Бүгүн, 13-июлда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери коронавируска каршы вакцина алууну улантып жатышат. Бүгүн министрликке Бишкек шаарынын №1 поликлиникасынын мобилдик тобу келди. Министрликтин жетекчилиги биринчилерден болуп «Синофарм» вакцинасын алды. Бул тууралу БИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Бүгүнкү күнгө карата министрликтин борбордук аппаратынын, ошондой эле ведомство алдындагы уюмдардын кызматкерлеринин жарымынан көбү коронавируска каршы эмделишти.
БИМ, Болот Купешов, Коронавирус, Эмдөө
0 комментариялар