Menu

Болат Назарбаев

Болат Назарбаевдин "Барыс" унаа базары мамлекеттин менчигине өттү

17-апрелде Алматы облусунун Карасай райондук соту жалпы көлөмү 37,6 гектар жердин сатуу-сатып алуу келишимин жокко чыгарды. Бул жер мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаевге таандык болгон.

Жергиликтүү басылмалар кеп Алматы облусундагы “Барыс” авторыногу жөнүндө болуп жатканын жазышты.

Казак өкмөтү Болат Назарбаевге тиешелүү дагы бир жарым миң гектар жерди мамлекеттин менчигине өткөрүүгө аракет жасоодо.

Маалыматка караганда, сот өз чечимин чыгарды, бирок жоокер 28-апрелге чейин апелляциялык арыз жазууга укуктуу.

Өткөн аптада казак басылмалары Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева менен Болат Назарбаевге тиешелүү эки миң гектар жер тилкеси мамлекетке өткөнүн кабарлашкан.

Алматы соту Болат Назарбаевге тиешелүү базарды мамлекетке кайтарды

Алматы шаарынын район аралык экономикалык соту “Найза-БН” компаниясынын мамлекеттик үлүшүн сатып-алуу тууралуу келишимди жараксыз деп тапты. Бул компания “Барыс-4” ири дүң базарынын ээси катары көрсөтүлгөн.

Расмий маалыматка караганда, сот прокуратуранын “Барыс-4” дүң базарынын менчиктештирилгенин мыйзамсыз деп таануу жөнүндө арызын канааттандырган.

Казакстандын Каржы министрлигинин маалыматына караганда, “Найза-БН” компаниясынын ээлеринин бири – мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев. Ага базардын 65% үлүшү таандык болгон.

Жергиликтүү ЖМКлардын билдиришинче, базар үч миллиондон ашуун долларга бааланып, бирок 640 миң долларга гана сатылып кеткен.

Соттун чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек.

Болат Назарбаевдин Алматыдагы “Алтын Орда” ири дүң базарына да тиешеси бар экени айтылып келет.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ал базарды да иретке келтирүүнү тапшырган.

Болат Назарбаев – экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кичүү иниси. Январь окуяларынан кийин Назарбаевдердин таасири азайып, үй-бүлө мүчөлөрү биринен сала бири кызматтарынан кетишкен. Айрымдары камакка алынган. Мунун фонунда бир нече ишкерлер анын иниси Болат Назарбаевдин рейдерлик аракеттерине туш болгонун даттанып чыгышкан.

Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев менен анын аялына рейдерлик боюнча кылмыш иши козголду

Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев менен анын муркунку аялы Майра Курмангалиевага рейдерлик боюнча кылмыш иши козголгону ырасталды. Бул тууралуу прокуратурадан келген расмий жоопко таянуу менен КазТаг агенттиги кабарлады.

“17-июнда бул арыз боюнча Алматы шаарынын экономикалык тергөө департаменти Казакстандын Кылмыш Кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгүндө (Рейдерлик) каралган укук бузуу боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштады”, – деп жазылган прокуратуранын жообунда.

21-июнда Казакстандын Каржы көзөмөлү боюнча агенттиги Karuan компаниясын рейдерлик басып алуу жөнүндө арыз түшкөнүн билдирген. Бизнесмен Нурша Какенов бул өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаевди рейдерликке айыптаган.

Karuan компаниясы Маңгыстау облусунда марганец чыгарат.

Болат Назарбаев — Нурсултан Назарбаевдин иниси. Январь окуяларынан кийин Нурсултан Назарбаев өлкөдөгү таасиринен ажырап, анын жакындары кызматтан кеткен же камалган. Айрым маалыматтарга караганда, Болат Назарбаев 6-январда кыргыз-казак чек арасынан өтүп, Кыргызстан аркылуу Дубайга учуп кеткен. Соңку мезгилде анын катуу ооруп жатканы жана мекенине кайтканы кабарланууда.

Быйыл апрелде Almaty Steklo заводунун кожоюндарынын бири рейдерлик баскынчылыктын курмандыгы болгонун жана ишканасынын жарым үлүшүн Болат Назарбаев тартып алганын айткан. Андан мурдараак Болат Назарбаевге байланышы бар майнинг компаниялар аныкталганы кабарланган.

Меню