Menu

Аскар Акаев

Апрелчилер мурдагы президенттердин келишине каршы бийликке кайрылды

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликтин жанында нааразылык акциясы өттү.

Ал жерге 2010-жылдагы Апрель окуясынын катышуучулары жана бул окуяда каза болгондордун жакындары чогулду. Алар кыргыз коомчулугуна жана бийликке кайрылуу жолдоп, мурдагы президенттерди өлкөгө алып келүү аракеттерине каршы экенин билдиришти.

“Тилекке каршы, элибиздин башынан өткөн кандуу окуялардан сабак алып, туура жыйынтык чыкпаганына күбө болуп жатабыз. Бүгүн көз көрүнө калың элдин тынчтануусун жараткан аракеттер аткаминерлер тарабынан болуп жатат. Бул Акаевди актап өлкөгө чакыруу жана жексур Бакиевди көз көрүнөө актоо аракети”, – деп жазылган кайрылууда.

Алар адам өмүрү кыйылган окуяларга себепкер болгондорду мыйзам алдында жоопко тартып, камакка алынышын талап кылышкан. Мындан сырткары, бийликтен куулган мурдагы президент Курманбек Бакиев менен маек уюштурган УТРКнын журналисти, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевге нааразылыгын билдиришкен.

2005-жылдагы Март окуясынан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, Орусияда башкалкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаеванын Бишкекке келгени талкуу жаратууда.

Акаевдерге жакын адамдар ал башкалаада айрым жогорку окуу жайларда лекция окуй турганын билдиргенден кийин бир катар студенттер нааразылыгын билдирип кайрылуу жасады. Ушундан кийин анын үч жерде белгиленген дарсы болбой турганын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн качып кетип, ошондон бери Орусияда башкалкалап келет.

Өткөн аптада элдик толкундоонун аркасы менен бийликтен кулатылган дагы бир мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маеги да талаш жаратты. Өлкөнү 2005-жылдагы Март ыңкылабынан кийин жетектеген Курманбек Бакиев башында турган бийлик 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик толкундоодон кийин кулатылган. Ал жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

80ден ашык адамдын өмүрүн алган кандуу Апрель окуясына байланыштуу мурдагы президент Курманбек Бакиев жана тун уулу Марат Бакиев 30 жылдан, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сыртынан өмүр бою кесилген.

Студенттер Аскар Акаевдин лекция окушуна каршы кайрылуу жолдошту

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин айрым студенттери окуу жайда мурдагы президент Аскар Акаевдин лекция окуусуна каршылык билдирип чыгышты. Алар 21-майда окуу жайдын ректорунун атына кайрылуу жолдоп, анын тексти студенттердин Телеграмм каналына жарыяланды.

Студенттердин бири Элхан Алыбаев Телеграмга “Акаевдин качандыр бир келечегин уурдап алган жаш муундун алдында лекция окуу дымагын – мен шылдыңдоо катары эсептейм”, – деп жазды.

Ректорат кайрылуу тууралуу комментарий бере элек.

2005-жылы март окуясында кызматынан четтетилип, Кыргызстандан чыгып кеткен мурдагы президент Аскар Акаев жубайы Майрам менен чогуу 20-майда Казакстан аркылуу Кыргызстанга келгени кабарланган. Анын санаалаштарынын бири Бекболот Талгарбеков Аскар Акаев Кыргызстандын жогорку окуу жайларында лекция окуй турганын билдирген.

Үй-бүлөсү менен Москвада башкалкалап жүргөн Аскар Акаев өткөн аптада Казакстандагы окуу жайларда лекция окуп келген.

Аскар Акаев 2005-жылдан бери Кыргызстанга алгачкы жолу 2021-жылы 2-августта “Кумтөр иши” боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн келген. Ал Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. 14-декабрда ушул эле иш боюнча тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу келген.

Жарандык коомдун өкүлдөрү бул үчүн бийликти сындап, Аскар Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышкан.

Акаевге 1992-жылы “Кумтөр” долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу тагылган айыптардын баарын мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын Башкы прокуратура билдирген.

