Menu

Бакыт Райымкулов

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев: Президент Садыр Жапаров айрым парламентчилерди өлкөдөгү улуттар аралык ынтымакка терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон этиятсыз билдирүүлөрдөн сак болууга чакырат

«Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атына «Кыргызстандын дунган этносунун коомчулугу ассоциациясы» коомдук бирикмесинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Райымкуловдун ачык сүйлөгөн сөзүнө реакция кылуу өтүнүчү менен кайрылуу келди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондорду өнүктүрүү боюнча комитетинин кезексиз жыйынында депутат Б.Райымкулов дунган улутундагы жарандарды сабизге бааны жасалма көтөрүп жаткандыгын айтып айыптаган. Атап айтканда, ал: “Дунгандар бааны жасалма көтөрүп жатышат. Москва жана Сокулук райондору жетиштүү деңгээлде суу алышат, дунгандар ошол жерлерде жашайт, алар бааларды көтөрүп жатышат” деп билдирген.

Ушуга байланыштуу Президент Садыр Жапаров бардык жарандарды, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын өлкө бүтүндүгүнө жана элдин биримдигине доо кетирип, улуттар аралык ынтымакка терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон билдирүүлөрдөн сак болууга чакырат. Элдердин улуттар аралык биримдигине байланыштуу ар кандай билдирүүлөр өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга таасир этиши мүмкүн.

Ошондуктан Мамлекет башчысы бардык жарандарды, анын ичинде парламентчилерди сак болууга, бул темада чайкоочулук кылбоого чакырды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан – 100дөн ашык этнос жашаган көп улуттуу өлкө, биргелешкен аракеттерибиз менен гана күчтүү жана өнүккөн мамлекетти кура алабыз”, – деп белгиледи Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Меню