Menu

Бакыт Төрөбаев

Бакыт Төрөбаев ун темир жолдогу тыгындан улам кымбаттап жатканын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тийиштүү мамлекеттик органдардын жана ун, мунай ташуучулар ассоциацияларынын өкүлдөрү менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 19-сентябрда кабарлады.

Анда Казакстандан чыккан ундун баасынын жогорулашы, күйүүчү, майлоочу майдын баасы талкууланды. Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин айтып, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айтты.

“Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ун ишканаларын керектүү көлөмдөгү буудай менен камсыздайт. Мамлекеттик материалдык резервде күн карама майы, ун, кумшекер сыяктуу керектүү азык-түлүктөр жетиштүү көлөмдө бар. Биз эң аз дегенде беш ай бою өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз”, — деди Төрөбаев.

19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан. Депутат Жусупбек Коргонбай уулу өкмөттү чара көрүүгө чакырган.

“Эмне үчүн көчөдө нан, ун кымбаттап кетти? Нандын баасы 40 сомго чыгып кетиптир. Ун миң сомго кымбаттады”, – деген ал.

Март айында Улуттук статистика комитети 2017-2022-жылдар аралыгында дан азыктарынын баасы 51,1% кымбаттаганын билдирген.

Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу, Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон.

Бакыт Төрөбаев кытай элчиси менен "Бедел" өткөрмө бекетин ачууну талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 11-майда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвен менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын кабарлашынча, анда тараптар энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну, көзөмөл бекеттеринин ишин жакшыртууну, соода-логистикалык борборлорду түзүүнү жана айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоону жана кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушууларын уюштуруу сыяктуу бир катар маселелерди талкуулады.
Андан сырткары, жолгушууда Ысык-Көл облусундагы кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” өткөрмө бекетин ачуу жана Сары-Жаз дарыясына гидроэлектростанция куруу жөнүндө сөз болду.
“Жакын арада президент Садыр Жапаровдын Кытайга мамлекеттик сапары жана өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун иш сапары болот. Мындан улам биз болжолдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп алуубуз керек. Сапарлардын жыйынтыгында кыргыз-кытай мамилелери жаңы сапаттык деңгээлге жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүлөт деп ишенем”, – деген Төрөбаев.
Учурда Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында Нарын облусунда “Торугарт”, ал эми Ош облусунда “Эркечтам” өткөрмө бекеттери иштейт.

Бакыт Төрөбаев: Адамдардын саламаттыгы жана экологиянын тазалыгы үчүн желим буюмдардан арылуубуз зарыл

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, айлана-чөйрөгө, адамдардын саламаттыгына зыян келтирип жаткан желимден жасалган буюмдар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен ишкерлердин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө адистер, өзгөчө Ысык-Көл облусундагы кырдаалга токтолушту. Алардын белгилешинче, синтетикалык таштандылар Ысык-Көл акваториясынын флорасына жана фаунасына терс таасир алып келүүдө.

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул багытта атайын ченемдик укуктук актылар иштелип чыгуусун белгиледи.

“Баарыбызга белгилүү, желим бөтөлкөлөр, баштыктар жана башка буюмдар узак жылдар бою сакталып тура берет. Акыры ал адамзатка жана жаратылышка зыян алып келет. Ошол себептүү, экологиялык жактан таза буюмдарды колдонууга өтүүбүз зарыл”, – деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө Ысык-Көл облусундагы бардык эс алуу жайларында,  соода түйүндөрүндө желимден жасалган буюмдардын ордуна экологиялык жактан таза, кагаздан жасалган буюмдарын сатуу жана колдонуу сунушталды. Аны менен катар кагаздан жасалган баштык жана идиш буюмдарды чыгаруучу ишкана ачуу маселеси көтөрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, акыркы бир айда Ысык-Көл акваториясынан Түп районунун Өрүктү айылынан тартып Жети-Өгүз районунун Кызыл-Туу айылына чейин мыйзамсыз 48500 чарчы узундуктагы балык уулоочу тор, 4425 кг синтетикалык таштандыны көлдүн астынан чыгарган.

