Красноярск-Бишкек-Красноярск багыты боюнча жаңы туруктуу авивакаттам ачылды. Аталган багыт боюнча авиакаттамдарды «Россия» авиакомпаниясы аткарат. Бул тууралу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.
2022-жылдын 15-июнунда Бишкекке биринчи каттам менен 85 жүргүнчү учуп келди. Красноярскиге 78 адам учуп кетти.
Каттам жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Учуунун убактысы 3 саат 30 мүнөт.
Бишкек-Красноярск авиакаттамы
0 комментариялар