Menu

Афган тектүү «чарс» баңги заты

Сокулукта Тажикстандан маңзат ташыган топтун мүчөлөрү кармалды

Милиция кызматкерлери Тажикстандан Кыргызстанга маңзат ташып жүргөн трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармашты.

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, шектүүлөрдөн 12 килограммдан ашык гашиш алынды.

“13-январда саат 19:00 чамасында Чүй облусунун Сокулук районундагы мечиттердин биринин жанында “Гашиш” (афган чарсы) баңгизатын сатууга аракет кылып жатышкан 1968-жылы туулган Г.К. менен 1964-жылы туулган А.Х. кармалды. Скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү таңгакталган баңгизаттын салмагы 12 кг 170 граммды түзгөн”-, деп айтылат билдирүүдө.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

УКМК: 17 кг афган тектүү «чарс» баңги заты кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан узак мөөнөттүү атайын иш-чаранын жүрүшүндө «ТР-КР» каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө оор баңги заттарды – афган тектүү «чарс» ташуу менен алектенген эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.

2022-жылдын 8-сентябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексинин жүрүшүндө, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары анын ичинде Коррупцияга каршы элдик курултайдын “Элдик палатасы” коомдук бирикмесинин мүчөсү О.Н.О., Ш.Т.А. жана Т.З.Ж. кармалган, алардан – жалпы салмагы 17 кг 192 гр афган тектүү «чарс» баңги заты табылып алынган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар КР УКМКнын Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы бармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул баңги тобунун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Меню