Menu

Бензин

Июнда бензин дагы 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн

1-июнда бензиндин бир литри 2,5-3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Мекеме күйүүчү май саткан компаниялар бааны акырындык менен көтөрүүгө аракет кылышарын жана кескин өзгөрүүлөргө барбай турганын маалымдады.

Ассоциация мунун себебин дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кымбаттап баратканы менен түшүндүрөт. Мунайдын Brent үлгүсү соңку бир аптада 1,2% кымбаттап, $77,34 чейин чыккан.

Маалыматка караганда, Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму – ОПЕК жана ОПЕК+ (Organization of Petroleum Exporting Сountries) тобуна мүчө өлкөлөр 4-июнда мунайды казууну азайтуу маселесин талкуулаганы жатат. Бул мунайдын дүйнөлүк баасына дагы таасир этиши мүмкүн.

Ассоциация Украинадагы согушка байланыштуу Батыштын Москвага салган санкцияларынан кийин Орусияда мунайды казуу төмөндөгөнүн, бул мунай заттардын кыскарышын шарттап, заводдордо анын баасынын көтөрүлүшүнө алып келгенин билдирет. Кыргызстандагы соңку мезгилдеги кымбаттоолордун себеби ушул жагдай менен түшүндүрүлүп жатат.

Орусия Федерациясы ушул тапта ички дефицитти жана баанын көтөрөлүшүн алдын алуу үчүн бензинди сыртка экспорттоого тыюу салууну талкуулоодо. Буга байланыштуу Кыргызстандык компаниялар Орусиядан күйүүчү май ташып келүүдө түрдүү көйгөйлөргө туш болуп жатышат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылгандай, орточо баа былтыркыга караганда бир аз төмөндөдү. Ошол эле маалда бир-эки жыл мурдагыга караганда кымбатыраак.

Учурда Кыргызстандын аймагында бензиндин А-95 үлгүсү 59 сомдон 63 сомго чейин сатылууда. А-92 үлгүсү 53 сомдон 57 сомго чейин, А-80 үлгүсү 46 сомдон 56 сом. Ал эми дизелдин баасы айрым жерлерде 67-68 сомдон болуп жатса, кээ бир жерлерде 74-75 сомдон деп көрсөтүлүп турат.

Нефтетрейдерлер: күйүүчү майдын арзандашы сезондук көрүнүш

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май рыногундагы кырдаалга түшүндүрмө берди.

Бишкекте 30-январда өткөн басма сөз жыйынында ал Орусиядан күйүүчү майларды ташып келүүдө үзгүлтүк жок экенин белгилеп, баалардын арзандашын убактылуу деп баалады.

“Декабрдан тартып Орусиялык компаниялар бизге берген дүң бааларга сезондук арзандатуу кылышты. Ошол себептүү биздин компаниялар дагы чекене бааларды 1-2 сомдон 3-4 сомго чейин түшүрдү. Бирок бул сезондук гана арзандатуу. Биздеги запастар бир-эки айга жетет. Азыр ноябрдагы-декабрдагы запастар сатылып жатат. Орусиялык компаниялар февралда кайра 10% жогорулатышат. Ошондо баа дагы бир аз көтөрүлүшү мүмкүн. Дизель отуну боюнча Орусиядагы баалар түшпөй жатат. Себеби Украинадагы кырдаалга байланыштуу ал жактын өзүндө дизел тартыш. Биздин компаниялар тескерисинче, зыянга сатып, кирешесин бензин менен баланстап жатышат”, – деди Эшатов.

Өкмөттөр аралык келишимдерге ылайык, 2022-жылдагы бажы төлөмүсүз 650 миң тонна бензин, 550 миң тонна дизел ташып келүүгө уруксат берилген. Быйыл бензинге 460 миң тонна, дизелге 480 миң тонна гана чек коюлду.

Кыргызстандык компаниялар Орусиядагы заводдордон 2020-жылы бензиндин тоннасын 300 доллардан алса, 2021-жылы 700 долларга, 2022-жылы 790-800 доллардын тегерегинде сатып алып жатышкан.

Дизел отунунун тоннасы 2020-жылы 350-360 доллардан болсо, 2021-жылы 600 доллардан, 2022-жылы орточо 800 доллардан келип жаткан.

