Үстүбүздөгү жылдын 10-23-ноябрларында бажы кызматынын 8 кызматкери “Бажы наркын жана бажы төлөмдөрдү аныктоо” темасы боюнча курстан өтүштү. Бул тууралу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Окутуу Бишкек шаарындагы ЕККУнун программалык офисинин көмөгү менен Адистештирилген окутуу бажысынын базасында өттү. Семинарды өткөрүүдө РФнын Россия бажы академиясынын лектору – Сокольникова Ольга Борисовна тартылган. Курсту аяктаганда бажы кызматынын кызматкерлерине тастыктамалар тапшырылды.
Бажы кызматы, Бажы наркы, Бажы төлөмдөрү
0 комментариялар