Menu

Бахтияр Гуламов

Оштогу "Манас-Ата" кафесинин администратору Машрапхон Кушакбаева кызматынан алынды

Мурда маалымдагандай Ош шаарынын Манас-Ата кафесиндеги окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган коомдук тамактануучу жайдын жетекчилигине, администраторуна түшүндүрүү иштери бул тууралуу маалыматтар интернет булактарына жарыяланган учурда эле жүргүзүлгөн.
Бүгүн, 29-июнда  бул окуяны текшерүүнүн алкагында аталган кафенин ээси Бахтияр Гуламов Ош шаардык ички иштер башкармалыгына чакыртылып, окуя боюнча суралды. Ал жарандарга орой мамиле жасагандыгы үчүн кафенин администратору Машрапхон Кушакбаева кызматтан кетирилгендигин билдирди.
Ошондой эле тергөө кызматына аталган кафенин администратору, блогерлер менен түшүнбөстүккө барган Машрапхон Кушакбаева, анын жардамчысы Ориф Аширалиев тергөө кызматына алынып келинип, окуя боюнча көрсөтмөлөрүн беришти.
Окуя маалыматтардын электрондук журналына катталды. Ар тараптуу текшерүүлөр жүргүзүлүп, катыштыгы бар жарандарга тиешелүү юридикалык баа берилет. Кафенин окуя болгон учурдагы администратору Машрапхон Кушакбаеванын айткан сөзү боюнча атайын экспертиза дайындалды.
Ошол эле мезгилде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяны шылтоо кылып, улуттар аралык араздашууну күчөткөн, жарандардын улутуна, жеке кадыр-баркына доо кетирген комментарийлерди жазуудан баш тартууга чакырат.
https://www.youtube.com/watch?v=0KfTsCTBKM4
Эсиңиздерге сала кетсек, 21-июнда Ош шаарындагы “Манас-Ата” кафесинин администратору Машрапхон Кушакбаева менен анын жаржамчысы Ориф Аширалиев “Не сахар” берүүсүнүн журналисти менен операторун кафеге киргизбей жаңжал чыгарышкан. Улут аралык ынтымакка шек келтирчү сөздөрдү айткан.
https://www.youtube.com/shorts/j3vCBik-krE
Меню