Menu

баңги зат

УКМК: 7 кг салмактагы баңги заты табылып алынды

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогторун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда. 

2021-жылдын 9-декабрында Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылынын тургуну “К.К.” аттуу жаранга тиешелүү «Опел» үлгүсүндөгү жеңил унаада катылган жеринен болжол менен 7 кг салмактагы баңги заты табылып алынды.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган баңги заты гашиш (кара куурай) экени аныкталды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Меню