Menu

Бейөкмөт уюмдар

HRW кыргыз бийлиги сунуштаган бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбооруна чочулоосун билдирди

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму кыргыз бийлиги сунуштаган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору жарандардын эркин чогулуу укугун чектеп, өкмөттүк эмес уюмдарга басымды күчөтөт деп эсептейт. Мындай билдирүү эл аралык уюмдун сайтына жарыяланды.

Анда HRW жаңы сунушталган мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдардын жабылышына алып келет деген чочулоосун билдирген.

“Кыргызстандын өкмөтү жарандык коомдун ишмердигин чектеген пландарынан баш тартып, анын ордуна эркин чогулуу укугун камсыздоо боюнча эл аралык милдеттемелерин аткарышы керек”, – деп билдирген Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия өлкөлөрү боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

2-ноябрда президенттик администрация бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Документке ылайык, “чет өлкөлүк бейөкмөт уюм” деген түшүнүк кирип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт. Долбоор колдоо тапса, бардык бейөкмөт уюмдар тизмеге алынат, аларды Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги толук көзөмөлдөйт, каржылык текшерүү күчөйт, айрымдарына мамлекет колдоо көрсөтө алат.

Бийликтин бул сунушун бир катар укук коргоо уюмдары сындап чыгышкан. Бейөкмөт уюм катары көптөгөн жылдан бери укугу бузулган кыргызстандыктарга жардамын берип келаткан “Бир Дүйнө Кыргызстан” кыймылы жана “Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар” түйүнү билдирүү таратып, президенттик администрациянын сунушу коррупцияга жана бюрократияга жол ачарын, жарандык уюмдарга жасалма тоскоолдук жаратарын жана ал Конституцияга, эл аралык стандарттарга, Кыргызстандын милдеттенмелерине карама-каршы келерин белгилеген.

19-ноябрда Кыргызстандын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) демократиялык институттар жана адам укугу бюросу менен Венеция комиссиясына кайрылып, бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна биргелешип укуктук баа берүүнү өтүндү.

“Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндөгү азыркы мыйзам 1999-жылы кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын бейөкмөт уюмдар тууралуу жаңы мыйзамы боюнча АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирүү таратты

Бүгүн, 8-июлда АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Кыргыз Республикасынын бейөкмөт уюмдар тууралуу жаңы мыйзамы боюнча билдирүү таратты (текст):

Америка Кошмо Штаттары жакында Кыргыз Республикасынын бейөкмөт уюмдарга (БӨУ) каржылык жана программалык отчеттуулукту камсыз кылуу боюнча оор талаптарын койгон мыйзамды кабыл алганына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет. Жаңы талаптар бейөкмөт уюмдардын жарандардын жашоосун жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө коркунуч келтирип, өкмөттүн COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүүсүнө көмөктөшүү боюнча өкмөттүк эмес уюмдардын иш-аракеттерине тоскоолдук жаратат. Окшош мыйзамдар башка өлкөлөрдө туура эмес колдонулуп, өкмөттү жана саясий ишмерлерди сындаган уюмдарды бутага алган, жана бул өз пикирин билдирүү эркиндигине шек келтирет. Биз өлкө жетекчилигин мыйзамды жана анын кыргыз демократиясынын пай дубалы болгон жарандык коомуна тийгизген таасирин кайра карап чыгууга чакырабыз. Эгемендүүлүккө жеткенден бери 30 жылдай мурун түптөлгөн Кыргыз Республикасындагы күчтүү плюрализм жана биримдиктердин эркиндиги салтын коргоо жана бекемдөө зарыл.

Меню