Садыр Жапаров бүгүн Дубайда 5 экс-президентти: Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев жана Жээнбековдун башын бириктирди

“Өлкөнүн келечеги деп көкүрөктү эзген кыял ишке ашты – эл-жерибиздин түбөлүк ынтымагы үчүн мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго олтургуздум”, – деп жазды бүгүн, 18-февралда КР президенти Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында.
“Азыркы ааламдашуу маалында ички стабилдүүлүккө, улуттук ынтымакка умтулган өлкөлөр гана өнүгүү жолуна түшүп, кубаттуу мамлекеттерге айланган учур. Тээ учурунда улуу дөөлөттөрдү жараткан, Евразия мейкиндигин ээлеп жаткан байыркы кыргыз эли азыр кандай абалда? Ынтымак жоктуктун, бийлик талашмайдын айынан илгерки империябызды жоготуп, Орто Азиянын бир кычыгында калып бараткандайбыз. Ооба, көз карандысыз өлкө деп жар салганыбыз менен өнүгүү жолубуз эмне кечеңдеп келет? Мындай соболдорду коё берсек, биринин артынан бири суроо жарала берчүдөй…
Азыр бизде түндүк-түштүк болуп, жети дубан өз-өзүнчө бөлүнүп, ар кимиси өз көмөчүнө күл тарта бергени аз келгенсип, улам бир президенттин жактоочулары болуп, калдайган кыргыз калкы жетиге бөлүнүп турган учур, тилекке каршы.
Бирок, баарыбыз үчүн ыйык Кыргызстандын түбөлүктүү келечегин ойлой турган болсок, биз “Акаевчи”, “Бакиевчи”, “Атамбаевчи” «Отунбаевачы» «Жээнбековчу» «доконцачы» жана башка “чылар” дегенди жоюп, баарынын башын бириктирүү менен (лидерлерди бириктирмейин тарапташтар бирикпейт) жамы кыргыз журтунун эртеңки келечегин ойлогонубуз туура!
Боюбузга сиңип бараткан мындай арсыз сапаттарды ары калчап, бери калчап олтуруп, ошол башында эл шайлаган, аягы кейиштүү бүткөн президенттердин башын бириктерсем, балким бир муштумга түйүлгөн ынтымактуу журт болот белек деген ой көптөн бери көкүрөгүмдү эзип келет эле. Акыры тубү элибиздин “султан сөөгүн кордобойт” деген таасын кеби бар эмеспи!
Көөдөнгө тынчтык бербеген асыл ойду акыры ишке ашырууга бел байлап, соңку тарыхыбызда журт башына келген президенттердин башын бириктирип, бир ортого чогулттум. Кыргыз наркын жасап, алдыларына аш тарттым. Уй муйуз тарта олтура улут келечеги үчүн мурдагы журт башчылары өткөндөрүн сууга салышып, бир муштумга биригүү демилгемди колдоп беришти.
Албетте, биринин артынан бири келген мурдакы өлкө башчылары ачуу кептерди айтышты. Көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүштү. Кетирген кемчиликтерин моюндарына алышты. Эң башкысы, алар бири-бирин кечире билишти. Менин да көздөгөн максатым ушул эле. Ой-кыялым – ошол ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары, жалпы жети дубан калкыбыз, бир багытка баш коюп, саясатты таштап, бир дем менен улуттун өнүгүүсү, экономикасы деп ой жүгүртүү эле.
Ооба, жалпы элибиздин көзү менен караганда, алардын ар биринин жүргүзгөн саясатында алешемдиктер кетип, арты кайгылуу окуялар менен коштолуп, кан төгүүлөр да болуп кетти. Акаев учурундагы Аксы окуясы, Бакиевдин учурундагы Апрель окуясы, Убактылуу Өкмөт учурундагы Июнь каргашасы, Жээнбеков учурундагы Октябрь окуясы, андагы Үмүт аттуу жайнап турган жапжаш жигиттин каза болгондугу, тилекке каршы, кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылып калды. Ошентип, канчалаган кырчындай болгон кыргыз жаштарынан – уулдарыбыздан айрылдык. Алардын жакындары менен туугандарынын нааразычылыктарын сезип турам.
Урматтуу мекендештер, кадырлуу калайык-журт!
Ата-бабалар наркына да карасак, «атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» дейт. Мусулманчылык жосунуна да карасак, кечире билүү жана кечиримдүү болуу улуу салт экенин көрөбүз. Кечиримдүү бололу, сабыр күтүп, алга сапарыбызды улайлы. Эгемендигибизди, көз карандысыздыгыбызды бекемдейли, өнүгүүгө бардык мүмкүнчүлүгү болгон Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү десек, өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салалы. Ар бир кыргызстандык бириккиле! «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», алдыга карай бет алалы! 5-10 жылдык жеке кызыкчылыктарыбызды ойлобостон, кыргызстандын түбөлүк кызыкчылыгын ойлонолу.
Мага чейинки журт башчыларынын ар бирине карата эч кандай жеке кызыкчылыгым да, жеке кусаматым да жок, милдеттүү дагы эмесмин!
Муну да баса белгилеп айтып коюум керек”, – деп жыйынтыктайт Садыр Жапаров.
“Жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышты. Жолугушуу белгилүү себептерден улам нейтралдуу жерде өттү. Калган кеңири маалыматты Президент Жапаровдун кайрылуусунан окусаңыздар болот”, – деп билдирди КР президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Касым-Жомарт Токаев Аскар Акаевди кабыл алды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 23-июнда Нур-Султан шаарында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кабыл алды.

