Menu

Асейин Саралаев

Асейин Саралаев, Кочкордун тургуну: "Атамбаевдин "Апрель" телеканалынын Канат Каниметов деген журналист сөрөйү өзү сот, өзү бакшы болуп бир жактуу каралаган материалдарды чампалап чыгарып келет"

«КУЛ КАЗЫ БОЛСО КҮЛГӨ УБАЛ» болдубу же Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча Жаныш Бакиевге жасалган каралоого качан чекит коюлат?
Өлкөбүздө чоң саясий окуя болуп, элибиз жакшынакай үмүт менен өлкөнүн Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлашып жакшы жыйынтык күтүп жатышкан кезде, баягы эле Атамбаевдин Бакиевдерди каралоо үчүн гана түзүлгөндөй «Апрель» деген телеканалы 12 жыл мурда жол кырсыгынан каза болгон Медет Садыркуловдун арбагын козгошуп, калың элге генерал Жаныш Бакиев агабызды кайрадан бети жоктук менен каралаган жаңылыгын сенсация катары шардана кылды. Албетте алардын арам оюу боюнча, шайлоонун жыйынтыгын күтүп атышкан көп эл алардын салт болуп калган каралоосун көбүрөөк көрүшөт болчу. Өздөрүнүн жулмаланып, жарым атын тарттырып жиберишип «Социал-Демократтар» деген өлөсөлүү аты менен калган партиясы жеңилээрин билишип, өздөрүнүн жоготкон саясий упайларын жана элден кеткен ишеничин БАКИЕВДЕРДИ жамандасак эле кайтарып алабыз дегендей ыкмасын кайрадан бир колдонушуптур. Эххх, байкуштар дедим!!! «Жыгылган күрөшкө тойбойт» деген макал силер үчүн арналып айтылган экен деп да күлдүм…
Апрель телеканалы эмнеден чоочуп, кыштын чилдесинде ийининен тура качкан суурдай болушуп аңкыштап атышат десе, көрсө Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү катары издөөдө жүргөн Санжар Сапарбеков деген жаран Кыргызстанга келип кармалган экен. Мындай жаңылыктарга атамбаевчилер уча тарткандай кубанышат эмеспи, айтор
Канат Каниметов деген журналист сөрөйү өзү сот, өзү бакшы, өзү ошол жерде Садыркуловду өлтүрүшүп жүргөн күбө сыяктуу бир жактуу каралаган материалды чампалап даярдап, генерал Жаныш БАКИЕВДИ болушунча шыбап, акырында «Эмки кезек Бакиевдердеби, бийлик Жаныш Бакиевди актаган жатабы?» деген калчылдап корккон жылымчы суроолор менен жаңылыгын жыйынттыктаган экен…
Албетте биздин эл аябай ишенчээк жана жакшы нерсеге караганда жаманды кулактарыбыз делдейгенче угуп, жөн укпай азоо аттай ала качырып кетет эмеспизби? Мен бул жаңылыкты 11 жылдан бери учугу үзүлбөгөн Бакиевдерге каршы каралоонун бири катары кабыл алдым. Эмнеге? Бул жерде катылып төөнүн тиштериндей орсойуп турган 6 учурду байкадым…
1- Жаңылыктын башкы каарманы болгон Санжар Сапарбеков Максим Бакиевдин жакыны болобу же башка болобу айырмасы жок, ал сот жообуна тартылып, күнөөсү далилденбегенден кийин аны «киши өлтүргүч, киллер» деп айтууга эч кимдин укугу жок болчу! Бирок Канат өзү кылмышка аралашып жүргөндөй, өзү сот болуп өкүм чыгаргандай Санжарды бир нече ирет уялбай туруп «киши өлтүргүч, кылмышкер, киллер» деп жарыя кылды. Анда ар кимибиз өзүбүзгө жакпаган четте жүргөн адамды «бул кылмышкер, бул киши өлтүргүч» деп жалаа жаба берсек боло береби? Мындай абийирсиздикке эч бир мыйзам жол бербейт! Менимче Санжар Сапарбековдун жакындары «Апрель» телеканалын доого жыгып сотко беришет деп ойлойм. Жеке менин оюмда Санжар деген жигит Атамбаев-Турганбаевдик репрессиядан жашырынып жүрүп, өзүнүн ак экенин далилдеп, чындыкка жетүү үчүн келгендей ой калтырды… Санжар өз акыйкатына жетет деп ишенем.
