Menu

Алтынбек Эргешов

Алтынбек Эргешов, Нарын облусунун башчысы: Жетим-Тоо темир кенин иштетүү боюнча эч кандай сөз жок

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешoв Жетим-Тоо кенин иштетүү боюнча эч кандай сөз жок экенин айтты.

Президенттин облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Эргешев бул тууралуу 21-июлда Ат-Башы районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирген.

“Жетим-Тоо – бул элдин байлыгы. Кенди иштетүү боюнча эч кандай сөз жок”, – деди Эргешов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-апрелде ЖМКларга курган маегинде Кумтөрдөн түшкөн кирише башка кендерди иштетүүгө жумшаларын, арасында Нарындагы Жетим-Тоо темир кени да бар экенин билдирген.

Жергиликтүү айрым тургундар аталган кенди иштетүүгө каршы чыгып келишет.

Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министр болуп турганда Жетим-Тоодо 50 миллиард тоннадай темир кени бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген.

Алтынбек Эргешов Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Эргешов Алтынбек Калдарович Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

2022-жыл 4-июль

Алтынбек Эргешов КР Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Эргешов Алтынбек Калдарович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында кадрдык дайындоолор болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктерин дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

Жарлыктарга ылайык:

— Эргешов Алтынбек Калдарович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

— Укушов Мурат Каниметович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;

— Кожоналиев Кубатбек Азатович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;

— Исанов Алмаз Насирдинович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.

Меню