Menu

Алмаз Бейшеналиев

Садыр Жапаров: "Төрт министрди мен өзүм алмаштырдым. Өзүңөр дайыма айтып жүрөсүңөр го, айлана- тегерегиңди тазала деп. Ишти тарта албай жаткан министрлерди алмаштырам"

Президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде акыркы мезгилдеги кадрдык алмашуулар тууралу да суроолорго жооп берди.

— Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүңүз, бир эмес, төрт министр өз каалоосу менен кызматын тапшырып кетти. Айрымдар муну чөгүп бараткан кемеден качуу катары баалашууда. Бул кадрдык жүрүштөр эмнени түшүндүрөт?

 Төрт министрди мен өзүм алмаштырдым. Өзүңөр дайыма айтып жүрөсүңөр го, айлана- тегерегиңди тазала деп. Ишти тарта албай жаткан министрлерди алмаштырам. Пара алгандарды, мамлекеттин акчасын уурдагандарды каматам. Кыскасы эч кимди аямай жок. Министр болуп келдиңби, мамлекет үчүн, эл үчүн иште! Уурдаба! Напсиңди тыя албайсыңбы, министр болбой эле кой!

Ал эми Алтынбек Сулайманов реформага шылтабай жөн эле кетип калса болмок. Бир дагы жолу мамлекеттик кызматта иштебеген киши дароо бир облустун башчысы болуп барып калып кыйналды окшойт. Жергиликтүү бийликти реформа кылыш үчүн долбоорлор даярдалыш керек да. Жөн эле ой келди жасап салгыдай мамлекет мал сарай эмес да. Долбоорлор даярдалып жатат. Айтып коюш оңой. Практика жүзүндө ишке ашырыш кыйын.

Айрым саясатчылар бар. Акыл үйрөтсө тим эле укмуш. Сүйлөсө асмандан сүйлөшөт. Бирок ишке келгенде ноль болушат. Мисалы былтыр Өмүрбек Суваналиевди Баткенге жибердим. “Сиз генералсыз, тажрыйбаңыз бар. Тажиктер менен жакшы мамиле түзүп, чек арада атышуулар болбогудай аракеттерди жасаңыз” деп. Анан эле 29-апрелде тажик тарап биринчи агрессия кылганда тажиктерге барып сүйлөшкөндү биякка коелу, облустук администрациянын алдына чогулган элге чыкпай кабинетинде жашынып олтуруп албадыбы. Анан дароо алмаштырдым.

Кыскасы, иштей албай жаткан кадрлар мага дапдаана көрүнүп турат. Иштей албагандарын көпкө күтпөй алмаштырып атам. Мындан трагедия кылыштын кереги жок. Өкмөттүк иш ушундай болот. Түбөлүк эч ким министр болбойт. Кан алмашуу сыяктуу тез-тез алмашып турат дегендей.

Булак: Kabar.kg

Алмаз Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.

Эрбол Султанбаев: президент министр Алмаз Бейшеналиев кармалганынан кабардар

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кармалган жагдай тууралуу кабардар.

Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда бул ишти ар тараптуу иликтөө камсыз кылынарын белгиледи.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 28-сентябрда кечинде Бейшеналиев пара алуу фактысына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Анда “чет өлкөлүк студенттерди атамекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенип жатканы”,- жазылган.

ИИМ иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу толук маалымат кийинчерек берилерин белгиленген.

Бейшеналиев жана анын жакындары, жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

Бейшеналиев бул кызматка ушул жылдын февраль айында кайрадан дайындалган. Ага чейин, 2021-жылдын июнь айынан тартып Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп иштеген.

Ал 2017-2018-жылдары өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган. 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри кызматын аркалаган.

Бейшеналиев экинчи ирээт министр болуп турганда билим берүү тармагында реформа жүргүзүүнү убада кылган. Жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директорун алмаштыруу, жогорку окуу жайларды бириктирүү сыяктуу процесттер башталган.

Билим берүү жана илим министрлиги жана Бейшеналиев тараптан комментарий боло элек.

ИИМ: Билим берүү жана илим министри 110.000$ АКШ доллары пара алуу фактысы боюнча кармалды - видео

КР Билим берүү жана илим министри А. Б. пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110000$ АКШ доллары) пара алуу фактысы иликтенүүдө. Кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык толук маалыматтар берилет.

