Menu

Ачык маалыматтар

Мамлекеттик бажы кызматында «Ачык маалыматтар» модулу иштей баштады

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы мекеменин расмий сайтында жайгаштырылган «Ачык маалыматтар» модулун иштеп чыкты.

Азыркы учурда «Ачык маалыматтар» модулу тышкы соода жүгүртүүнүн статистикалык көрсөткүчтөрү боюнча салмактык жана нарктык мааниде, негизги импорттоочу жана экспорттоочу өлкөлөр боюнча маалыматтарды камтыйт.

Ошону менен бирге, Мамлекеттик бажы кызматы «Ачык маалыматтар» модулун өркүндөтүү Мамлекеттик бажы кызматынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин, буга байланыштуу жогоруда аталган модулду калк үчүн актуалдуу жана социалдык маанилүү маалыматтар менен толуктоо боюнча иш туруктуу негизде жүргүзүлөөрүн белгиледи. 

«Ачык маалыматтар» модулун түзүүнүн максаты калкты социалдык маанилүү маалымат менен камсыз кылуу, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын экспортко жана импортко тиешелүү талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон актуалдуу маалыматтар менен өз убагында маалымдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын ишинин ачык-айкындуулугунун деңгээлин жогорулатуу.

«Ачык маалыматтар» модулун киргизүү жана өркүндөтүү бизнести өнүктүрүүгө да багытталган. Ошентип, бизнес коомчулугу керектүү маалыматты онлайн режиминде ала алат, бул өз кезегинде башкаруучулук чечимдерди кабыл алуунун сапатына таасирин тийгизет.

Меню