Menu

Бишкек шаарынын №6 клиникасы

Генпрокуратура: Мамлекетке 93.000.000 сом зыян келтирген микрохирург Алмаз Исманкуловго жана Бишкек мэриясынын кызматкерлерине кылмыш изи козголду

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө “Көз микрохирургия” госпиталынын жетекчиси А.Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн бир нече жооптуу кызмат адамдары материалдык кызыкчылыктарды жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барышкандыгы аныкталды.
Тактап айтканда, Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө жатпагандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан, ижара акыларын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришип, мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Меню