Бакыт Төрөбаев: Келээрки жылдары Бишкекте ыш маселеси жаралбашы керек

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкектеги ыштын келип чыгуу себептерин жана алардын алдын алуу жолдорун чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйында борбордогу ыш көйгөйүн чечүү боюнча жол карта талкууланды.

“Жылытуу мезгилин ийгиликтүү өтүү максатында экономика тармактарын жана калкты жеткиликтүү деңгээлде көмүр менен камсыздоо маселеси каралып келет. Ошол эле учурда,  ден соолукка терс таасирин тийгизген ыш маселеси экинчи планда калууда. Ушуга байланыштуу ыш маселесинин алдын алуу  иштерин күчөтүүбүз зарыл. Ыштын пайда болушун күтүп жата бербестен, анын пайда болуу себептерин чечүү жөнүндө түзүлгөн “жол картанын” негизинде тиешелүү жетекчилер иш алып барып, ай сайын иштин жүрүшү тууралуу так маалымат берүүңүздөр керек”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Адистердин айтымында, борбор калааны ыш каптоосуна себептеринин бири жаңы конуштарда, жеке менчик мончолордо көмүрдүн, желимдердин жана тигүү цехтериндеги калдыктардын жагылышы болууда. Бул жагдайды чечүү үчүн аларды жаратылыш газы менен камсыздоо каралууда. Ал эми калдыктарды жана желимдерди кайра иштетүү керек.

Мындан тышкары, ыш каптоого Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда жана отказандарда көмүрдүн колдонулушу, эски унаалардын көптүгү, таштанды таштоочу жайда таштандылардын өрттөлүшү, курулуш объектилеринин ирээтсиз курулушу жана бак-дарактардын азайышы болууда.

Бишкек шаарындагы абанын сапатын жакшыртуу долбоорунун алкагында тиешелүү булактардан каражаттарды тартуу күтүүлүүдө.

Көйгөйдү чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдар жумушчу тобун түзүү менен активдүү иштер жүргүзүлөт жана анын жыйынтыгы боюнча  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында жыйындар өткөрүлүп турат.

Бакыт Төрөбаев: Быйыл 50гө жакын чакан ГЭС курушубуз керек

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев быйыл Кыргызстанда 50гө жакын чакан ГЭС куруу зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу ал Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы 31-январда кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүш үчүн 1-апрелге карата Токтогул суу сактагычына 8,6 млрд м³ суу топтоо пландалууда. Быйыл 2,2 млрд. кВт саат электр энергиясын импорттоо каралган.

Кыргызстандын суу ресурстарынын энергетикалык мүмкүнчүлүгү 162 млрд. кВт саат, бул Борбор Азиядагы энергокордун 38% түзөт. Бирок эсептөөлөр боюнча, Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктүн 10% жетпегенин гана колдонот.

Кыргызстанда жылына 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок ал жалпы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам өкмөт жыл сайын Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын сатып алат.

Президент Садыр Жапаров 21-январда май айынан тарта электр энергиясынын тарифи 77 тыйындан бир сомго көтөрүлө турганын билдирген.

Азыр калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан, мекеме-ишканалар 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин төлөйт.ө

Бакыт Төрөбаев Айыл чарба министрлигинин жамаатына жаңы жетекчилерди тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына жаңы жетекчилерди тааныштырды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругуна ылайык, Раматов Мурат Садинович жана Насирдинов Самат Насирдинович айыл чарба министринин орун басарлары болуп дайындалышты.

Буга катар Жоробеков Тариэл Улукбекович Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин директору болуп дайындалды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, жазгы талаа иштерине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү дыйкандардын алдыдагы айдап-себүү иштериндеги кыйынчылыктарды ийгиликтүү жеңе тургандыгынын кепилдиги.

«Биздин алдыбызда алдыдагы жазгы-талаа иштерине даярдыкты бүгүнтөн баштоо милдети турат. Биз айыл-чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү сапаттуу сертификацияланган жер семирткичтер, үрөн жана көчөт материалдары менен камсыз кылышыбыз керек. Тракторлордун жана башка атайын техникалардын даярдыгы бүгүнтөн текшерилип, кандайдыр бир маселе жаралса дароо чечилиши керек», – деди Бакыт Төрөбаев.