Маалыматты Акаевдин тарапташы, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков журналисттерге бышыктады. Анын айтымында Кыргызстандын мурдагы президенти Алматы шаарында үч күн болгон жана андан ары Нур-Султанга кеткен.

Акордо бул жолугушуу тууралуу расмий маалымат тараткан жок. Айрым маалымат агенттиктери Токаевдин Акаев жана анын жубайы менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.

Акаев Алматыдагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде 19-июнда “Байыркы мезгилден берки демографиялык көрсөткүчтөр жана адамзаттын келечеги” деген аталыштагы дарс окуган. Андан кийин журналисттерге Казакстандагы Январь окуялары тууралуу суроосуна жооп берип жатып ондогон адамдын өмүрүн алган тоз-тополоңду “калктын өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрүлүү аракети” катары сыпаттаган.

“Жетекчилер артта калса, эл нааразылыкка чыгат. Менин оюмча, бул референдумга жеткирген тарыхый окуяны жаратты”, – деп айткан Акаев.

77 жаштагы Акаев былтыр 16 жылдан ашык убакыттан кийин биринчи жолу Кыргызстанга келип, Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында эки жолу сурак берип кеткен.

Аскар Акаев 2005-жылы Кыргызстандагы Март окуяларынан кийин бийликтен кеткен, учурда Орусияда жашап, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде иштейт.

Аскар Акаев Казакстандагы Январь окуялары тууралуу пикирин айтты

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев 19-июнда Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетте өткөн лекциядан соң журналисттердин Казакстандагы Январь окуялары тууралуу суроосуна жооп берди.

Ал ондогон адамдын өмүрүн алган бул окуяларды “калктын өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрүлүү аракети” катары сыпаттады.

“Менимче, ар бир калк, ар бир улут маал-маалы менен өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрүлүүгө аракет кылат. Бул табигый процесс. Эгер лидерлер алдыны көрө билсе, бул социалдык нааразылыгы жок эле ишке ашат. Жетекчилер артта калса, калк нааразылыкка чыгат. Менин оюмча, бул референдумга жеткирген тарыхый окуяны жаратты. Референдумда Казакстандын калкы жаңы, гүлдөгөн, адилеттүү, күчтүү республиканы куруу тууралуу бийик максат койду”, – деди Акаев.