2023-жылдын башында бензиндин тоннасы дүңүнөн 400-500 доллардын тегерегинде бааланса, дизелдин чыгыш баасы 1000 доллар болууда.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн. 300 миң тоннадан 1 млн. 500 миң тоннага чейин жетет. Бул сумма ар кандай жагдайларга карап өйдө-ылдый болуп турушу мүмкүн.
Улуттук статистика комитетинин мониторингинде көрсөтүлүп тургандай, орточо баа былтыркыга караганда бир аз төмөндөдү.

Учурда бензиндин А-95 үлгүсү 64,25 сомдон, А-92 үлгүсү 58,83 сомдон, А-80 үлгүсү 55,80 сомдон сатылууда. Дизелдин баасы көтөрүлүп, 74,80 сомдон бааланууда.

Бул орточо баалар. Май куюучу жайлардын жайгашкан жерине карата айырмачылыктар чыга берет.

Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги күйүүчү майды арзандатуу боюнча иш-аракет жүрүп жатканын кабарлаган эле.

Монополияны жөнгө салуу агенттиги күйүүчү май арзандашы мүмкүн экенин билдирди

Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги күйүүчү майды арзандатуу боюнча иш-аракет жүрүп жатканын кабарлады.

Агенттиктин маалыматына ылайык, 2023-жылдын башынан тартып бензиндин дүң баасы арзандап жатат. Мындан улам жакынкы айларда бензин 5-6 сомго арзандайт деп божомол бар.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы азырынча арзандоо жөнүндө маалымат тарата элек.

Учурда Бишкек шаарында бензиндин А-95 үлгүсүндөгү бензиндин литринин орточо баасы 62 сомдун тегерегинде.

А-92 бензининин литри 57 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Дизелдинбаасы орто эсеп менен 73 сомдун айланасында. Аймактарда мындан жогору болушу мүмкүн.

Күйүүчү майдын баасы Кыргызстанда акыркы жылдары кескин кымбаттап жатат. Маселен, 2020-жылдары А-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 35 сом болчу. Кыргызстан күйүүчү майды Орусиядан алат.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы: Кыргызстанда бензин ноябрда 9-10 сомго чейин кымбаттайт

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу май рыногундагы олку-солку абалга байланыштуу түшүндүрмө берип, бензин менен дизелдин баасы кымбатташы мүмкүн деген жоромолун бөлүштү.

Ассоциациянын президенти Канат Эшатов билдиргендей, сентябрдын башында кыргызстандык компаниялар Орусиядагы заводдордон бензиндин тоннасын 700 доллардан алып турушса, азыр 800-820 доллардан сатып алууда. Дизелдик отундун чыккан баасы мурдагы айда 600 доллардан болсо, октябрда 700-720 долларга чыкты. Бул Кыргызстанда келерки айдагы бааларга таасир этет.

“Компаниялар азыр Орусияда келишим түзсө, куду ушул өскөн баалар менен түзүлүүдө. Алар алган күйүүчү майлар ошо менен эки аптадан кийин, башкача айтканда ноябрдын баштарында келет. Натыйжада бензин менен дизелдин баалары азыркыга салыштырмалуу 8 сом 90 тыйындан баштап 9-10 сомго чейин көтөрүлөт. Ноябрдын баштарында аз-аздан кошулушу мүмкүн, бирок айдын аягында баа ушул көлөмдө өсөт”, – деди ал.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы мурдагы божомолунда күйүүчү-майлоочу майлар октябрда 1,-1,5 сомго чейин баа кошорун эскерткен эле. Соңку баалар көрсөткөндөй, бул жоромол туура болуп чыкты. Муну алдын алуу үчүн бул тармактагы ишкерлердин уюму бензинге акциздик салыктын ченин убактылуу төмөндөтүүнү жана дизелдик отунду импорттоону кошумча нарк салыгынан бошотууну Министрлер кабинетинен суранган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул күндөрү бензиндин А-95 үлгүсү 61,50 сом, А-92 үлгүсү 56,95 сом, А-80 үлгүсү 54,19 сом, дизел отуну 51,66 сомдон сатылууда.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясына жалпы он чакты компания мүчө. Алардын ичинде “Газпромнефть-Азия”, “Бишкек петролеум”, “Роснефть”, “Партнёр Нефть” сыяктуу компаниялар негизги импортерлор болуп саналат. Өлкөдө ассоциацияга кирбеген ушул багыттагы дагы бир нече ишкана өз алдынча иш алып барат.

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн. 300 миң тоннадан 1 млн. 500 миң тоннага чейин жетет. Быйылкы эсептер жылдын жыйынтыгында аныкталат.

Меню