Menu

Алтынбек Айдаров

Бишкектин Октябрь райондук прокурорунун орун басары Алтынбек Айдаров пара алып жаткан жеринен кармалды

Кечээ, 17-ноябрда КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары “А.А.Э.” кармалды.

“А.А.Э.” кылмыш жоопкерчилигине тартамын деп коркутуу жолу менен, укук коргоо кызматкерлеринен 5000 АКШ доллар акча каражатын талап кылган. Кармоо учурундагы жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында прокуратуранын кызматкери тарабынан аталган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алгандыгы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер табылып алынды.

“А.А.Э.” КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню