Menu

Алманбет Салиев

УКМК: Президенттин Аппаратынын жетекчисинин мурунку орун басары Алманбет Салиевдин иши боюнча тергөө аякталууда

Мурда маалымдалгандай, КР УКМК Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башчысынын мурдагы орун басары А.Салиевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүү иштери улантууда.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, А.Салиев өлкөнүн мамлекеттик органдарында ар кандай кызматтарды ээлеп, анын ичинде Республиканын Президентинин Администрациясынын башчысынын орун басары болуп турган кезде, ар кандай кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны туугандарынын атына жана жакын адамдарына каттаган. Мүлктөрү 70 миллион сомдон ашык бааны түзөт, бул анын расмий кирешесинен кыйла жогору.

Мындан тышкары, тергөө учурунда А.Салиевдин өлкөнүн Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп турган кезде коррупциялык көрүнүштөргө тиешеси бар экендиги жана пайда көрүү үчүн  укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө кийлигишкени тууралуу  маалыматтарды текшерүүгө багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө акыркы стадияда турат жана жакынкы аралыкта аяктап, материалдар негизи боюнча кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт.

Меню