Menu

Аялдарга жана кыздарга зордук-зомбулук

WPS индекси: Кыргызстан - аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө

Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстан аялдар үчүн эң кооптуу өлкө бойдон калууда. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) жаңы баяндамасына ылайык, Кыргызстан бул көрсөткүчтө 95-орунда.

Кыргызстан 2021-жылы да WPS индексинде 97-катарда болуп, Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган.

Баяндамада Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду 20% ашпай турганы, 13% аялдар жакын адамдары тарабынан зордук-зомбулукка кабылары жазылган.

Индексте Кыргызстандан бир тепкич өйдө Өзбекстан жайгашса, Тажикстан 90чу, Казакстан 80-орунда. Ал эми Түркмөнстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн коопсуз деп саналган өлкө катары 58-орунду ээлеген.

Аталган индексте 170 өлкөдөгү аялдардын абалы камтылган. Аялдардын абалын Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Жоржтаун институтунун Гендердик маселелер, коопсуздук жана тынчтык борбору 13 категория боюнча – аялдардын коомдогу, эмгек рыногундагы ордун, саясаттагы абалын, социалдык коопсуздугун изилдеген.

WPS индекси боюнча Европадагы тогуз: Норвегия, Дания, Финляндия, Исландия, Швеция, Швейцария, Люксембург, Австрия, Нидерланды жана Жаңы Зеландия аялдар үчүн эң коопсуз, Түштүк Судан, Конго, Борбордук Африка Республикасы, Ооганстан, жана Йемен абдан кооптуу өлкө болду.

Кыргызстандын статистика комитети жана бир катар уюмдар үч-төрт жыл мурун жүргүзгөн сурамжылоолорго караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылат.

Ички иштер министрлиги акыркы эки жылда өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгонун билдирген.

Нарында 7 жаштагы кызды зордуктап өлтүргөн 64 жаштагы тургун 12 жылга кесилди

Нарын облусунун Орто-Нура айылында жети жаштагы кызды өлтүрүүгө айыпталган адам 12 жылга кесилди. Мындай өкүмдү Нарын райондук соту 22-августта чыгарганын Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы 27-сентябрда билдирди.

Жабырлануучу тарап өкүмгө нааразылыгын билдирип, кийинки инстанцияга кайрылды. Иш облустук сотто кийинки аптада каралышы мүмкүн экени айтылды.

28-апрелде Нарын районунун Орто-Нура айылында жети жаштагы кыз мектептен чыккан бойдон үйүнө жетпей калган. Анын сөөгү эч ким жашабаган үйдүн ичинен табылган. Сыртынан кароо жүргүзүлгөндө ага күч колдонулганы аныкталган.

Кылмышка ушул эле айылдын 64 жаштагы тургуну шек саналып кармалып, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

ИИМ зомбулукка каршы ыкчам тиркеме иштеп чыгат

Ички иштер министрлиги (ИИМ) зордук-зомбулукка кабылган аялдарга тез жардам берүүгө багытталган мобилдик тиркеме иштеп чыгат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, “Кадес” деп аталган тиркемени Түркиянын Ички иштер министрлиги сунуштаган. Смартфонго жүктөлгөн бул тиркеме аркылуу зордук-зомбулук, аңдуу, ар кандай ыдык көрсөтүүгө же кооптуу кырдаалга туш болгон кыз-келиндер милицияга ыкчам кабар менен геолокация жибере алышат.

Бул күндөрү Чүйдө мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган келиндин окуясы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

20-сентябрда Чүй облустук милициясы Селекция айылында 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөнү боюнча маалымат келгенин билдирген. Буга шектүү катары 39 жаштагы А.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге сегиз сааттык операция жасалганын, учурда абалы орточо оор экенин билдирди.

Кыргызстанда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап гана эмес, күбөлөр да арыз жаза алышат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга “убактылуу коргонуу ордерин” жазып берет.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылып келет. Мындай окуялардын 98% күйөөсү айыптуу экени далилденген. Ички иштер министрлиги эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгонун, жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылып жатканын 2022-жылы билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.

Сокулуктун Селекционный айылында күйөөсү аялын балдарынын көзүнчө сабап, кулагын, мурдун кесип, бычактап салган

20-сентябрь күнү Чүй облусунун Сокулук районунун Селекционный айылынын тургуну ажырашып кеткен аялына келип, зомбулук көрсөтүп, балдарынын көзүнчө сабап, бир нече жерин бычактап, акырында аялынын кулагы менен мурдун кесип салган. Бул тууралу КР Жогорку Кеңешиндеги жыйында бир нече депутат айтып чыкты.

Бул эргул буга чейин да бир нече жолу ажырашкан аялына келип, зордуктап зомбулук көрсөтүп кетип турган.

Аялынын жазган арызына милиция менен сот органдары кош көңүл мамиле кылышкан. Милиция экөөсүн жараштырып, кармалган күйөөсүн коюп жиберсе, сот пробацияга чыгарып жиберип турган экен.

Азыр аял оор абалда ооруканада жатса, мурунку күйөөсү камакта жатат.

 

Президент Садыр Жапаров Кадамжайдагы 14 жашар кыздын муунтуп өлүтүрүлүшү боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров Кадамжайда өспүрүм кыздын киши колдуу болгону тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пикирин билдирип, бул иш жеке көзөмөлүндө болорун жана кылмышка катыштыгы барлар жазасын аларын айтты.

“Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли. Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкерчилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы. Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам. Кадамжайда жасалган мыкаачылык – кечиримсиз. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот”, – деп жазган президент Жапаров.

Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын облустук милиция билдирген. Алдын ала маалыматтарда, кыздын колу аркасына жип менен байланып, мойнунан жип менен муунтулган абалда табылган.

Маркум Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган К.А. аттуу тургуну экени аныкталды. Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалды. Бул үрөй учурган окуя коомдун курч реакциясын пайда кылды. Бир ай мурун дагы бир жашы жете элек 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чара көрүүнү талап кылган. Расмий маалыматка ылайык, былтыр зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскарган.

Ошто кыздарга карата зомбулукту токтотуу талабы коюлган акция өттү

Ошто бүгүн 8-июлда кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы тынч митинг өттү.

Жарандык активисттер тобу Ош шаардык милициясынын алдында чогулуп, “13 жашар кыз… Дагы ким?”, “Кыргызда кыз ыйык!”, “Кайдыгер болбо!”, “Укук кордоочубу?” деген жазууларды кармап турушту.

Чогулгандарга Ош шаардык милиция башчысынын орун басары Бакыт Исраилов чыкты. Ал зомбулукка каршы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, активисттерди бул багытта чогуу аракеттенүүгө чакырды.

Бир нече күндөн бери Кыргызстанда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын окуясы кызуу талкууланууда. ИИМдин маалыматына караганда, 2021-жылы Кыргызстанда 293 бала сексуалдык зомбулукка кабылган.

БУУ Кыргызстанды аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотууну тездетүүгө чакырат

Мамлекеттин гендердик теңдик, аялдардын жана кыздардын укугун илгерлетүү багытында акыркы аракеттерди эске алуу менен, БУУнун Кыргызстандагы тутуму акыркы айларда үрөй учурган гендердик зомбулуктун учурларына жана аялдарга, кыздарга карата зомбулук жасаган күнөөкөрлөрдүн жазасыз калуусуна тынчсыздануусун билдирет.
1996-жылдан бери Кыргыз Республикасы аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча эл аралык конвенциянын (CEDAW) катышуучусу болуп келет. Аталган конвенция Кыргызстанды аялдарга жана кыздарга карата дискриминацияны бардык чөйрөлөрдө жоюуга жана аялдар менен кыздардын тең укуктарын камсыз кылууга милдеттендирет.
БУУ Кыргыз Республикасынын 2021-жылы CEDAW комитетине бешинчи мезгилдүү баяндамасынын алкагында алган милдеттенмесин кубаттайн. Баяндама тапшырылгандан кийин CEDAW комитети, 2021-жылдын ноябрындагы Кыргызстанга карата корутундусуна ылайык (шилтеме: CEDAW Кыргызстан 2021 [1]), өкмөткө зомбулуктун алдын алуу, жабырлануучуларды коргоо, аларга жардам көрсөтүү жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча күч-аракеттерин ыкчамдатууну сунуштады.
БУУ системасы өкмөттү аялдарга, кыздарга карата бардык зомбулук кылмыштарын укук коргоо органдары тарабынан ыкчам жана адекваттуу иликтөөнү тездетүүгө жана Кыргызстандагы бардык аялдарга жана кыздарга сот аркылуу адилеттүүлүккө жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга чакырат. Эл аралык стандарттарга ылайык, зомбулуктан жапа чеккендерге, тийиштүү тергөөнүн жана сот процессинин ордуна, элдештирүү чаралары мажбурланбашы керек.
БУУ системасы мындан ары өкмөттү гендердик зомбулуктун бардык түрлөрүнүн, анын ичинде үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулуктун кылмыштуу табияты тууралуу мамлекеттик кызматкерлер жана жалпы коомчулук арасында маалымдоо иштерин активдештирип, калкка жана жарандык коомго мындай кылмыштарды четке кагууда колдоо көрсөтүүгө чакырат. Жаш балдарды жана өспүрүмдөрдү, мигрант аялдарды, ВИЧ менен жашаган аялдарды, майыптуулугу бар аялдарды, азчылыктарды жана калктын аялуу катмарын басмырлоодон, эксплуатациялоодон жана гендердик зомбулуктан коргоого өзгөчө көңүл буруу керек.
БУУ кызыктар тараптардын көптөгөн оң демилгелерин кубаттайт жана гендердик зомбулукту жоюу, үй-бүлөлүк зомбулукту нормалдаштырган социалдык көз караштарды өзгөртүү, ошондой эле укук коргоо органдарынын жана юстиция тутумунун аялдардын жана кыздардын муктаждыктарына жооп берүү дараметин өнүктүрүү боюнча өкмөткө колдоо көрсөтүүнү уланта берүүнү баса белгилейт.
Маалымат үчүн:
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы 604 зордуктоо фактысы катталса, анын 53% кылмыштын курамы жок табылып токтотулган; 254 адам уурдоо фактысы катталып, анын 84%ы кылмыштын курамы жок табылып
токтотулган. 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген болсо, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге берилген.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын биринчи беш айында 3988 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.
Меню