Menu

Арзыбек Кожошев

УКМК: Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 1-орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси Кытайга эшектерди чыгарып берүү үчүн $70.000. пара алып, кармалды

КР МУКК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.О.Кожошевдин кеңешчиси кармалды.

КР УКМК тарабынан КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экс-жетекчиси Ы.Т.К. пара алуусу боюнча кылмышка шектелүүдө.

Буга чейин, 2016-жылы Башкармалыктын мурдагы жетекчиси Ы.Т.К. чет элдик ишкер С.С.дан эшектерди Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республиксына алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берерин убада кылып, 70 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган. Ошол эле учурда С.С. аттуу ишкерге уруксат документтерин көрсөтүшкөн эмес жана акчасын кайта кайтарып берген эмес.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча кылмыштардын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. 

2022-жылдын 14-майында КР УКМК тарабынан каражаттардын бир бөлүгүн С.С. аттуу ишкерге кайтарып берүү учурунда пара менен Ы.Т.К. кармалган. 

Маалым болгондой, кармалган Ы.Т.К. азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.О. Кожошевдин кеңешчиси экендиги аныкталды.

Учурда КР МУКК тарабынан бул кылмышты жасоого катыштыгы бар адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Арзыбек Кожошев: Бишкек шаарындагы жол катмарын калыбына келтирүү боюнча долбоорго жараша 23 көчөдөгү жол инфраструктурасы жакшыртылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү» долбоорун кабыл алуу-өткөрүү Актысына кол коюу салтанатына катышты.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, аталган долбоор алкагында жалпысынан узундугу 40 км жакын жолдун асфальт бетон катмары калыбына келтирилген, 23 көчө оңдолуп, борбордун транспорттук инфраструктурасы жана жол кыймылы, андагы өткөрүү мүмкүнчүлүгү жакшыртылган.

«Аталган долбоорлор «Бир тилке бир жол» белгилүү демилгелер алкагындагы Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы достукту жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын элчиси белгилегендей, мындай долбоорлор эки өлкө ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлинин ачык далили болуп саналат.

Андан соң «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү» долбоорун кабыл алуу-өткөрүү Актысына кол коюу салтанаты өттү.

Жыйынтыгында Арзыбек Кожошев кытай тараптан көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыразычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ар дайым колдоого даяр экендигин белгиледи.

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Меню