Menu

Богдан Ауреску

Руслан Казакбаев Хорватиянын, Черногориянын жана Румыниянын тышкы иштер министрлери менен жолугушту

Ушул жылдын 18-июнунда «Анталия дипломатиялык форумунун» алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Хорватиянын Тышкы жана Европа иштери боюнча министри Гордан Радман, Черногориянын Тышкы иштер министри Джордже Радулович жана Румыниянын Тышкы иштер министри Богдан Ауреску менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Министр Р.Казакбаев европалык кесиптештерине өлкөдөгү ички саясий реформалар жөнүндө кыскача маалымат берди. Атап айтканда, Президенттик шайлоо жана референдум өткөрүлүп, анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы кабыл алынгандыгы тууралуу маалымдады. Кыргызстандын мамлекеттик ишинин бардык чөйрөлөрүндө пландаштырылып жаткан масштабдуу реформаларга токтолду.
Жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Европа өлкөлөрү менен жакынкы, орто жана узак мөөнөттүү перспективада ушул тармактарда мындан ары өз ара аракеттенүү үчүн “жол картасын” иштеп чыгуу максатында тараптардын ар бири менен тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде министрликтер аралык консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашууларга жетишилди.
Министр Р.Казакбаев европалык кесиптештерин ушул жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасында өтө турган ЕБ-БA Биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.
Мындан тышкары, жогоруда аталган мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери менен эки тараптуу кызматташуунун укуктук-келишимдик базасын кеңейтүү маселелери талкууланды. Жолугушуулардын жыйынтыгында айыл чарба, маданият, спорт жана жаштар саясаты, ошондой эле билим берүү жана илим жаатында өкмөттөр аралык макулдашуулардын долбоорлору тапшырылды.
Европалык өнөктөштөр Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган бийлигин жана өлкөдө жүрүп жаткан саясий реформаларды саясий жактан колдой тургандыктарын ырасташты.
Мындан тышкары, хорватия тарап коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды берүүгө даяр экендигин билдирди.
Кыргыз Республикасынын, Черногориянын, Хорватиянын жана Румыниянын тышкы иштер министрлери тараптардын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө, ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана БУУнун шайлануучу башка органдарына талапкерлигине өз ара колдоо көрсөтүү жөнүндө макулдашышты.
Румыния тарап менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган бир катар иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Меню