Menu

БИМ

БИМ: Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 1200 мектепке 24 миңден ашуун компьютер берилет

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы 1200 мектеп (жалпы мектептердин 56 пайызы) жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик жабдыктарды жана техникалык каражаттарды берет.

Ар бир мектепке берилүүчү компьютердик жабдыктардын жана техникалык каражаттардын топтомуна төмөндөгүлөр кирет: 20дан компьютер, 6дан проектор, 2ден тармактык коммутатор (хаб), 1ден көп функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер) жана UPS (үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыз кылуу жабдыгы).

Жалпы республика боюнча 24 168 даана компьютер, 7 208 даана проектор, 2 408 даана хаб, 1 208 даана көп функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер) жана UPS берилет. Мындан сырткары, ар бир мектептеги компьютердик класстарга компьютер үчүн 15тен стол, 15тен стул жана системалык блок үчүн 15тен тумба берилет.

Мектептердин технологиялык муктаждыгын толуктоо аркылуу, окуучулардын заманбап, сапаттуу билим алуусуна шарт түзүлөт. Ошондуктан окутууну технологиялар аркылуу колдоо багыты аркылуу математика жана табигый так илимдер предметтерине басым жасоо менен (физика, химия, биология) 5-11-класстар үчүн электрондук форматтагы окуу материалдары даярдалат. Санариптик контент Кыргызстандын бардык мектептерине жеткиликтүү болот.

Учурда тендер жарыяланып, сатып алуу процессине байланыштуу, тиешелүү жумуштар жүргүзүлүүдө. 1200 мектеп жана 8 педагогикалык колледжге техникалык жабдыктарды 2022-жылдын октябрь айында тапшыруу пландалууда.

БИМ: Билим берүү жана илим министри Болот Купешов кызматкерлери менен чоогу коронавируска каршы эмдөө алышты

Бүгүн, 13-июлда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери коронавируска каршы вакцина алууну улантып жатышат. Бүгүн министрликке Бишкек шаарынын №1 поликлиникасынын мобилдик тобу келди. Министрликтин жетекчилиги биринчилерден болуп «Синофарм» вакцинасын алды. Бул тууралу БИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүнкү күнгө карата министрликтин борбордук аппаратынын, ошондой эле ведомство алдындагы уюмдардын кызматкерлеринин жарымынан көбү коронавируска каршы эмделишти.

Меню