2- Журналист өзүнүн Жаныш Бакиевди башкы уюштуруучу катары сүрөттөп каралаган ушактарынын маалымат булагы катары «Вечерний Бишкек» гезитинин (2011-2013-жылдары чыккан сандары болсо керек) улам-улам белгилептир. 2010-жылдагы кандуу төңкөрүштөн кийин ал гезиттин чылбыры кимге өткөнүн жакшы билебиз. Албетте Атамбаевдин бийлигине кызмат кылган гезит алар каалагандай материалдарды 6 жыл бою байма-бай чагылдырып келгени жаңылык деле эмес. Бирок журналист калыстык иретинде ошол эле гезиттин жана башка оппозициялык маанайдагы басылмалардын 2009-жылдагы сандарына көз жүгүртсө Медет Садыркуловдун жөн гана шоопурдун калпыстыгы менен болгон жол кырсыгынан каза болгонун так жана бардык тиешелүү кызматтардан алынган факты-маалыматтары менен жазылганын көрмөк. Бул гана эмес Атамбаевдин маалымат каражаттары өздөрүнө пайдасы тийген жана керектүү болгон окуялар, маалыматтар жана адамдар жөнүндө бир да жолу унчукпай келишет. Андай учурда партиясы баш болуп, ушакчы журналисттери төш болуп ооздоруна бок толтуруп алышкансып унчукпай калышат. А эмне үчүн үч кишини өлтүрдү деген, атактуу полковник Чыныбек Алиевди атып өмүр бою кесилген Эркин Мамбеталиевди Атамбаев эркиндикке чыгарганын, транс улуттук саясий мафия уюштурушуп Атамбаев өзү жетектеп чуулгандуу «кылмыш аталыгы» Азиз Батукаевди бошотушканын такыр айтышпайт? Эмне үчүн? Көрдүңүздөрбү Атамбаевдин бийлиги Садыркуловдун өлүмүн Бакиевдерди каралоо максатында гана колдонушканын айдан ачык көрүнүп турат.
3- Казак элинде: «Кул казы болсо күлгө убал, уй казы болсо гүлгө убал, тул казы болсо күнгө убал» деген жакшы макал бар. Мен мурда бул макалга анчейин маани бербесем дагы Атамбаевдин бийлиги учурундагы кыйноо жолу менен алынган көрсөтмөлөр жана ойго келгис экспертизанын жыйынтыктарынан улам макалдын маанисине түшүндүм. Чын эле адамдын өрттөнүп күлү гана калган денесинен аны «кыйналып, сабалып, кордолуп, муунтулуп өлтүрүлгөн» деп төбө чачты тик тургузган криминалдык-экпертизалык чечимди ким чыгара алат эле? Андай күл менен арам иштерди жасоо кулдардын гана колунан келет эле… Мага азыркы күнгө чейин кантип күлдөн өлүмдүн келүү себептерин билип чыгышканы табышмак? Бул жерде дагы бир ШЕКТЕНҮҮ бар. Эгер чын эле Медет Садыркулов өлтүрүлгөн болсо, анда Бакиевдер эмес, Бакиевди элге жек көргөзөм дегендер өлтүргөн эмеспи? Садыркуловдун өлүмү 7-апрелдеги кан төгүүлөрдү жана Ош коогалаңын уюштурган чыныгы канкор топтун репетициясы болгондур балким?
4- Биз ошол 2005-2009-жылдары оппозициялык маанайдагы активдүү жаштардын катарында элек. Калп эле демократия, бактылуу жашоо, адилеттик деп кыйкырган саясатчыларды байма-бай көрүп турчубуз. Бир топ семинар, конференция, жыйын, съезддерге катышканбыз. Башкасын айтпай эле коёюн ошол кезде Медет Садыркуловду эң жек көргөн адам Алмазбек Атамбаев болчу. Ар бир жыйында дээрлик бардык саясатчылар Садыркуловду бүт өлкөнү кыйраткыч, бүт саясий оюндардын булагы, адилетсиздиктин символу катары сүрөттөшчү. Баарына Садыркулов күнөөлүү дешчү… Анан эле Садыркулов өлгөндөн кийин ал киши аппак, акыйкаттын символу, өлкөнүн Президенти болчу инсан сыяктуу сүрөттөлө баштады. Демек өздөрүнө керек эмес учурда ШАЙТАН, ал эми өздөрүнө керек учурда ПЕРИШТЕ дегендерге кантип ишенсе болот? Качанкыга чейин айткан сөздөрүнүн антонимин айтышып Садыркуловдун өлүмүн Бакиевдерге шыбай беришет?
