Menu

Асия Сасыкбаева

Шаардык сот Кемпир-Абад иши боюнча кармоолорду мыйзамдуу деп тапты

Бишкек шаардык соту массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө шек саналгандардын бөгөт чарасын жана алардын кармалышынын мыйзамдуулугун карап жатат.

Ага ылайык “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Перизат Суранованын, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин жана жарандык активисттер Али Шабдан, Атай Бейшенбек жана Таалай Мадеминовдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Ушул эле күнү аты аталгандардын бөгөт чарасы дагы каралары кабарланды.

Буга чейин сот Журабаева менен Мадеминовдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Алар Биринчи май райондук сотунун чечими менен 20-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган.

Мындан сырткары 9-ноябрда активист Айбек Бузурманкуловдун, саясатчылар Клара Сооронкулова, Кубанычбек Кадыров, Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасы каралары айтылган.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.

Бир катар укук коргоочулар тынч жыйындар мыйзамга каршы келбей турганын айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалады.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин жапырт камалгандарды тез арада бошотууга чакырды.

Меню