Menu

Бишкектеги жол кире

Жол кирени көтөрүүнүн себеби жана кесепети

Бишкек шаарында коомдук транспорттордогу жол кире көйгөйү кайрадан көтөрүлдү. Мэрия жол кирени  кымбаттатууну сунуштап, тарифтерди өзгөртүү долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Бишкек шаардык кенеши «2021-жылдын 1-ноябрынан тартып Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту  менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорун коомдук талкууга койду.

Долбоорго ылайык, накталай эмес төлөмдүн баасы 20 сомго сунушталып жатат. Себеби мэрия ар бир жүргүнчүнүн жол киресинин өздүк наркы 19-20 сомду түзүп жатканын билдирген жана жол кирени кымбаттатууга себеп болгон факторлорду санап берген. Аларга күйүүчү майдын кымбатташы, айдоочулардын айлык маянасынын жогорулашы, оңдоп түзөөгө кеткен чыгымдар сыяктуу маселелер кирет.

Бул чаралар Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин 7-пунктуна ылайык, жүргүнчүлөр транспортунун туруктуу иштөөсүн, борбор шаардын тургундарын үзгүлтүксүз ташууну камсыздоо, муниципалдык жүргүнчүлөр транспорту ишканаларынын экономикалык абалын жакшыртуу, шаардык каттамдар боюнча ташууга карата тарифтерди жөнгө салуу, жарандардын айрым категорияларына шаардык жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жол жүрүүнү камсыздоо максатында көрүлүүдө.

   Бишкекте учурда автобус,троллейбуста жол кире карта менен  11сом төлөнүп жатса ,накталай төлөмдү  25 сом кылуу дагы мэрия тарабынан демилгеленүүдө. Максаты-жүргүнчүлөрдүн баарын накталай эмес төлөмгө өткөрүү. Бул демилге эл аралык практиканын негизинде алынган. Бишкекте накталай эмес төлөм август айында ишке киргизилип, 20-августтан накталай төлөмгө тыюу салынган. Буга чейин 3 айдоочу жол кире акысын накталай алгандыгы үчүн иштен алынып,бир катарына эскертүү берилген. Август айында болгону 130 автобус, троллейбус каттамга чыкса,азыркы учурда жаңы алынып келген 400 автобустун 300ү  каттамга чыккан. Жыл аягына чейин  800-850 автобус иштеп баштары пландалууда. Саат 5:30-23:00 чейин жүрүү графиги түзүлөт.

    Айдоочулардын айтымында жүргүнчүлөрдүн 70 пайызы карта менен төлөөгө өткөн. №7 автобустун айдоочусу Гүлжигит Алимов New TV каналына берген маегинде: «Жүргүнчүлөрдүн 70 пайызга жакыны карта менен төлөп жатышат. Түшүнбөгөндөрү да бар,картага акчаны кантип салып төлөөнү сурагандар болуп жатат. Элдин көпчүлүгүнө маалымат толук жеткен жок. Баарына маалымат толук жеткенден кийин 100 пайызга жетет деп ойлоп жатам. Бул элге деле ыңгайлуу да,» – деп жооп берген.

    Жол кире менен бирге «Тулпар» төлөм картасынын тарифтери дагы кымбаттайт. Мектеп окуучулар үчүн 430 сом, жалпы жүргүнчүлөр үчүн 1100-1200 сом болот. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер,пенсионерлер, 7 жашка чейинкилер бекер жүрө тургандай шарттар түзүлөрүн мэрия айтты. 

    Жогорку окуу жайынын студенти Гүлназира Исмаил кызы: «20сом болгонуна каршымын, шарт түзүлсө дагы элдин чөнтөгүнө туура келбейт, чыдабайт. Бишкекте ансыз деле жылдан-жылга кымбатчылык, экономика начар. Көз карашым терс, өзүм студент болсом, ата-энем багып жатса, мен үчүн 20 сом кымбат» – деп каршылыгын билдирген. 

Коомдогу бул талкууга жарандардын ою ар кандай. Шаардыктардын көпчүлүгү жол киренин кымбатташына каршы чыкса , кээ бирлери айдоочуларды да түшүнсө болорун, бензин кымбат болуп жатканын айткандар да бар. Бирок ошого жараша транспортто шарт түзүлсө, тыгын болбой,ичи таза болсо,орундуктарга отуруп барсак 20 сомго деле макул болмокмун деген жүргүнчүлөр да жок эмес.

«Мен өзүм пенсионермин. Пенсиябыз тамак-аш, дары-дармегибизге араң жетет. Бала-чакабыз каралашып, кем-каржыбызды толуктап турат. Болбосо азыркы кымбатчылык заманда жашаш кыйын эле болуп калды.  Биз го мейли бирок кээ бир үй-бүлөдө 4-5 бала окуйт, аларга кыйын эле болуп калат. Кечки убак жүргүнчүлөр батпай,үйүнө жете албай  такси кызматын колдонгонго аргасыз болушат, » – дейт Бишкек шаарынын тургуну Айнур айым.

     Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жол киренин 11 сомдон 20 сомго көтөрүлүшүнө каршы экендигин парламенттин жыйынында билдирген. Анын айтымында, мэрия аргумент катары Европа өлкөлөрүн мисал келтиргенин, Кыргызстан менен Европаны салыштыруу мүмкүн эмес.

  «Европалыктардын орточо айлыгы 200-250 миң сом болсо, биздики 20-25 миң сом.  Алар менен кантип салыштырууга болот?  Тарифтерди көтөрбөш үчүн автобустарды электр кыймылдаткычы же газ менен сатып алууну талап кылганбыз. Эгер жол акысы  көтөрүлсө 11 сомдон 15 сомго көтөрүлсүн.  Бирок 20 сомго чейин көтөрүп, түндө 25 сом кылган туура эмес», – дейт Марлен Маматалиев.

     Белгилей кетсек, борбор калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2021-жылы көтөрүлгөн. Троллейбус менен автобустун акысы 8сомдон 11 сомго, маршруттук кичи автобустардыкы 10сомдон  15 сомго көтөрүлгөн.

Айгерим Маматова 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн студенти

Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүүнү сунуштады

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспорт үчүн жол акыны көтөрүүнү камтыган токтом долбоорун даярдады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта күйүүчү-майлоочу майлардын жана тетиктердин кымбатташына байланыштуу “транспорт тармагында оор кырдаал түзүлүп калганы” белгиленген.

Мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиевдин белгилешинче, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуунун өздүк наркы накталай эсептешүү тарифинен ашып кетти.

“Транспорт ишканаларында жүгүртүү каражаттардын жетишсиздиги, материалдар жана эмгек акы боюнча карыздар пайда болуп жатат. Транспорт каражаттарынын запастык бөлүктөрүн сатып алууга каражаттын жоктугу транспорттордун каттамга чыгышынын кыскарышына, жүргүнчүлөрдүн көп күтүп калышына, шаардыктардын даттанууларынын көбөйүшүнө алып келди”, – деп айтылат маалыматта.

Токтомго ылайык, жол кирени көтөрүүнүн үч варианты сунушталып жатат. Троллейбустарда жана автобустарда жол кирени 15 сомго, менчигинин түрүнө карабастан кичи класстагы автобустарда күндүзү 21 сомго, түнкүсүн 32 сомго чейин, кичи класстагы айрым экспресс автобустардын жол киресин (кичи автобустарда) 22-32 сомго чейин көтөрүү пландалууда.

Долбоор качан карала турганы айтылган жок.

Борбор калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2021-жылы көтөрүлгөн. Былтыр июнь айынын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, бир канча күн иш таштаган.

Мэрия шаардык кеңешке маршруттук таксиге жол кирени 10 сомдон 15 сомго, автобус-троллейбустардыкын 8 сомдон 11 сомго көтөрүү боюнча токтом долбоорун киргизип, жол кире көтөрүлгөн.

Бишкекте бүгүнтөн баштап жол кире кымбаттайт

Бишкекте 1-ноябрдан баштап жүргүнчүлөр троллейбуска жана автобуска 11 сомдон, маршруттук кичи автобустарга 15 сомдон төлөшөт. Шаардык кеңеш 28-сентябрда ушундай токтом чыгарган.

Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга 1,5 миң автобус зарыл экенин билдирген. Сентябрдагы эсепте 75 автобус, 120 троллейбус бар.

Муниципалдык транспорттон тышкары “Шыдыр жол” ишканасынын 14 автобусу каттамга чыгат. “Эко Эл ташуу” компаниясы 210 автобус алып келген. Булардан тышкары 600дөн ашуун кичи автобус эл ташыйт.

Борбор калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн. Андан бери троллейбус менен автобустун акысы 8 сом, маршруттук кичи автобустардыкы 10 сом, кечки саат 9дан кийин 12 сом болчу. Пенсионерлер күндүз 5 сомдон төлөп келишкен.

Быйыл жайында маршруттук каттамдардын айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, бир канча күн иш таштаган.

Бишкекте жол кире 1-ноябрдан тартып көтөрүлөт

Бишкек шаардык кеңешинин 28-сентябрдагы токтому менен борбор калаадагы коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттады. Ага ылайык, троллейбуста жана автобуста жүрүү акысы – 11 сом, ал эми маршруттук кичи автобустарда жүрүү акысы – 15 сом болот.

Жол кире 1-ноябрдан тартып кымбаттайт.

Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин белгилеп келет. Ушул тапта Бишкек шаарында 75 автобус, 120 троллейбус каттамга чыгат. Муниципалдык транспорттон тышкары “Шыдыр жол” ишканасынын 14 автобусу жүргүнчү ташыйт. “Эко Эл ташуу” компаниясы 210 автобус алып келип, 11-сентябрдан тарта каттамга чыгарган. Булардан тышкары 800дөй кичи автобустар эл ташууда.

Борбор калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн. 2021-жылы июнь айынын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, бир канча күн иш таштаган.

Ушул тапта муниципалдык автобус-троллейбустарда жүрүү акысы – 8 сом, ал эми маршруттук таксилерде жана менчик автобустарда жол кире – 10 сом. Пенсионерлер саат 9:00-17:00 аралыгында 5 сомдон төлөшөт.

Меню