргөн Олимпиада чемпиону Алина Кабаева, “Альфа-групп” компаниясына ээлик кылган миллиардер Михаил Фридмандын эки кызы, “Новикомбанктын” башкармалыгынын төрайымы Елена Георгиева, Урал тоо-металлургиялык компаниясынын башкы директору Андрей Козицын, Орусиянын түз инвестициялар фондунун башкы директорунун биринчи орун басары Анатолий Браверман, “Сбербанктын” башкармалыгынын мурдагы төрага орун басары Сергей Мальцев, “ВТБ банктын” төрагасынын орун басары жана башка жарандар бар.

Мындан тышкары санкциялык тизмеге “Орусиянын түз инвестициялар фондунун башкаруу компаниясы”, “РВУнын башкаруу компаниясы”, “Россельхозбанк” жана “Инвестторгбанк” киргизилген.

20-майда Канада Орусиянын 14 жаранына санкция салган. Алардын арасында да “орусиялык олигархтар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана Путинге жакын адамдар” болгон.

Андан мурдараак Алина Кабаевага каршы Улуу Британия да санкция киргизген.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары бийликтеги өз булактарына таянуу менен Алина Кабаеваны Путиндин жубайы жана эки баласынын атасы деп жазып келишет. Швейцариялык SonntagsZeitung гезити Кабаева 2015-жылы жана 2019-жылы эки балалуу болгонун маалымдаган. Кремл бул маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

Меню