Menu

Бишкек милициясы

Кылмыштуу топ түзүүгө катышкан дагы бир милиционер кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан пара талап кылуу жана кылмыштуу чөйрөнү түзүү же ага катышуу фактылары боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек ШИИБ Биринчи Май райондук ички иштер башкы башкармалыгынын 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты И.Т.К. кармалды.

Бул кармалган кызматкер КР ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ менен түздөн-түз байланышта болгону, алар кылмыш ишин козгоо шылтоосу менен баңгизатын жеке колдонуу үчүн сатып алууну көздөгөн адамдардан акча талап кылуу менен алектенгендиги аныкталды. Кармалган кызматкер КР ЮМ караштуу ЖАКнын 1-тергөө абагына киргизилди. 

Учурда КР УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар КР ИИМдин башка кызматкерлерине карата аларды кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

КР УКМК ушул сыяктуу кылмыштарга дуушар болгон жарандарды (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Атын атабоого кепилдик берилет.

ИИМ: Бишкектеги "Береке" дүкөнүнүн алдындагы жосунсуз майда бейбаштыгы, мас жүргөндүгү үчүн милиция кызматкерлери кызматтарынан айдалды

ИИМ өз катарын таза эмес кызматкерлерден тазалайт жана мыйзам бузгандар жазадан кутулбайт. ИИМдин жетекчилигинин көз карашы эч качан өзгөрүлбөйт – мыйзам бузгандар жоопкерчилике сөзсүз түрдө тартыла тургандыгын белгилейт.
Социалдык тармактарга тарап кеткен Бишкек шаарындагы “Береке” дүкөнүнүн алдында формачан милиция кызматкеринин мас абалындагы жоосунсуз майда бейбаштыгы боюнча ИИМдин ички илктөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын негизинде ички иштер министрлигинин буйругу жарыяланды.
Ага ылайык укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бузгандыгы үчүн, кызматтык тартипти жана кесиптик этиканы сактабагандыгы үчүн ИИМдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын инспектор-кинологу милициянын ага лейтенанты Нурбек уулу Максат ички иштер органдарынын бошотулду.
Мындан тышкары, кол алдындагы кызматкерлерге кызматтык милдеттерин аткарууда көзөмөлдүн жүргүзбөгөндүгүнө байланыштуу ИИМдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын  Кинология борборунун начальниги К.Купешов ээлеген  кызмат ордунан бошотулду.  ОШондой эле ИИМдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальнигин орун басары тартиптик жазага тартылды.
ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантат жана улантып келүүдө.
Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароодон баш тартуу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурууда. ИИМди колу таза эместерден тазалоо ИИМдин жетекчилигинин эң негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Бишкек шаардык милициясы эртең өтө турган шайлоодо коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган өздүк курамын саптык кароодон өткөрдү

Бүгүн, 10-июлда, эртең, 11-июлда боло турчу Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо жарандардын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын ИИББнын жетекчилигинин катышуусунда шаардык милициянын өздүк курамынын саптык кароосу болуп өттү.

Белгилей кетсек, шаардагы коомдук тартипти жана жарандардын коомдук коопсуздугун камсыз кылууга 1200дөн ашык борбордук милиция кызматкерлери тартылган.

Бишкек шаарынын ИИББы жарандарды шайлоо участкаларында добуш берүү учурунда коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн бири-биринен аралыкты кармап, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырат.

Меню