5- Ошол 2009-жылдары Курманбек Бакиев Борбордук Азиядагы эң күчтүү Президент болчу. Бакиев менен Назарбаев, Рахмонов, Каримов гана эмес Путин дагы эсептешип, АКШ жана Кытай бийлиги менен тең ата мамиледе болчу. Эми ошондой күчтүү ПРЕЗИДЕНТ кантип эле оппозицияга кеткен Садыркуловдон коркуп калсын? Бакиевдерге Садыркуловдун бийликчилби же оппозиционерби маанилүү эмес болчу. Ал жөн гана катардагы киши эле. Эми өмүр бою ИИМдин, УКМКнын жетекчи кызматтарында иштеген генерал-лейтенант, чыгаан чекист Жаныш Бакиев кичинекей бала дагы ишенбей турган маңыроо киши өлтүрүүнү уюштурмак эле? Деги эле Бакиевдердин адамдык сапатында дагы, үй-бүлөлүк тарбиясында дагы, диний ишенимге бек жан дүйнөсүндө дагы АДАМ ӨЛТҮРҮҮ деген ойдун карааны да жашайбай турганын аларды жакын тааныгандар адамдар 11 жылдан бери айта беришип тилдери тешилгендей. Калпка качан чекит коюлат?
6- Кыргызстанда кылмыш хроникасын эң мыкты жана эркин чагылдырган «Дело №» деген гезит бар болчу. Мына ошол гезитте Атамбаевдин бийликке келиши менен мамлеттик канкор машина мурда болуп көрбөгөндөй иштеп: Бакиевдерди негизсиз каралоо, өч алуу жана көптөгөн кылмыштарды алардын атына жүзүкаралык менен чаптоо сыяктуу ири кампания жүргөнүн байма-бай жазышкан. Алардын бири катары Медет Садыркуловдун өлүмүн генерал Жаныш Бакиевге шылтоо максатында Атамбаев-Турганбаевдик сценарий түзүлүп чыгып, аны аткаруу Мелис Турганбаевге жүктөлгөнүн айтышкан болчу. Анан 2011-жылы СГО жана ИИМде иштеген, генерал Жаныш Бакиевдин жакын адамдары деген «клеймо» коюлган жазыксыз жигиттерди четинен кармашып 1937-жылдагыдай зомбулук жана зөөкүрдүк менен бир жыл кармашып, ойго келгис кыйноолор жана басым жасоо менен өздөрү каалаган көрсөтмөлөрдү алышкан. Алардын сценарийи: «Садыркуловду өлтүрүүгө отуздан ашык адам тартылган. Ал чек арадан өткөндө эле кармап алышкан болот. Анан дачага зордоп алып барып, Жаныш Бакиев өзү сабап, кыйнап, акырында «өчүргүлө» деп буйрук берип бирден муунтуп өлтүртөт. Акырында машинесин кулатып өрттөп салышат»,- деген күлкүлүү жомок болгон. Эң кызыгы ушунун баары күлдү текшергенде аныкталган… Мына ушул сценарийлерин ишке ашыруу үчүн: Эргешбек Маткаимовду, Марат Турдукулов, Бакыт Байжанов сыяктуу жигиттерди жана башка шектүүлөрдү акылга сыйгыс кыйноо жолу менен жасабаган кылмышты моюндарына алдырышканын сотто чыркырап айткандарына карабастан Атамбаевдик сот аларды күнөөлүү деп таап баарын темир тор артына жөнөткөн. Ал эми Жаныш Бакиевди үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен «сыртынан» ажыратышкан. Соттун бир жактуу болгонун, одоно мыйзамдар бузулганын, Бакиевдердин адамдык укуктары шылдыңдоо менен тепселгенин жана бийликтин өздөрү каалагандай өкүмгө жеткенин чындык өзү калыстык кылып айтып жаткандай… Чындык акыры жеңиши керек!
