Menu

Бейбаштык

ИИМ: Ысык-Көлдөгү скутердин ижарачылары менен эс алуучулардын ортосундагы мушташтын эки тарабы тең камакка алынды

16-август күнү Кош-Көл айылынын “Радуга Вест” эс алуу борборуна жакын орун алган пляжда скутердин ижарачылары менен эс алуучулардын ортосундагы окуя боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иштери козголду.

Мурда маалымдалгандай, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында окуяга катышкандардын өздүктөрү аныкталган. Алар скутердин ижарачылары – 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Ж., Кош-Көл айылынын тургундары С. А. жана Б. Э., ошондой эле эс алуучулар – Казакстан Республикасынын Алматы шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, 55 жаштагы С. Д. жана анын уулу 27 жаштагы С. Э. болуп чыгышты. Окуянын бардык катышуучулары Ысык – Көл РИИБдин тергөө кызматына алып келинип, алардан көргөзмөлөрү алынган.

Эки тарап тең арыз жазып, арыздары Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуяга катышкандардын жана күбөлөрдүн берген көргөзмөлөрү, ошондой эле видеокөзөмөлдөө камераларынан жана күбөлөр тараптан тартылган видео тасмалар толук иликтенип, тергөө кызматы – окуя скутер менен көлдүн үстүнөн айдагандын белгиленген убакыт боюнча талаш – тартыштан улам болгонун аныктады. Оозеки пикир келишпестиктин натыйжасында эс алуучу 27 жаштагы С.Э. скутердин ижарачысы 18 жаштагы С.А.ны биринчи уруп жибергенден кийин, башка скутердин ижарачылары эс алып жаткан атасы менен баласын сабашкан.

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында, скутердин ижарачылары Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну А.Ж., жана Кош-Көл айылынын тургуну С.А., ошондой эле Казакстан Республикасынын Алматы шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жараны, 27 жаштагы С.Э. сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Ысык-Көл РИИБдин УКЖга киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда.

ИИМ: Бейбаштык кылып Бишкектин тургунун сабаган Таластын тургуну кармалды

ИИМдин КИББнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери  тарабынан бейбаштыкка шектелген жаран кармалды.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Буга чейин Ленин райондук милициясына арыз келип түшкөн. Анда, 2022-жылдын декабрь айында шаардын тургунунун денесине залал келтирген белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү айтылган.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча денеге келтирилген жаракаттын оордугу жалпысынан ден соолукка жеңил зыян катары бааланат.
Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан, Талас облусунун тургуну 1995-жылы туулган Д.уулу А. аттуу жаран кармалган.
КИББнын Үчүнчү башкармалыгынан билдиришкендей, кармалган жаран буга чейин ар кандай оор кылмыштар үчүн бир нече жолу сот жообуна тартылган.
Шектүү жаран Бишкек шаарынан кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Сузак милициясы Мундуз мал базарында 3 жаранды аёосуз сабап, көзгө таш менен уруп, качып кетишкен 6 жаранга издөө жарыялады

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Туу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 3-февраль күнү саат 16:00 чамасында Сузак районунун Мундуз айылында жайгашкан мал базарда 2 бир тууганын жана өзүн, сырттан тааныш болгон Абдулла, Абдыкалык, Абдумалик, Иса жана аттары белгисиз болгон 3 шериктери менен биргелешип көптөп сабашып, көзүнө таш менен уруп койгондугун билдирген. 

Натыйжада алар денелеринен алган жаракаттарынан улам Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылышкан.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыш иши боюнча 2023-жылдын 4-февралында Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 1994-ж.т. Т.А. кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына бир айга киргизилген.

Мындан сырткары милиция тарабынан бул окуяга шектелген 6 жарандын өздүктөрү такталган. Бирок алар жүргөн жерлерин жашырып, кайда экендиги белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу кылмыш ишине шектүүлөрдү табууга коомчулуктан жардам сурайбыз.