Бирок Акаев журналист Манас Кайыртай уулунун “Назарбаев Казакстанды башкарып турган учурда кандайдыр бир ката кетирдиби?” деген суроосуна жооп берген жок. Иш-чаранын уюштуруучулары кабарчыны суроосун толук бердиртпей, Акаевдин жанында топтолгон журналисттердин арасынан түртүп чыгарып коюшту.

УКМК: Мурдагы президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш ишин тергөө уланууда

Кумтөр иши боюнча мурдагы Президент Аскар Акаевге коюлган бардык айыптарды алып салуу боюнча айрым адамдардын такталбаган билдирүүлөрүнө байланыштуу, УКМК бул кылмыш иши боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу коомчулукка объективдүү маалыматтарды жеткирүүнү туура деп эсептейт.

Жүргүзүлүп жаткан тергөөгө тиешеси жок, иш боюнча ишенимдүү маалыматы жок адамдардын мындай билдирүүлөрү жөн гана өзүн пиар кылуу максатында коомчулуктун оюн бурмалоо жана атайылап адаштыруу болуп саналат.

Мындан улам УКМК Кумтөр иши боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын коомчулукка маалымдайт.

Мындан тышкары, мурдагы Президент Аскар Акаевге 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен Башкы келишим түзүү жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча жаңы айыптар тагылды.

Айрыкча, Аскар Акаев жогорудагы кылмыштарды жасоодо өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын жана анын өлкөдөн чыгып кетиши, Бишкекке келиши алдын ала тергөөчү менен макулдашылганын белгилейт.

Ошол эле учурда, кылмыш ишинин тергөө амалдары улантылып, «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууга байланыштуу кылмыштарды жасоонун башка фактылары аныкталууда, тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында ишке тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилет.

Ошондуктан, Аскар Акаевге козголгон кылмыш ишинин токтотулушу тууралуу жеке адамдар тарабынан таратылган маалыматтар чындыкка дал келбейт.

УКМК өлкө жарандарын өзгөчө кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча жалган маалыматтарды таратпоого жана коомчулуктун оюн адаштырбоого дагы бир ирээт чакырат.

Аскар Акаев сурак бергенден кийин кайра Москвага учуп кетти

“Кумтөр иши” боюнча суралып жаткан Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Москвага учуп кетти. Бул тууралуу анын санаалашы Бекболот Талгарбеков билдирди. Анын айтымында, сурак негизинен 2003-жылдагы келишим боюнча жүргөн.

“Аскар Акаевге кылмыш иши козголгон эмес, болгону териштирүү жүргөн. Териштирүүнүн жүрүшүндө Кумтөрдөн бир тыйын жебегени жана “Центеррада” бир дагы акциясы жок экени тастыкталды. Сурак негизинен 2003-жылдагы келишим боюнча жүргөн. Тергөөнүн жүрүшүндө “Центтерра” сатып алган үч башка кендин активи 5% жогору бааланып калганы белгилүү болду. Аскар Акаев ошону жакшылап карап койбогону үчүн элден кечирим сурады”, – деди Талгарбеков.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул тууралуу маалымат бере элек.

Аскар Акаев 14-декабрда “Кумтөр иши” боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн келген.

Быйыл 2-августта Аскар Акаев 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. Ал өзү тергөө менен кызматташуунун алкагында кепилдик менен келгенин жарыялаган.

Атайын кызмат кенге байланыштуу бардык келишимдерден коррупциялык фактылар аныкталганын жана мурдагы аткаминерлерге иш козголгонун кабарлаган эле.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд Компани” президенттерди “сатып алганын” далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Акаевге 1992-жылы “Кумтөр” долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган.

Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган Аскар Акаев 2005-жылы март окуясында өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондон бери Орусияда башкалкалап келет.

Аскар Акаев: резиденцияда Садыр Жапаров менен жолуктум

Мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанга бийлик менен кызматташуу максатында келгенин айтты. Бул тууралуу ал 2-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) сурактан чыккандан кийин журналисттерге билдирди.

