Menu

Анора Саркорова

Душанбеде журналист Анора Саркорованын жакындары суракка алынды

Тажикстан ИИМинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери 27-июнда  соцтармактарда Тоолуу Бадахшандагы окуяларды активдүү чагылдырган журналист Анора Саркорованын агасы жана апасын кармашты.

Бул тууралуу ал “Озоди” радиосуна кабарлады. Айтымында, сурактан кийин апасы менен агасы бошотулган.

Анора Саркорова бийлик мындай жол менен ага кысым көрсөтүп, мыйзам бузуулар менен адам укуктарынын тебелениши жөнүндө жазууга тыюу салууда.

“Бул тажикче адилеттүүлүк. Тажикстанда атасы уулу, апасы кызы, агасы карындашы үчүн жооп берет”, -деп жазды журналист.

Тажикстан ИИМи журналисттин билдирүүсү боюнча үн ката элек.

Анора Саркорова Европа өлкөлөрүнүн биринде жашайт. Бадахшандык журналист май айында Хорог жана Рушанда болгон окуяларды соцтармактарда жана чет өлкөлүк ЖМКларда активдүү чагылдырган.

Анора Саркорова 2018-жылга чейин Би-Би-Синин Тажикстандагы кызматында иштеген. Кийинчерээк ага аккредитация берилген эмес.

Меню