Кылмышка шектүүлөрдүн баары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Чолок-Терек айылынын тургундары. Алар:

  1. Сариков Абдыкалык Абдулхакимович1984-жылы туулган. 
  2. Сариков Ысабек Сатимкулович – 1985-жылы туулган. 
  3. Сариков Батирбек Сатимкулович – 1989-жылы туулган. 
  4. Ахматов Аскарбек Ахматович – 1990-жылы туулган. 
  5. Сатимкул уулу Абдималик – 1994-жылы туулган.  
  6. Алмаз уулу Марат – 1995-жылы туулган. 

Сузак РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан жогорудагы жарандарга 2023-жылдын 8-февралында издөө иши ачылган. 

Эгерде жогорудагы жарандардын кайда жүргөндүгү тууралуу маалыматтар болсо төмөндөгү номерлерге кабарлап коюуңуздарды суранабыз. 

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Телефон: 102, (03748) 5 02 09, (0558) 16 16 91.

Аламүдүн районунда 58 жаштагы тургунду 50 жаштагы тургун бычактап кеткен

24-январь күнү болжол менен саат 21:17 чамаларында Аламүдүн РИИБүнө, Пригородное айылында бир жаран бычактан жаракат алган окуя туурулуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Аламүрүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Бул тууралу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирет.

Териштирүү учурунда Пригородное айылындагы эки жаран мас абалында пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, бири бычак менен экинчисинин денеси залал келтиргени маалым болгон.
Жабырлануучу 58 жаштагы А.А. экендиги такталып, ал Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.
Бул факты кылмыштардын билдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 50 жаштагы Д.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Териштирүү иштери улантылууда.

Аламүдүндө 24 жаштагы жаранды бычактап кеткен 25 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран кармалды

Аламүдүн районунда денеге оор залал келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Үстүбүздөгү жылдын 25-декабрь күнү Аламүдүн РИИБнө ооруканалардын биринен телефон чалуу болуп, Аламүдүн районунун Кырман айылынын 24 жаштагы жашоочусу У.К. бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.
Бул факты Аламүдүн РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 25 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Окуянын келип чыгуу себептери териштирилүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Чүйдө талаада иштеп жүргөн өз тууганын сабашып, тоноп кетишкен жарандар кармалды

29-июнь күнү Аламүдүн районунун ИИБнө ооруканалардын бирине дене жаркаттары менен эркек киши жаткырылгандугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Ал жерден милицияга 1993-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү 29-июнь күнү болжол менен саат 05:30 чамаларында Мраморное айылындагы талаалардын биринен туугандары аны сабап, алардын бири 3500 сом акчасын алып кетип калганын билдирген. Арыздануучу алган жаракатынан улам аймактык ооруканага кайрылган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзулүп, окуяга шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, алардын бири 1993-жылы туулган А.А. милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

УКМК: Бейбаштык кол салуудан улам УКМКнын кызматкери каза болду

Кечээ, 20-июнда Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерине топтолгон жаш балдар тарабынан жасалган бейбаштыктын натыйжасында, КР УКМК Ош шаардык жана Ош областык башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери каза болду.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү “Бейбаштык менен өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды.

Кыргыз Республикасынын УКМК каза болгон Улуттук коопсуздук кызматынын  кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең көңүл айтабыз. Сиздердин кайгыңыздар менен тең бөлүшөбүз.

Чүй районунда 63 жаштагы жаран мечитте эки жолу ок атып, бирөөнүн башына тапанчасын такап, бейбаштык кылганы үчүн кармалды

Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 50 жаштагы М.М. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 15-июнь күнү болжол менен саат 21:00 чамаларында Чүй районундагы мечиттердин бирине бейтааныш бирөө кирип, колундагы куралын арыз ээсине такап аны коркутуп,  мечиттин дубалын каратып, эки ирээт ок чыгарып кийин белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Чүй районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип, 63 жаштагы А.А. аттуу Чүй облусунун жашоочусу кармалган. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдары учурунда кармалган жарандан травматикалык тапанча ок-дарылары менен алынган.
Окуя боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Меню