Menu

Алиярбек Абжалиев

Президенттин кудасы, депутат Акылбек Түмөнбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, экс-депутат Алиярбек Абжалиевди кескин сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы, азыркы президент Садыр Жапаровдун кудасы Акылбек Түмөнбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, экс-депутат Алярбек Абжалиевдин жүрүш-турушун кескин сынга алып,  Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоору даярдала турганын билдирди.

Ал 27-июнда “Азаттыкка” курган маегинде мурдагы президентке мамлекеттин эсебинен коротулуп жаткан каражат эсептелип жатканын айтты.

“Анын өзүнө гана эмес, үй-бүлөсүнө, жакындарына да мамлекеттик жеңилдик берилген. Мен бул маселени парламентте көтөрүп, мыйзам алып чыгып, президент Садыр Нургожоевичке да кайрылып, бул кишинин экс-президент деген макамын алдырганга аракет кылам”, – деди Түмөнбаев.

Кыргызстанда экс-президенттерге мамлекеттен берилген жеңилдиктерди азайтуу боюнча мыйзам долбоору былтыр даярдалып, парламентте биринчи окуудан өткөн. Депутат Жеңишбек Токторбаев сунуштаган долбоорго ылайык, экс-президенттерге турак жай, автоунаа берүү, коопсуздугун камсыздоо жана бир катар шарттарды алып салуу каралган. Бирок муну демилгелеген депутат быйыл жыл башында “мыйзам кайра даярдалат” деген негизде аны чакыртып алган.

Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери өлкөнү беш президент башкарды. “Экс-президент” деген расмий макам алардын экөөндө гана – Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган.

 

УКМК: Экс-депутат Алиярбек Абжалиев алдамчылык менен жеке ишкерден алган 1 млн 200 миң долларын ашыгы менен кайтарып бергенден кийин камактан бошотулду

Мурдагы депутат Алиярбек Абжалиевге УКМК тарабынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Абжалиев Жогорку Кеңешинин депутаты болуп турганда жакын туугандары менен сүйлөшүп алып, алдамчылык жолу менен жеке ишкерге 1,2 миллион доллардан ашык зыян келтиргени аныкталган.

Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде экс-депутат камакка алынып, ага тиешелүү айып тагылып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Тергөөнүн жүрүшүндө иш боюнча чындыкты тактоо жана адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө айыпталуучу жабырлануучуга келтирилген 1,2 миллион долларынан ашык зыяндын ордун толугу менен толтурган. Буга байланыштуу 11-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту айыпталуучуга карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, ал камактан бошотулду.

УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевди 2 млн долларга алдамчылык фактысы боюнча кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдериндеги системалуу коррупцияны жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү, алардын негиздерин жоюу, аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча, ошондой эле өлкөдө инвестициялык климатты камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жасалган ири алдамчылык фактылары боюнча маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, ошол кезде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон КР “А.А.” аттуу жаранынын алдамчылык аракеттеринен улам 2 млн АКШ доллар өлчөмүндө зыян тартканы тууралуу УКМКга ишкер арыз менен кайрылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон.

Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде “А.А.” аталган кылмышка шектүү катары кармалып, ага ылайык айып тагылып, 2022-жылдын 10-февралында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Меню