Анын айтымында, дагы бир орчундуу маселе – мамлекеттик сугат фондунун алдыдагы сугат мезгилине даярдыгы.

«Гидротехникалык курулуштарды, насостук станцияларды, ирригациялык скважиналарды куруу жана оңдоо укугуна тендерлерди өткөрүү боюнча иш-чаралар белгиленген мөөнөттө жыйынтыкталышы керек. Ошондой эле дыйкандарды Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарына жооп бере турган ветеринардык дары-дармектер менен камсыздашыбыз керек», – деди ал.

Бакыт Төрөбаев ведомствонун алдында турган бардык милдеттер жаңы жетекчилердин кесиптик чеберчилигине, билимине жана тажрыйбасына жараша тез арада аткарыларына ишеним билдирди.

«Айыл чарба министрлигинин кызматкерлерине бүтүндөй айыл чарбасынын түшүмдүүлүгү жана рентабелдүүлүгү түздөн-түз көз каранды болгон чарбалардын бардык категорияларын колдоого багытталган жемиштүү иштерди каалайм», – деп белгиледи ал.

Бакыт Төрөбаев финансы институттарын Баткен облусун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө чакырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Тажикстан Республикасы тараптын куралдуу агрессиясынын натыйжасында жабыркаган Баткен облусунун ишкерлерине колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) социалдык объектилерди каржылоону демилгелегендигин белгиледи.

Ал мамлекеттик банктарды жана өнүктүрүү фонддорун бизнес чөйрөсүн калыбына келтирүүгө жигердүү катышууга жана Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда иш менен камсыз кылууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү бизнес долбоорлорду тез арада каржылоого киришүүгө чакырды.

Жыйында Улуттук банкка коммерциялык банктар тарабынан бизнес-долбоорлорго кредит берүүнүн форматын жана механизмдерин кайра карап чыгуу, же өзгөртүү сунушталды, мында көпчүлүк мекендештерибиздин күрөөгө коюлчу мүлкү жана чет элдик валютада кредиттерди алууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин эске алуу менен долбоорлорду каржылоо механизмине басым жасалды.

Ошондой эле жыйында көпчүлүк мекендештерибиздин күрөөгө коюучу мүлкү жок экендигин жана чет элдик валютада насыя ала албай жаткандыгын эске алып, Улуттук банкка коммерциялык банктар тарабынан бизнес долбоорлорго насыя берүүнүн форматын жана механизмдерин кайра карап чыгуу, же өзгөртүү сунушталды.

Буга катар Айыл чарба министрлигине дыйкандар өстүргөн картошканын түшүмүн сатуу, кошумча көлөмдө кумшекер, май сатып алуу маселелерин тез арада колго алуусу тапшырылды.

Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин жыйынтыгы боюнча Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондуна жана Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондуна, ошондой эле «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондуна бир жуманын ичинде Лейлек эркин экономикалык аймагын өнүктүрүү боюнча долбоорду карап чыгууну сунуштоо чечими кабыл алынды ,  «Айыл банк» ачык акционердик коомуна “Тазаланган күн карама майын өндүрүү” долбоорун ишке ашырууга катышуу сунушун киргизүүсү, “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна “Базальт ташын, базальт буюмдарын кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк комплексти уюштуруу” долбооруна катышуу жана «Золотой орех» жоопкерчилиги чектелген коомуна “Грек жаңгагын кайра иштетүү” долбоорун ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүүсү тапшырылды.

Бакыт Төрөбаев Токтогул жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Токтогул ГЭСинин жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин абалы менен таанышты.

Ал ошондой эле Камбар-Ата -1 ГЭСин курууга даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бир күн мурун Бакыт Төрөбаев энергетикалык компаниялардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен алдыдагы күз-кыш жылытуу мезгилине карай даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары калкты жана экономика тармактарын жылытуу мезгилине карата электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында белгиленген бардык иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сапар жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Бакыт Төрөбаев: Жер жана суу ресурстары базар мамилелеринде товар катары каралыш керек

“Жер жана Суу Кодекстеринин жаңы редакциясын иштеп чыгуу – бүгүнкү күндүн талабы. Аталган жаратылыш ресурстары базар мамилелердин объектиси катары карай турган учур келди», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 12-августта, Жер жана Суу Кодекстеринин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кеңешмесинде.

