Menu

Атамбаевдин хансарайы

Кадастр департаменти тарабынан Алмаз Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн жана башка мүлктөрүн мамлекетке толук өткөрүү процесси башталды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү соттун чечими менен мамлекетке өткөрүлүп, мүлктү каттоо жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу фонддун жетекчисинин орун басары Медер Машиев журналисттерге маалымдады.

“Бул блокту төраганын экинчи орун басары Канат Рыскулов карайт. Бүгүн кадастр (Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин адистери – ред.) менен топосъемка кылууга барышкан. Соттун чечими менен мамлекетке өткөндөн кийин мүлктү мамлекетке каттоо керек”, – деди Машиев.

Алмазбек Атамбаевге 2019-жылдан баштап жалпы 7 кылмыш иши козголуп, бирөөсү боюнча чечим чыккан. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу кылмыш иши боюнча 2020-жылы июнь айында Атамбаев 11 жылга соттолгон. Анда бир топ үй-мүлкү конфискацияланган. Октябрь окуяларынан кийин мурдагы президенттин адвокаттарынын кайрылуусу менен Жогорку сот Батукаев ишин кайра кароого жөнөтөт. Бирок 2021-жылы 12-октябрда Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген.

Мындан сырткары Атамбаев Кой-Таш окуясы, ЖЭБди модернизациялоо, Кой-Таштагы жер тилкеси, түрк жарандарына мыйзамсыз жарандык берүү, Октябрь окуялары боюнча дагы айыпталып жатат.

Меню