Menu

“Батуми” кафеси

УКМК: "Батуми" кафесин мыйзамсыз буздурган вице-мэр Нурдан Орунтаев кафе ээлерине 3 миллион сомдук зыянды төлөп берет

КР УКМК төрагасы, генерал-лейтенант К.Ташиевдин тапшырмасына ылайык, “Батуми” кафесинин бузулуп, демонтаждалышынын мыйзамдуулугу жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери башталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Батуми” кафесинин негиздөөчүсү тарабынан муниципалдык менчикти пайдалануу чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын талаптарын бузуулар аныкталды, алар тиешелүү ижара келишими жок айланасындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайды негизсиз пайдаланышкан.

Ошондой эле бул тармакты көзөмөлдөгөн Бишкек шаарынын вице-мэри Н.Орунтаевдин мыйзамсыз аракеттери да аныкталды. Тактап айтканда, Н.Орунтаев кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып салуунун ордуна ээсинин мүлкүн түз жок кылуу жолу менен демонтаждоону уюштурган. Имаратты бузуунун натыйжасында үч миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул боюнча КР УКМК тарабынан вице-мэр Н.Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына КР Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү) жана 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө Н.Орунтаев жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурууну өзүнө алды.

Көрсөтүлгөн жагдайлар эске алынып, Н.Орунтаев келүү убадасы менен бошотулуп, козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Белгилей кетсек, КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.Ташиев вице-мэр Н.Орунтаевге мындан ары кызмат адамы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузган мыйзамсыз аракеттерге жол берилбестигин белгиледи.

Вице-мэр Нурдан Орунтаев УКМКда сурак берүүдө

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев бүгүн 26-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип жатканын жеке булактар тастыкташты. Ал суракка “Батуми” кафесинин ээсинен түшкөн арыздын негизинде чакырылганы маалымдалды.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Батуми” жайгашкан жерге 25-майда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен барып келгенин мекеменин басма сөз кызматы билдирген. “Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде буздуруу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды”, – деп жазылган билдирүүдө.

“Батуминин” ээси УКМКга жана Башкы прокуратурага арызданганын 25-майда анын юристи Кайсын Абакиров билдирген.

“Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга, башка бирөөнүн өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлкүн атайылап жок кылууга байланыштуу кылмыш жообуна тартуу боюнча укук коргоо органдарына арыздарды бердик. “Батуми” кафесин мыйзамсыз бузууну уюштурган бардык аткаминерлерди тез арада жоопко тартууну жана бул оор кылмышка тиешеси бар бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопко тартып, аты-жөнүн жарыялоону талап кылабыз”, – деп билдирген Абакиров.

Анын айтымында, “Батумиге” ээлик кылган “Эстоунд” коомунун колунда бардык уруксат документтери, анын ичинде Бишкек шаарынын Башкы архитектура мекемеси бекиткен архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттары бар.

Кафенин сметалык баасы 80 миллион сом экенин, мыйзамсыз бузуунун кесепетинен келтирилген алдын ала материалдык чыгым 9 миллион сомго бааланып жатканын айткан адвокат Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына кафени буздуруу тапшырмасы берилген 2023-жылдын 17-майындагы №13-01/390 каты бар экенин, бирок ал бузууга негиз боло албай турганын кошумчалады.

Нурдан Орунтаев 25-майда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү билдирген:

“Биздин ишибиз мыйзамдуу. Комиссиянын чечими бар, ижаранын мөөнөтү да бүткөн. Ал жер болсо муниципалдык жер. Биз барып бирөөнүн мүлкүн басып алган жокпуз, аша чаап да кеткен жокпуз. Мен бул маалыматты толугу менен четке кагам. Биз болгону ишибизди кылып атабыз”.

“Батуми” буздурулуп жаткан видеолор, сүрөттөр 24-майда жарыяланып, кызуу талкуу жараткан.

Бишкек мэриясы кафени буздурууга анын курулушу жана иштеши боюнча “көптөгөн эреже бузуулар” негиз болгонун билдирген. Мэриянын басма сөз кызматынын 24-майдагы маалыматына караганда, шаар башкармалыгы жердин ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткан:

“Жер тилкесин ижарага берүү маселесин караган комиссиянын чечиминин негизинде “Эстаунд” жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылды. Бул объектти курууда жана анын иштешинде көптөгөн эреже бузуулар аныкталды. Ошондой эле бул райондо жашаган тургундардан арыз-даттануулар түшүп, чыр-чатактар катталып келген”.

Мэриянын маалыматына караганда, жалпы аянты 1300 чарчы метрлик кафени өз алдынча буздуруу тууралуу маалымдама 17-майда жөнөтүлгөн, бирок бул талап аткарылган эмес, буздуруу иштери 24-майда жүргүзүлдү.

Курулушу мыйзамсыз экени аныкталган имараттарды, имараттарга кошумча салынган курулмаларды алуу, бузуу иштери буга чейин да жүргүзүлүп келген.

“Батуми” Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүнүн боюнда жайгашкан.

Меню