Menu

Базз Лайтер мультфильми

Казакстанда "аял каармандар өбүшкөн эпизод" үчүн "Базз Лайтер" мультфильмин көрсөтүүгө тыюу салынды

Казакстанда америкалык Pixar компаниясынын “Базз Лайтер” мультфильми прокатка чыкпайт. Бул тууралуу өлкөнүн маданият жана спорт министри Даурен Абаев билдирди.

“Көптөгөн жарандардын жана ЖМКлардагы суроолорго жооп катары Казакстандын аймагында “Базз Лайтер” мультфильми көрсөтүлбөй турганын билдирем”, – деп жазды министр “Фейсбуктагы” баракчасына.

Буга чейин айрым социалдык түйүн колдонуучулары Базз Лайтердин аял каарман менен бир секунддук өбүшүүсү ЛГБТны пропагандалоо экенин жазып, бийликти өлкө аймагында мультфильмди көрсөтүүгө уруксат бербөөгө чакырышкан.

Казакстанда “Базз Лайтерди” көрсөтүүгө каршы 25-июнда онлайн-петиция жарыяланып, ага 37,5 миң киши кол койгон.

14-июлда Казакстандын Мусулмандар дин башкармалыгы бул мультфильмдин көрсөтүлүшүнө каршы экенин билдирген.

Жаш космонавт Базз Лайтердин окуясын баяндаган мультфильм Казакстанда 14-июлда прокатка чыкмак. Буга чейин бир катар мусулман өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттары “Базз Лайтерди” көрсөтүүгө тыюу салган. Андан соң мультфильмдин жаратуучулары “өбүшүү эпизодун” алып салышкан. Бирок батыш өлкөлөрүндөгү көрүүчүлөр авторлорду цензурага айыптагандан кийин кесилген сцена кайра кошулган.

Меню