Алмаз Бейшеналиев, министр: Биз планетанын нугуна тоскоолдук жаратып, анын ден соолугуна зыян келтирсек, ал кайтып биздин ден соолугубузга сокку урат

“Биз планетанын нугуна тоскоолдук жаратып, анын ден соолугуна зыян келтирген болсок, ал кайтып биздин ден соолугубузга сокку урат”.

Мындай пикири менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Нью-Йорктогу БУУнун билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитинде кошумча талкуу уюштуруп, коомчулукка кайрылуу жасады. 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги алгачкы жолу БУУнун деңгээлинде “Дени сак планета, дени сак мектептер, дени сак муун: Планетардык ден соолук түшүнүгүнүн негизинде билим берүүнү трансформациялоо” темасында атайын кошумча иш-чара өткөрдү. Анда Гарвард, Колумбия жана Стэнфорд университеттеринин профессорлору баяндама жасады.

БУУнун деңгээлиндеги иш-чараны уюштурууда Өзбекстан Республикасынын Билим берүү жана илим министри Агриппина Шин алгачкылардан болуп колдоого алды.

Алмазбек Бейшеналиев атайын иш-чарада планетанын ден соолугун билим берүү системасына интеграциялоо боюнча жеке демилгесин көтөрүп, аны дүйнөлүк күн тартипке киргизүү үчүн иш-аракеттерди жасоону улантарын билдирди.

Ошондой эле министр бул тема Кыргызстанга демилге жана имидж (бедел) алып келерин кошумчалады.

Дүйнө боюнча билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышкан саммиттин талкуусу учурунда Алмазбек Бейшеналиев планетанын ден соолугу менен адам ден соолугунун ортосундагы байланыш жана ал байланыштын маанилүүлүгү тууралуу кеп кылды. 

Министр акыркы учурдагы кырсык, оорулардын баары адамдардагы планетанын ден соолугу тууралуу маалымат-билимдин жоктугунан, илимий чөйрө, саясий коом жана жөнөкөй жарандар арасында бул жааттагы биргелешкен иш-аракеттердин болбогондугунан келип чыкканын белгиледи.

“Өтө тездик менен өнүгүп жаткан дүйнө айлана-чөйрөгө канчалык деңгээлде зыянын тийгизип жатканы тууралуу ойлонбой калды. Биз биргеликте илимий, саясий жана жарандык коомдун адамдарын чогултуп, өсүп келе жаткан муунга планетанын ден соолугунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берүүбүз керек. Ал эми муну ишке ашыруу үчүн бизде бир гана күчтүү курал бар. Ал – билим берүү”, – деди министр. 

Бейшеналиев “Covid-19” пандемиясынын да келип чыгуусу адамдар тарабынан табиятка аёосуз жасалган мамиленин натыйжасы катары аныкталганын баса белгиледи. 

Билим берүү жана илим министри акыркы убактарда окумуштуулардын изилдөөсү боюнча суудан, абадан, топурактан, жада калса балыктан чыккан желимдин адам канынан да табылып жатканын айтып тынчсыздануусун билдирди.

“Кыргыз элинде табият эненин көөдөнү, эненин курсагы менен салыштырылат. Эгерде энеси дени сак болбосо, бала кантип дени сак төрөлөт? Табияттын өзгөрүүсү эң алгач жарандардын ден соолугуна таасир этет. Айлана-чөйрөнүн кыйроосун токтотуу боюнча аракеттер өнүккөн өлкөлөр тарабынан эффективдүүрөөк колдоого алынат. Анткени алар бул жаатта тажрыйбага алгачкылардан болуп ээ болушат. Биз бул коркунучтарды азыр чечим кабыл алуу менен алдын алып, келечекте болтурбоого кепил боло алабыз жана биз муну планетанын ден соолугу тууралуу билим аркылуу жасай алабыз. Ушул себептен улам, биз Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Планетардык ден соолук альянсы катары, планетанын ден соолугу тууралуу билим берүү жаатында министрликтин демилгесин пландаштырып жатабыз. Айткыбыз келгени: Эгерде биз дени сак келечекти, дени сак келечек муундарды жана дени сак адамзатын максат кылып жатсак, анда дени сак планетаны артыкчылык катары коюшубуз керек. Бул максатка бир гана билим берүү аркылуу жете алабыз”, – деген пикирин билдирди Бейшеналиев.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен КРдин Билим берүү жана илим министрлиги менен планетардык ден-соолук боюнча Альянстын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Меню