Menu

Аэропорт Сох

Сохтогу жаңы аэропортко алгачкы учак келип конду

Сох районунун Навобод маалесинин аймагына курулган жаңы аэропорт сыноо иретинде биринчи каттамды кабыл алды. Бул тууралуу Фергана облусунун администрациясы билдирди.

Октябрдын ортосуда аэропорттун курулушу аяктаганы кабарланган.

Маалыматка караганда, Humo Air авиакомпаниясына таандык Ан-2П жүргүнчү учагы Фергананын эл аралык аэропортунан 12:30да учуп чыгып, Сохтогу аэропортко 13:10до конду.

Сохтогу аэропорттун курулушу үчүн мамлекеттик бюджеттен 640 миң доллар бөлүнгөн.

Өзбекстандын Сох району толугу менен Баткен облусунун аймагы менен курчалган. Өзбекстандан Сох районуна баруу үчүн Кыргызстан аймагынан 20 чакырымдай жүрүүгө туура келет.

Сох-Риштан жолу 213-жылы кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалдан кийин жабылган. Трасса быйыл апрелде жүргүнчү ташыган автоунаалар үчүн ачылган. Жүк ташуучу унааларга азырынча уруксат бериле элек.

Меню