Menu

Бишкек мэриясы

Бишкек мэриясы насыялык каражатка 370 автобус сатып алууну пландоодо

Бишкек мэриясы эки насыялык келишимдин алкагында 370 автобус сатып алат. Бул тууралуу 22-февралда калаа башчысы Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Мэрдин айтымында, Азия өнүктүрүү банкы менен 50 миллион доллар бөлүү боюнча келишим түзүлгөн.

“Дагы 650 миң доллар инфраструктурага бөлүнөт. 25 миллион — бул женилдетилген насыя, 25 миллион 650 миң доллар — грант. Бул каражатка биз 120 электробус сатып алабыз. Насыянын шарттарына ылайык, 8 жыл жеңилдетилген мөөнөттө жылдык 1%, андан кийин 1,5% болот. Долбоордун алкагында автобустарды сатып алуудан тышкары инфраструктураны куруу — автобустарды кубаттоочу база даярдоо жана электр кубаты түгөнүп жолдо калган автобустарды алып келүү үчүн эвакуаторлорду сатып алуу каралган”, — деди мэр.

Экинчи долбоор – Европа реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын 33 миллион евролук насыясы. Бул сумманын 8 миллиону грант, 25 миллиону насыя болот. Макулдашууда үч жылдык жеңилдетилген мөөнөт (1%) жана жалпы сумманын 1% түзгөн комиссия каралган.

“Биз макулдашууну ратификацияга чыгардык, бирок азыртан эле ишти баштап, тендер жарыяладык. Газ менен жүргөн 250 автобус алууну пландап жатабыз. Алардын 100ү 10,5 метр, 150сү 12 метр узундукта болот”, — деди Жунушалиев.

Мэр Бишкекке 1500-1700 автобус зарыл экенин белгилеп, бул максатта шаар бюджетинде коомдук транспорт сатып алууга 1,5 миллиард сом каралганын кошумчалады. Анын айтымында, ата мекендик ишканадан да автобустарды сатып алуу маселеси каралууда.

Өткөн жумада президент Садыр Жапаров Чүй облусунда жайгашкан “Белес.kg” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Кыргызстанда кураштырылган алгачкы автобусту айдап сынап көргөн. Анда Жапаров ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында мамлекет бул ишканадан 10 автобус сатып аларын айткан.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө шаардын балансында 476 коомдук транспорт бар. Ошол эле маалда 300 автобустун абалы начар болгондуктан, эсептен чыгарылышы керек. Учурда шаарда жүргүнчүлөрдү 130 троллейбус жана 82 мунициалдык автобус тейлейт.

Быйыл Бишкекте 15 мектеп курулуп, эки автожол салынат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясында жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө борбордун мэри Айбек Жунушалиев маалымдагандай, үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттин эсебинен – 15 мектепти, анын ичинде иштеп жаткан мектептерге кошумча окуу корпустарын куруу сунушталууда.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин алдына үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата Бишкек шаарындагы мектептерди куруу боюнча маселелерди чечүү милдетин койгон.

«Бул милдет өз мөөнөтүндө аткарылышы керек. Балдар заманбап мектептерде, эртеңки күндүн талабына жооп берген мектептерде окушу тийиш. Бул окуу жайларда сапаттуу билим алышып, өлкө келечегин түзгөн муун калыптанышы керек. Мектептик билим берүүнүн деңгээлин жана сапатын жогорулатуу маанилүү», – деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Ошондой эле, эки автожолдун жана сквердин курулушу боюнча долбоорлор сунушталды.

Жыйындын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.

Фото - УКМК: Кафенин ээсинен алган $9000 паранын $6000 кайтарып берип жаткан учурда Бишкек мэриясынын кызматкери кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК Бишкек шаарынын мэриясында коррупцияга байланыштуу кылмыштарды алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, мурда алынган 6000 АКШ доллары өлчөмүндөгү параны кайтарып берүү учурунда Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери кармалды.

Кармалган адам Кытай грантынын эсебинен оңдолуп жаткан Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнүн реконструкциялоо долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн  жолдун боюнда жайгашкан соода объектисин  сактап калуу үчүн кафенин ээсинен 9000 АКШ доллары өлчөмүндө пара алгандыгы аныкталган.

2021-жылдын 23-июлунда, пара алуу боюнча жетиштүү далилдер болгондугуна байланыштуу, “М.А.” кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча ушул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

Меню