Menu

Асман шаары

Садыр Жапаров: “Асман” шаары – Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган финансылык хаб болуп калат!

Президент Садыр Жапаров 30-июнда Ысык-Көлдө “Асман” шаарынын курулушуна капсула салды. Анын алдында сөз сүйлөп, заманбап шаар Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык дараметин арттыра турганын айтты.

“Айрым биздин кыска ой жүгүрткөн жарандарыбыз бул шаарды Баткенде салбайт белеңер деп, баарын эле Ысык-Көлгө сала бересиңерби деп доомат айтышууда. Эгер Ысык-Көл Баткен тарапта болгондо, бул шаарды Баткенге салдырмакмын. Инвесторлор да өзүнө ыңгайлуу курорттук аймактарды тандашат экен. Эң негизгиси кайсы жерге салынбасын бул шаар ар бир кыргызстандык үчүн пайда бере турган, өлкөбүздүн жалпы экономикасын алдыга жылдыра турган локомотив-шаар болот. Мисалы, Кумтөр Ысык-Көлдө жайгашканы менен, пайдасы республикалык бюджетке түшүп, 30 жылдан бери ар бир жаран үчүн пайдаланылып келет. Ошол сыяктуу бул шаар да бардык кыргызстандыктар үчүн пайда алып келет”.

Мындан тышкары Садыр Жапаров учурунда заманбап “Асман” шаарын салууга ишендебегендер болгонун айтып, дымактуу пландарды сындагандар менен катар, аны колдоп-коштогондор да бар экенине токтолду.

“Коомчулуктун бир бөлүгү мамлекетибиздин чама-чаркына карап, акылдуу шаар курууга чоң акча керек, анча каражат кайдан табылмак эле деп, “кедейчилик синдромунан” чыга албай, долбоордун ишке ашпастыгын айтып, бийликтегилер куру кыял кылып жатышат деген шашылыш бүтүм чыгарышты. Айтор, элибиздин пикири экиге бөлүнүп, бир бөлүгү арканды алыс таштайлы десе, экинчиси – чамабызга чактап иш кылалы деп, кызуу талкуу жаралып кетти. Муну биз ачык-айкын талкуу жарата алган кыргыз коомчулугунун артыкчылыгы катары да бааласак болот. Бул арада – бир жарым жылдан бери – акылдуу шаардын бир нече долбоорлору даярдалды.”

Иш-чарада долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик бюджеттен акча сарпталбайт деп маалымдалды.

Ысык-Көл жээгинде “Асман” шаарын куруу идеясы алгач 2021-жылы айтылган. Ошол эле жылы Министрлер кабинетинин токтому менен “Асман” экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция” түзүлгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча “Асман” 500 миң кишиге ылайыкталат.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган

Бир катар экологдор жана урбанисттер суу агып чыкпаган уникалдуу көлдүн жээгине мындай калаа куруу өтө дыкат эсептөөлөрдү талап кыларын, антпесе Ысык-Көлдүн суусу булганып, сазга айланып кетет деп эскертишкен.

Бийлик шаарда экологиялык бардык эрежелер сакталат деп билдирген.

Жаңы шаар Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда, көл жээгине курула турган болууда.

Ысык-Көлдө "Асман" шаарынын курулушу 30-июнда башталат

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлгө салынуучу “Асман” шаарынын курулушу 30-июнда башталарын билдирди. Жапаров бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында жаңы курулган парктын ачылышында айтты.

“Бир жарым жылдан бери долбоорлорун, кагаздарын даярдадык. “Асман” шаарынын долбоору даяр болуп калды. Кудай буюрса, 30-июнда кутучасын салабыз. Шаар 500 миңден 700 миңге чейин киши жашай турган 4 миң гектарга түшөт. Кыргызстандан бир тыйын акча короткон жокпуз. Анткени шаар сала турган акчабыз да жок. Сырттан инвесторлорду топтоп келип салдырган жатабыз”, – деди Жапаров.

Президент жергиликтүү элди инветорлорго тоскоолдук кылбоого чакырды.

22-мартта “Асман” шаарын куруу иши мамлекеттик дирекциядан президенттин иш башкармалыгына өткөн. Анда “бул чечим натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн кабыл алынганы” белгиленген.

Бийлик Ысык-Көлдүн жээгине кеминде 500 миң жашоочуга ылайыкташкан, экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар курула турганын 2021-жылы жайында жарыялаган.

Анда бул шаар Балыкчыга 15 чакырым жакын жерде, Тору-Айгыр айылынын өйдө жагына курулары, толугу менен 7-10 жыл аралыгында салынары айтылган.

Долбоор Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүүнү, туризмди өнүктүрүүнү көздөрү белгиленген. Баштапкы долбоордо шаар үстүнөн караганда комузга окшош болору көрсөтүлгөн. Өкмөт Асман шаарын куруу дирекциясын 2021-жылы сентябрда түзгөн.

Бир катар жарандык активисттер долбоорго каршы чыгып, “Асман шаарынын курулушуна жол жок” деген кыймыл түзүлгөн. Алар Ысык-Көл менен анын жака белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кире турганын, шаар курулса, экологиялык каатчылыкка себеп болушу ыктымал экенин эскертишкен.

Акылбек Жапаров жаңы курула турган 22.000 орундуу "Бишкек сити" стадионунун, "Асман" шаарынын жана 7.000 орундуу спорттук комплекстин долбоорлору менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде көчмө жыйын өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Бишкектин жанындагы 7 миң орундуу спорттук-маданий комплекстин, Ысык-Көл облусундагы «Асман» экологиялык таза шаарынын, ошондой эле Орок айылындагы 22 миң орундуу стадиону бар «Бишкек Сити» эл аралык ишкер борборунун курулуш долбоору сунушталды.

Мындан тышкары, борбор калаадагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна мектеп жана бала бакчаларды камтыган турак жай комплексин куруу маселеси каралды.

Министрлер Кабинетинин башчысы тиешелүү ведомстволорго жогоруда аталган объектилердин курулуш долбоорлорун эл аралык стандарттарга жана ченемдерге шайкеш келтирүү иретинде сапаттуу иштеп чыгууну тапшырды.

«Бул объектилердин курулуш долбоорлорун сапаттуу иштеп чыгуу маанилүү. Аталган долбоорлор жагымдуулугу, ыңгайлуулугу, коопсуздугу жана экологиялык жактан тазалыгы боюнча тыкыр ойлонулушу шарт», – деди Акылбек Жапаров жана мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берди.

Меню