Акырында эмнени айтып, азыркы бийликтен эмнени сурангым келет?
1937-жылы 30- июлда СССРдин НКВДсынын комиссары Николай Ежов тарабынан №00447- жашыруун буйругу чыккан. Ага ылайык бүткүл союздун аймагында «Өзгөчө кырдаалдагы Үчтүк» түзүлүп коркунучтуу репрессиялар башталган. Жергиликтүү НКВДнын начальниги, прокурор жана обкомдун секретарынан түзүлгөн «үчтүктөргө» 200000 кишини камап, 70000 адамды атуу тапшырмасы берилген. Тарыхта «кандуу террор, чоң террор» деген бул кампаниянын жүрүшүндө камалгандарды эки категорияга бөлүп туруп, көпчүлүгүн алардын сөзүн укпастан, бир тараптуу тергөөнүн негизинде, көпчүлүгүн сыртынан өлүм жазасына кесишип аттыра берген. Мына Атамбаев дагы Ежов сыяктуу террор уюштургандай сезиле берет. Бирок анын эки категориясы тең Бакиевдерден жана алардын туугандары, жакындарынан өч алуу, каралоо, эркиндигинен ажыратуу жана мүлктөрүн тартып алуу болгон сыяктуу. Ал эми Садыркуловдун ишиндеги «Үчтүк» болсо: Атамбаев, Турганбаев жана соттон куралып, үчөөнүн бир гана максаты болгонун, ал болсо Президент Курманбек Бакиевди, генерал Жаныш Бакиевди жана Максим Бакиевди күнөөкөр катары каралоо жана кылмыш жоопкерчилине тартып, урук-туугандарын куугунттуктоо менен бирге тарых беттерине «Канкорлор» катары киргизүү болгондой…
Мына эми «Апрель» телеканалы айгайлап жаткандай МЕДЕТ САДЫРКУЛОВДУН ИШИ кайрадан ачыла турган кезең келгендей. Шектүү делген Санжар Сапарбеков дагы кармалыптыр. Эми Медет Садыркуловдун иши кайрадан ачылып анын өлүмүнүн себебинин чындыгы ордуна келе турган учурга жеткендей.
Качанкыга чейин генерал ЖАНЫШ БАКИЕВДИ Медет Садыркуловдун өлүмүнө күнөөлөй бересиңер?
Мына тарыхта «кандуу террор» уюштурган Ежов өзү атылып кетсе, Атамбаев камакта отурат.
Кайрадан МЕДЕТ САДЫРКУЛОВДУН иши ачылып, кайрадан адилеттүү тергөө жүрсө сот дагы баардык чындыкка чекит коёт болчу… Анткени Атамбаев сыяктуу кысып, басым көрсөтө турган бир дагы саясий фигура жок!
Мен Жаныш Бакиевдин күнөөлүү экенине, киши өлтүрүүнү уюштурганына ошол өкүм чыккан 2013-жылдардан бери ишенбейм! Генерал өзү дагы бир нече маектеринде күнөөсү жок экенин жана адилеттүү бийлик келсе сот аркылуу өз акыйкатына жетүүгө даяр экенин билдирип келет. Чындыгында Бакиевдер эч качан соттошуудан, акыйкатка жетүүдөн качпай турганын 11 жылдан бери айтып келе жатышат. Бирок негедир Бакиевди элге «Канкор» катары каралап таанытканга аракет кылган Атамбаевдер апрель окуясы боюнча да бир да жолу эл аралык Лондон сотуна беришкен эмес экен. Эмнеге? Анткени өздөрүнүн кылмышы ачылып калат деп коркушкандай…. Бир-эки жолу «Акча уурдап кетти» деп сотко бергенде өздөрүнүн калпы чыгып утулушканын билебиз… «Ак ийилет, бирок сынбайт»! Мен Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча иштин кайрадан ачылышын талап кылат болчумун! Генерал-лейтенант Жаныш Бакиев акталышы керек!
Асейин Саралаев, Кочкордун тургуну
Меню