Menu

Бажы кызматы

«Манас» бажысында баасы 2,2 млн сомдук швейцариялык контрабандалык кол сааттар кармалды

«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарынан келген аба жүктөрүн бажылык контролдоо жана текшерип кароонун алкагында декларацияланбаган товарлар аныкталган.

«ТСКД» ЖЧКсынын дарегине «ROLEX» соода маркасынын 5 бирдик жана «PATEK PHILIPPE GENEVE» соода маркасынын 1 бирдик оригиналдуу кол сааттары келген.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын актысына ылайык, кармалган товарлардын орточо базардык жалпы баасы 2 миллион 292 миң сомду, ал эми тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 460 миң 462 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

УКМК: Ош облусундагы "Достук" постунда ишкерлерден коррупциялык жол менен акча чогулткан бажычылар кармалды

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен каралган кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Достук» алдын ала бажы процедурасынын жеринин башчысы Н.А.Н., Ош темир жол башкармалыгынын башчысы К.Б.Ж. жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Достук» «Достук» алдын ала бажы процедурасынын жеринин кезектик башчысы Т.М.К. кармалышты.

Такталгандай, жогорудагы адамдар «Достук» АБПЖ постунда алдын ала бажы процедурасынын жери аркылуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын чогултуу боюнча мыйзамсыз баюу максатында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

      Учурда тергөө иштери уланууда.

Бажы кызматы кармалган кызматкерлери боюнча комментарий берди

Мамлекеттик бажы кызматы коррупцияга шек саналып кармалган алты кызматкери тууралуу комментарий берди.

Билдирүүдө Кытайдан эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып өтүү боюнча коррупциялык схеманы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы чогуу аныктаганы айтылган.

Иштин материалдары Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун жеке көзөмөлүндө экени белгиленген.

Мекеме “коррупциялык схеманын аныкталышы – бажы кызматындагы коррупцияны жоюу жана өздүк курамды абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча жигердүү иштердин уланып жатканынан кабар берерин” маалымдаган.

УКМК 18-мартта Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат алар Кытайдан эл керектеген товарларды мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал уюштурганын маалымдаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бул иште келтирилген зыян 1 млрд. сомго жакын болушу мүмкүн. 16-17-мартта кармалган шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Бажыдагы коррупцияга шек саналып кармалган бажы кызматкерлеринин арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси да бар экенин айткан.

Эл аралык республикалык институттун (IRI) 2020-жылдагы сурамжылоосуна ылайык, бажы кызматы өлкөдөгү эң коррупциялашкан орган катары таанылган. Сурамжылоого катышкан 1,5 миң кыргызстандыктын теңи бажы кызматын коррупцияга баткан мекеме деп атаган.

Бажы кызматы: Автоунааларды бажылык тариздөөдө Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин ставкалары колдонулат

Бүгүн, 6-февралда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген жеңил автотранспорт каражаттарын бажылык тариздөө маселеси боюнча жыйын өттү.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары У.А.Кимсанов 2023-жылы бажы алымынын чендерин жогорулатуу боюнча интернетте тараган такталбаган маалыматтарга байланыштуу бизнес өкүлдөрүнүн кооптонуусун угуп, азыркы учурда жеңил унааларды  бажылык тариздөө  Евразия экономикалык бирлигинин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдердин алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин  2021-жылдын 14-сентябрындагы № 80 чечими менен бекитилген,  2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Бирдиктүү бажы тарифинин ставкалары колдонулаарын билдирди.

Ташып кирүү бажы алымынын ставкасын аныктоо үчүн төмөнкү классификациялык критерийлердин негизинде  Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин Товардык номенклатурасынын 10 белгисинин деңгээлинде тиешелүү кодду аныктоо зарыл: кыймылдаткычтын тиби, кыймылдаткычынын көлөмү, транспорт каражатынын чыгарылган датасы (жылы) (жаңы же колдонулган абалы).

Жеке жактар тарабынан өздүк пайдалануу үчүн жеңил  автотранспорт каражаттарын ташып келүүдө Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы №107 чечиминин №2 тиркемесинде белгиленген бирдиктүү чендер  боюнча алынуучу бажы алымдарын жана салыктарын төлөөгө тийиш.

Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 46-беренесинин 1-пунктуна ылайык автоунааны ички керектөө үчүн чыгаруу  бажы  жол-жобосуна коюуда төмөнкү бажы төлөмдөрү төлөнөт:

– товарлардын бажы наркынын 0,25 пайызы өлчөмүндө товарларды чыгарууга байланышкан аракеттер үчүн бажы жыйымы;

– салык салынуучу импорттун 12% өлчөмүндө кошумча нарк салыгы (мындан ары – КНС). Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 310-беренесине ылайык, ЕАЭБге мүчө болбогон мамлекеттерден импорттолуучу товарлардын салык салынуучу наркы болуп, аларды ташып келүүдө төлөнүүгө тийиш болгон бажы наркынын, бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасы саналат, КНСтен тышкары.

– Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 14-сентябрындагы № 80 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген чендер боюнча ташып келүү бажы алымы (расмий маалымат: Евразия экономикалык комиссиянын веб-сайтында www.eurasiancommission.org жана МБКнын сайтында www.customs.kg. жайгашкан).

