Menu

Бишкек унаа

Бишкек: Жаңы автобустар эки күн бекер иштейт, үч жаңы каттам ачылды

Бишкекте  31-августта мэрия Кытайдан сатып келген жаңы автобустар жолго чыгып, алар Эгемендик жана Билим күндөрүнө карата эки күн бою жүргүнчүлөрдү бекер ташымай болуп жатканын шаар башкармалыгы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, №15 (Ак-Ордо – Калыс-Ордо), №51 (7-апрель – Манас проспекти (айланма)) жана №52 (12-кичи район – Көлмө) деген үч жаңы каттам ачылды, ошондой эле маршруттук кичи автобустар тейлеп келген №100, №105, №152, №195, №212 деген каттамдарга да жаңы автобустар коюлду.

Бишкекте коомдук транспорт маселеси курч социалдык көйгөйлөрдүн бири. Автобус жана троллейбус жетишсиз болгондуктан жүргүнчүлөрдү негизинен жеке ишканаларга таандык маршруттук кичи автобустар тейлейт. Алар экологияны бузуп, жол коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканы, шаарда муниципалдык автобустар көбүрөөк болушу керектиги көптөн бери айтылып келет.

Жакында борбор калаага Кытайдын сатып алынуучу 1000 автобустун алгачкы 25и келген. Газ менен жүрүүчү бул автобустардын 500ү быйыл, калганы 500ү келерки жылы ташылып келери айтылган.

Бишкекте муниципалдык автобус айдаганга 1500 айдоочу керек болуп жатканын, алардын айлык маянасы 50 миң сомдон болорун мэриянын басма сөз кызматы 15-августта жарыялаган.

Бишкекке Кытайдан жаңы 20 автобус келди

Бишкек шаарында жаңы 20 автобус келди, бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 11-январда маалымдады.

Автобустардын узундугу 10,5 метр, газ кыймылдаткычы менен иштейт, 75 адамды ташууга ылайыкташкан.

“Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен автобустарды сатып алууга шаардык бюджеттен 2022-жылы 1 миллиард сом бөлүнгөн. Жакында дагы 100 автобус келери күтүлүүдө”, – деп кабарлайт мекеме.

Шаардагы мектептерде расмий эсеп боюнча 137 424төн ашык окуучу бар. Алардын көбү жашаган жерлерден алыс жайгашкан мектептерге барат жана дайыма тыгында жүрүүгө аргасыз.

Бишкек мэриясынын автобус сатып алууларынан улам буга чейин бир нече кылмыш иши козголуп, мурдагы жетекчилер жоопко тартылган.

Меню