Menu

Аскердик мобилизация

Кыргызстанда мобилизация жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Кыргызстанда мобилизацияга байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 3-октябрда сунушталган өзгөртүүлөрдү карап, биринчи окууда кабыл алды.

Демилгечи депутаттардын бири Марлен Маматалиевдин айтымында, документте зарыл болгон учурда мобилизицияга барууну каалагандарга мыйзамдын негизинде мүмкүнчүлүк түзүү маселеси камтылган.

“Баткенде эл менен жолукканда керектүү маалда өз каалоосу менен мобилизация боло турган норманы суранышты. Экинчиден, жаш курагы боюнча категорияны алып салуу. Ошол жерде бир топ тажрыйбасы бар, аскердик жактан даярдыгы бар мергенчилер бар экен. Бирок алар мобилизацияга туш келбейт экен. Анткени бизде жоокерлердин, офицердик курамда жашы боюнча чектөөлөр бар. Айрым учурларда чек аралаш аймактарда деп өзүнчө киргизип жатабыз, ошол жакта керек болгон учурда жаш курагы боюнча чектөөнү алып салууну сунуштап жатабыз. Биз аларга мыйзам менен мүмкүнчүлүк берип жатабыз”.

Мындан тышкары курал берүүгө байланыштуу мыйзамга да өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Депутат Адахан Мадумаров мыйзамды кайсы бир райондорду гана эмес, Кыргызстандын бардык чектеш аймактарына ылайык келгидей өзгөртүү зарылдыгын айтса, Кундузбек Сулайманов мобилизация боло турган жарандардын жашын так белгилеп коюуну сунуштады. Эл өкүлү 60-65 жашка чейин деп көрсөтүү зарыл экенин айтууда. Маматалиев бул маселени Коргоо министрлиги аныктай турганын айтты.

Мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыкан депутаттардын арасында Марлен Маматалиевден тышкары Талант Мамытов, Нурбек Сыдыгалиев, Мурадил Сыдыков, Суйунбек Омурзаков, Жаныбек Абиров, Фархат Исмаилов, Айбек Маткеримов, Шайырбек Ташиев, Алишер Козуев, Женишбек Токторбаев, Ырысбек Атажанов, Омурбек Бакиров, Мирлан Самыйкожо, Чыңгыз Ажибаев, Нурлан Азыгалиев, Жалолидин Нурбаев, Нурланбек Ражабалиев, Максатбек Сарбагышев, Акбөкөн Таштанбеков жана Тазабек Икрамов бар.

14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган ишканаларды жер жана мүлк салыгынан бошотуу жергиликтүү кеңештерге сунушталууда.

Финансы министрлигине Социалдык фонддогу кемиген каражаттын ордун толтуруу милдети тапшырылат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта Баткенде 640 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү такыр жашоого жараксыз болуп калган, 217 үй оңдоп-түзөлүшү керек.

Андан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 323 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн боло элек.

14-17-сентябрда чек арада кан төгүлгөн окуя үчүн Бишкек менен Душанбе бири-бирин айыптоодо.

Меню