“Мен кызматташууга, көмөктөшүүгө келдим. Билесиздер, “Кумтөр” долбооруна байланыштуу мага дооматтар бар. “Кумтөр” менин учурумда түптөлгөн. Мен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына ыраазычылык билдирем. Мени жакшы кабыл алышты. Албетте, суроолор бар. Алгачкы суракка кирип чыктым. Мен “Кумтөрдү” кантип, эмне үчүн түптөгөнүбүз тууралуу чын жүрөктөн айтып берүүгө келдим”.

Акаев президент Садыр Жапаров менен мамлекеттик резиденцияда жолукканын, Кыргызстанга келүүгө жол ачып бергени үчүн рахмат айтканын да кошумчалады.

Ал “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында дүйшөмбүдө Бишкекке келген.

Расмий маалыматка ылайык, Акаев мурдагы “Кумтөргө” байланыштуу макулдашууларды түзүү, коррупциялык фактыларга байланыштуу айыпталган.

Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенине келе элек болчу.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд” мурдагы мамлекет башчыларын “сатып алганын” далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

УКМК: Издөөдөгү экс-президент Аскар Акаев Бишкек шаарына алып келинди, азыр сурак берүүдө

Мурда маалымдалгандай, “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан өлкөнүн мурунку Президенти Аскар Акаев издөөгө жарыяланган.

А.Акаев башка мурдагы жогорку кызмат адамдары менен бирге 1992-жылы “Кумтөр” долбоору боюнча Башкы келишимди түзүүдө, 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, ошондой эле 2003 -жылы “Камеко” компаниясы менен түзүлгөн Башкы келишимди реструктуризациялоо учурундагы коррупция боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ошентип, тергөө А.Акаевдин президенттигинде Кумтөр долбоорун ишке ашыруу учурунда коррупцияга аралашкан бардык күнөөлүү адамдарга укуктук баа берди.

Ошол эле учурда КР УКМК А.Акаевди республиканын аймагына алып келүү менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу жагынан тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган тергөө учурунда активдүү иштерди жүргүзгөн.

Ошентип, УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 2 -августунда экс-президент Аскар Акаев Бишкекке жеткирилген, андан кийин дароо Ведомстволор аралык тергөө тобуна которулган.

УКМК тарабынан аткарылган чаралардын жыйынтыгында, 2021-жылдын 2-августунда мурдагы Президент Аскар Акаев Бишкек шаарына алынып келинди жана ведомстволук аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилди.

Азыркы учурда А.Акаев УКМКнын имаратында, ал жерде Кумтөр кени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында керектүү тергөө иш -аракеттери жүргүзүлүүдө.

УКМК коомчулукка иликтөө аракеттеринин жыйынтыктары жана ал боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдер, анын ичинде А.Акаевге карата кошумча маалымат берет.

Тергөө амалдарынын жыйынтыктары жана процессуалдык чечимдер тууралуу, анын ичинен Аскар Акаев боюнча, УКМК кошумча маалыматты коомчулукка өз убагында берип турат.

Ташиев: Бакиев менен Атамбаевге иш козголуп, Акаевге издөө жарыяланды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы маалымат жыйында “Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевге иш козголуп, Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирди.

“Тергөөнүн жыйынтыгында Бакиевге иш козгодук, Атамбаевге иш козгоп атабыз, Акаевге издөө жарыяладык. Жээнбековго азырынча эч нерсе жок. Эгерде бир нерсе чыга турган болсо, аны дагы жоопко тартабыз”.

Ташиев “Кумтөр ишине” байланыштуу камалгандардын кылмыш ишинде мамлекетке чыгым 1 млрд. сом деп эсептелгенин кошумчалады.

УКМК Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерди иликтеп жатат. 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган.

2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев камакка алынган. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалган. Аларга Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду. Кийинчерээк Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыккан.

Мындан тышкары Кумтөр ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар күбө катары көрсөтмө берген.

Кумтөр – Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Кыргыз тарап “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген.

Меню