Menu

Асхат Жексебаев жана Диана Баймагамбетова

Кыргызстанда кармалган казак активисттери Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетова бошотулду

16-январда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активисттер Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетованы сот залынан бошотту.

Маалыматка караганда, сот казакстандык активисттер Кыргызстандан башпаанек сурап кайрылганын эске алып, алардын ишин токтотту.

“Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү” беренеси башпаанек алуу укугун пайдаланууну көздөгөн чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга карата колдонулбайт.

“Биз башпаанек макамын сурап, арыз бергенбиз. Ошонун негизинде бошотушту. Эми эмне болот көрөбүз”, – деди Асхат Жексебаев.

Азырынча соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек. Прокурор 10 күндүн ичинде ал боюнча даттанышы мүмкүн.

Жексебаев менен Баймагамбетованын Кыргызстанга келип, башпаанек макамын сурап кайрылганы 2022-жылы ноябрдын башында белгилүү болгон. Кийин алар 30-октябрда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү айыбы менен кармалып, эки айга тергөө абагына камалганы кабарланган.

Эки активист тең 2020-жылы Казакстанда камалып, былтыр ноябрда сот өкүмү чыккан 13 активисттин катарында болгон. Активисттерге казак бийлиги “экстремисттик” деп тапкан “Казакстандын демократиялык тандоосу” жана “Көчө партиясы” деп аталган уюмдарга тиешеси бар деген айып коюлган.
Эки жылга кесилген Баймагамбетова сот залынан бошотулса, Жексебаев былтыр май айында абактан чыккан. Бишкекте кармалган маалда экөө тең пробациялык көзөмөлдө жүргөн.

УКМК казакстандык активисттердин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Казакстандын эки жараны 26-октябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекети аркылуу Өзбекстанга чыгып кетүүгө аракеттенип жаткан учурда кармалганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, алар 23-октябрда Кыргызстанга чек арадан мыйзамсыз өткөнү аныкталган.
“Бул факты боюнча Казакстандын эки жараны – Ж.А.Е. менен Б.Д.Дга карата Кылмыш кодексинин 378-беренеси (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш ачылган. 31-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан кармалган жарандар эки айга №1 тергөө абагына камалды”, – деп жазылган маалыматта.
Буга чейин казакстандык активист Жанара Ахмет Кыргызстандын атайын кызматы “Манас” аба майданынан казак активисттери Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетованы кармап кеткенин билдирген. Анын ырасташынча, алар Бишкек аркылуу чет өлкөгө кетерде кармалган. Мындан улам Ахмет кыргызстандык укук коргоочуларга кайрылып, кармалгандар үчүн адвокат табууга жардам сураган.
Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетова 2020-жылы камалып, былтыр ноябрда сот өкүмү чыккан 13 активисттин катарында болгон. Анда Алматы соту аларды “ишмердигине тыюу салынган уюмга” байланыштуу күнөөлүү деп тапкан. Активисттерге казак бийлиги “экстремисттик” деп тапкан “Казакстандын демократиялык шайлоосу” жана “Көчө партиясы” деп аталган уюмдарга тиешеси бар деген айып коюлган.
Эки жылга кесилген Байгаматова сот залынан бошотулган, ал эми Жексебаев активист ушул жылдын май айында абактан бошогон, экөө тең ушул тушта пробациялык көзөмөлдө болгон.

Меню