Menu

Асылбек Жээнбеков

Башкы прокуратура: Парламент жоопко тартууга макул болбосо Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигенов абактан бошотулат

Эгер Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигенов камактан бошотулат. Бул тууралуу 7-декабрда Башкы прокуратура билдирди.

Мекеменин сайтына жарыяланган маалыматта айтылгандай, эгер Жогорку Кеңеш макулдук берсе алар кылмыш-жаза жообуна тартылат, ал эми макулдук берүүдөн баш тартуусу үч саясатчынын “камактан бошотулушуна негиз болот жана депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө аларга карата иш убактылуу токтотулат”.

Жээнбеков менен Зулпукаров “Кумтөр иши” боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Ал эми Жетигеновду УКМК “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

1-декабрга чейин иштеген “Жазык-процесстик кодекстин” талаптарына ылайык үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24 жана 29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн.

Бул маселени кароо үчүн 1-декабрда депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал бир ай ичинде уруксат берер-бербесин аныктап, корутундусун жалпы палатага алып чыгары айтылган.

Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Жоомарт Оторбаевдин камактагы мөөнөтү 30-ноябрга чейин узарды

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 30-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында калды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-сентябрда ушундай чечим чыгарды.

Сот отуруму болуп жатканда сыртта тарапташтары алардын бошотулушун талап кылып турушту.

Депутаттар Кумтөр кениндеги жемкорлукка байланыштуу 2021-жылдын май айында камалган. Кыргыз өкмөтүн 2014-2015-жылдары башкарган Жоомарт Оторбаевди УКМК 16-сентябрда кармаган.

“Кумтөр иши” боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

УКМКнын Кумтөр боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген. Айыпталып жаткандар жана алардын адвокаттары коюлган күнөөнү четке кагып келатышат.

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров дагы эки айга абакта калды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду дагы эки айга, 30-сентябрга чейин абакта калтырды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбеков менен Зулпукаров 31-майда кармалып, 31-июлга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган. УКМКнын маалыматына ылайык, аларга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылды.

Соттун алдында эки депутаттын ондогон тарапташы абактан бошотууну талап кылып турду.

Алардын тарапкерлери үй камагына чыгаруу талабы менен улам нааразылык акцияларын уюштуруп жатышат. Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгарууну суранып, билдирүү дагы таратышкан.

Асылбек Жээнбеков – мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы.

Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал эми Төрөбай Зулпукаров парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу.

Меню