Кеңешмеге Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн адистери катышты.

Жумушчу топтун отурумунда Бакыт Төрөбаев мыйзам долбоору боюнча алгылыктуу сунуштарды киргизүү жана белгиленген мөөнөттө кодекстерди иштеп чыгуунун зарылдыгын баса белгиледи.

«Жер жана Суу кодекстердин кабыл алынганына 20 жылдан ашык убакыт өттү, ошондуктан учурдун талабына жооп берген мыйзам кабыл алуу керек. Бул кодекстер жерди жана сууну жаратылыш ресурсу катары, ошол эле учурда базар мамилелердин объектиси катары караган ченемдерди камтышы зарыл»- деп белгиледи ал.

Мындан тышкары ал, Кодекстерди иштеп чыгууга жылдын аягына чейин убакыт берилгенин айтып,отурумдун катышуучуларын буга олуттуу мамиле кылууга чакырды.  Аны менен бирге мыйзам долбоорунда бири-бирине карама каршы келген  ченемдери бар экенин белгиледи.

“Долбоордогу карама каршылыктарды талдап, колдонулуп жаткан мыйзамдардын ордуна бардык ченемдерди Кодекске киргизип, бир эле укуктук ченемдик акты менен иштөө боюнча сунушун карап чыгууну белгиледи.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда Мамлекет башчысы тарабынан Айыл чарба министрлигине Жер жана Суу кодекстеринин жаңы редакциясын иштеп чыгууну тапшырган. Өлол жетекчисинин тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында аталган кодекстерди иштеп чыгуу боюнча түзүмдөр аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Бакыт Төрөбаев: Элдин көйгөйлөрүн угуп, жеринде чечүүгө жана аткарууга алабыз. Бул Президенттин бизге койгон талабы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков Токтогул районунун тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин укту. Жолугушууга райондун ар кыл айылдарынан келген 400гө чукул адам катышты.

Бакыт Төрөбаев Президенттин тапшырмасы менен жеринде элдин үнүн угуп,  көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө аракет көрүү үчүн аймактарды кыдырууга чыкканын билдирди.

«Жакында эле Президентибиздин катышуусунда Токтогул районунун эли менен жолугушуу өткөң. Анда эл тарабынан 87 суроо-талап айтылып, анын негизинде 167 иш чаралар аткарууга алынган. Бүгүн да ал маселелер четинен ишке ашып жатат. Бүгүн да сиздер көтөргөн көйгөйлөр жеринде чечилип, тиешелүү мамлекеттик кызматтарга аткарууга тапшырмаларды коебуз»- деди Бакыт Төрөбаев.

Жолугушууга катышкан тургундар негизинен жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо, жеке маселелерине байланыштуу укук коргоо органдарына, соттун чечимдерине болгон нааразычылыктар көтөрүлдү. Ошондой эле кескин көтөрүлгөн маяна үчүн маданият кызматкерлери ыраазычылыктарын билдиришти. Мындан сырткары алыскы айылдагы медицина кызматкерлеринин таңкыстыгы, социалдык имараттардын жоктугу сыяктуу маселелер көтөрүлдү.  Тургундардын кайрылуулары арыз түрүндө да кабыл алынып, алардын ар бирине жооп болору айтылды.

Президент Садыр Жапаровдун өлкөбүздүн аймактарына жумушчу сапарындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар учурунда бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, алардын басымдуу бөлүгүн соттордун чечимдерине,укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата нааразычылыктар айтылган. Ошол себептен улам мамлекет башчысы тиешелүү жетекчилерди жер-жерлерге чыгып,   элдин маселелеринен кабар алууну тапшырмасын койгон.

Ушул сыяктуу эл менен жолугушуулар өлкөнүн бардык аймактарында уюштурулат.

Меню