Ошону менен бирге, 2023-жылы бажы төлөмдөрүнүн жалпы көлөмүнө таасир этүүчү бажы наркын жана бажы алымдарынын тиешелүү ставкаларын аныктоо тартиби 2022-жылдагы деңгээлде сакталганын белгилейбиз.

Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2017-жылдын 30-июнундагы № 74 “Өздүк пайдалануу үчүн транспорт каражаттарына тиешелүү айрым маселелер жөнүндө” чечими менен автотранспорт каражаттарынын жана мотоциклдердин кыймылдаткычынын көлөмүнүн жана чыгарылган учурун аныктоо тартиби (мындан ары – Тартип) бекитилген.

Бул Тартип өздүк пайдалануу  үчүн транспорт каражаты болуп саналган автотранспорт каражаттарынын жана мотоциклдердин чыгарылган мезгилин жана кыймылдаткычтын иштөө көлөмүн аныктоонун эрежелерин белгилейт.

Отурумдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына импорттоодо пайда болгон маселелерди изилдөө үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын компетенттүү кызматкерлердин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн  катышуусунда жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Мамлекеттик бажы кызматынын жамаатына жаңы төрагасы Самат Исабеков тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары  Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жамаатына жаңы төрага Самат Исабековду тааныштырды.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчисине чоң жоопкерчилик көрсөтүлүүдө, аны актоо зарыл.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысынын буйругу менен Самат Исабеков Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

УКМК: Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды

КР УКМК мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде фискалдык жана контролдук-текшерүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жигердүү иштерди улантууда.

Анын жүрүшүндө бажы кызматынын жетекчилери жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги катышкан бажы кызматындагы ири коррупциялык иштер боюнча маалыматтар алынган.

Ага ылайык Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттар түзүлгөнү, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлгөнү жана параларды системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы башкаруусунан товарларды жашыруунун схемалары колдонулганы күбөлөндүрөт.

Мындан тышкары, Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып жеке баюу максатында, Тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап тургандыгы аныкталды.

Аталган фактылар боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-январында КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында бул кылмышка шектүү делип Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК бул кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берип турат.

Бажы кызматкерлери бажы наркын жана бажы төлөмдөрүн аныктоо боюнча курстардан өтүштү

Үстүбүздөгү жылдын 10-23-ноябрларында бажы кызматынын 8 кызматкери “Бажы наркын жана бажы төлөмдөрдү аныктоо” темасы боюнча курстан өтүштү. Бул тууралу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Окутуу Бишкек шаарындагы ЕККУнун программалык офисинин көмөгү менен Адистештирилген окутуу бажысынын базасында өттү. Семинарды өткөрүүдө РФнын Россия бажы академиясынын лектору –  Сокольникова Ольга Борисовна тартылган. Курсту аяктаганда бажы кызматынын кызматкерлерине тастыктамалар тапшырылды.

Бажы кызматы бажы алымдары көтөрүлбөгөнүн билдирди

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы алымдары эки эсе көтөрүлгөнү тууралуу маалыматты четке кагып, 9-сентябрда түшүндүрмө берди.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо товардын бажы наркынын 0,25% бажы төлөмү, ЕАЭБдин ставкалары боюнча импорттук бажы алымы жана 12% кошумча нарк салыгы төлөнөт.

Ташып кирүү бажы алымынын белгиленген чендери Евразия экономикалык биримдиктин беш мүчө мамлекети – Кыргызстан, Беларус, Казакстан, Орусия жана Армения үчүн бирдей.

“Тиешелүү бажы алымдарын төлөөдөн качуу максатында, тышкы экономикалык ишмердиктин айрым ак ниеттүү эмес катышуучулары товарлар тууралуу жалган маалымат беришет. Мисалы, бажы алымдарынын кыйла жогору чендери коюлган “кийим, бут кийим” товарларынын ордуна, ташып кирүү бажы алымынын төмөн чендери берилет. Ошентип, мындай кырдаал ташуучу фирмалар товарларды базарлардын сатуучуларына иш жүзүндө бажы жагынан таризделген товарларга ылайык келбеген товарларды беришет”, – деп айтылат маалыматта.

8-сентябрда “Дордой” базарынын соодагерлери бажы төлөмдөрү эскертүүсүз эки эсе көбөйтүлгөнүн айтып, базардын аймагында пикетке чыгышкан. Алар бул маселе боюнча Бажы кызматына кайрылышканын, бирок түшүндүрмө берилбегенин айтышкан.

Самат Исабеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы У.А.Мариповдун 2021-жылдын 7-июнундагы буйругу менен Исабеков Самат Сатарович Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Бүгүн, 2021-жылдын 7-июнунда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана каржы министри Жапаров Акылбек Үсөнбекович бажы кызматынын өздүк курамына С.Исабековду тааныштырды.

Исабеков Самат Сатарович 1996-жылдан ушул күнгө чейин бажы органдарында иштеп, ар кандай ыкчам кызматтарда, анын ичинде жетекчилик кызматтарда иштеген.

Меню