Menu

А.Димри

Тышкы иштер министринин орун басары А.Артыкбаев Индиянын элчиси А.Димрини кабыл алды

Бүгүн, 8-июнда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Артыкбаев Индиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Димрини кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия кызматташтыгы чѳйрѳсүндѳгү бир топ маселелерди, анын ичинде 2021-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын жана Индиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде ѳтүүчү 11-чи кыргыз-индия Тышкы иштер министирликтер аралык консультацияларын видео конференция форматында өткөрүүнү алкуулашты.

Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатында эки тараптуу мамилелерди чыңдоодо жана кеңейтүүдѳ маанилүү инструмент болуп саналуучу Ѳкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйынын ушул жылы Кыргызстанда өткөрүү маселесине дагы көңүл бурушту.

Индиянын элчиси А.Димри А.Артыкбаевге жаңы кызматында ийгиликтерди каалоо менен кыргыз-индия мамилелерин кеңейтүүгө көмөктөшүү ниетине ыраазычылыгын билдирди.

Меню