Menu

Блогер кармалды

ИИМ: Опузалап коркутуп 50.000 АКШ долларын талап кылып, $40.000 алган блогер кармалды (видео)

50 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылган, 1990-жылы туулган Б.У. аттуу жарандын кармалышынын видеосун жарыялап жатабыз.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында милицияга 1947-жылы туулган  А.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда «У.» аттуу блоггер компромат материалдарды жарыялайм деп коркутуп, ири өлчөмдө акча каражатын талап кылгандыгын билдирген.Аталган факты Аламүдүн РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып,  КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштерин Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматы жүргүзүүдө.Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.
Б.У. аттуу жаран өзүнүн материалдарын социалдык тармактарга активдүү жайгаштырып жүргөндүгү менен белгилүү. Буга чейин ишкерлер бул блогерге авто унаа белек кылышкан, балким аны коррупция менен чынчыл күрөшчү деп эсептешкенби же оройлугу, текебердиги үчүн сыйлашканбы белгисиз.
(Бирок көпчүлүккө ал оройлугу жана текебердиги менен таанымал).Алынган маалыматтарга караганда, апрель айынан бери блоггер улгайган кишиге үзгүлтүксүз жолугуп, баарын видеого тартып, аны жаман жолго салам деп коркута баштаган.Кийин аталган блогер, арыздануучудан ири өлчөмдөгү – 50 000 АКШ доллар акча каражатын опузалап талап кылып баштаган. Ал жалпысынан 40 миң АКШ долларын алып койгон. Үч жолу акча каражатын доолап келип, акчаны бөлүп алып кеткен.
Милиция кызматкерлеринин карамагында 2023-жылдын 2-майында болгон окуянын видеосу бар. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2700 АКШ долларын опузалап талап кылып  алып жаткан жерден, 1990-жылы туулган Б.У. аттуу блогер шектүү катары кармаган. Соттун чечими менен 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.

УКМК: Ала-Бука райондук мамлекеттик жетекчини опузалап, 30 миң сом пара алып жаткан блогер кармалды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча «Д.С.М.» аттуу активдүү интернет-блогер кармалды.

Такталгандай, кармалган блогер «Д.С.М.» социалдык түйүндөрдө интернетте ар кандай чагымчыл макалалардын жарыяланышын токтоткондугу үчүн Ала-Бука райондук мамлекеттик мекемесинин жетекчисинен опузалап акча талап кылган. 

2022-жылдын 12-декабрында «Д.С.М.» 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. 

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Меню