Menu

Болот Назаров

Болот Назаровдун иши кыскарып, эркиндикке чыкты

Чүйдүн Москва райондук соту 24-январда төкмө акын Болот Назаровго карата “тоноо” фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин жабырлануучу тарап менен жарашуу келишиминин негизинде өндүрүштөн кыскартты.

Отурумда адвокаттын жарашуу келишимин ишке тиркөө өтүнүчү канааттандырылган. Ал документте жабырлануучу тарап Болот Назаровго эч кандай доосу жок экенин жазып берген.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Назаровду былтыр 9-ноябрда “Беловодское айылынын тургунунун айгырын күч менен тартып алган” деген шек менен кармаган. Ал ошондон бери Бишкектеги тергөө абагында (СИЗО-1) камакта жаткан.

Төкмө акын өзү 7-ноябрда Беловодское айылында ат оюндары менен коштолгон чоң той болгонун, ага айылдын жашоочусу ат мингизгенин айтып, жылкыны кайтарып бергенин билдирген.

Кылмыш-жаза кодексинин “Тоноо” беренеси менен шек саналып жаткан Назаровдун иши боюнча алгачкы соттук жараянда жабыркаган тарап көрсөтмө бергенде доосу жок экенин айткан жана ишти кыскартууну суранган.

“Ютуб” каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап жүргөн Назаровго бир жыл мурда да иш козголгон. Ал боюнча тергөө аяктай элек. Былтыр 23-январда милиция аны иликтөөчү журналист Болот Темиров менен кошо кармап, кийин үй камагына чыгарган.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Назаровго жана Темировго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон. Темировго башка да беренелердин негизинде айып тагылган. Анын иши өзүнчө каралды. Жогорудагы берене боюнча Темиров соттон акталып чыккан.

УКМК: Журналист Болот Темиров, акын Болот Назаровдун кармалышы жана жеке видеотасмалардын таралышына УКМКнын эч кандай тиешеси жок экенин белгилейбиз

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айрым адамдардын «интернет тармагында жеке жашоо материалдардын пайда болушуна ведомствонун тиешеси бар экендиги жөнүндө» билдирүүсү боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт:

КР УКМК улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды Конституциянын жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырат.

Атайын кызматтын кызматкерлери коомубуздун туруктуулугун жана бүтүндүгүн сактоого, ошондой эле жарандардын укуктарын, эркиндиктерин камсыз кылууга бардык күч-аракетин жумшоодо. 

Журналист Б.Темиров, акын Б.Назаровдун кармалышы жана коомчулукта кызуу талкууланып жаткан жеке видеотасмалардын таралышына КР УКМКнын эч кандай тиешеси жок экенин белгилейбиз.

Кээ бир кызыктар жактар атайын кызматтын дарегине далилсиз, аргумент келтирбестен аны күнөөлөп, «катуу сөздөрдү, эпитеттерди» айтып, ошону менен коомчулукту күч органдарына каршы иш-аракеттерди кылып жатканы таң калтырат.

КР УКМК коомчулукту эмоцияга, ар кандай провокациялык аракеттерге алдырбоого, кандайдыр бир суроолор жаралса, билдирүүлөрү жана жалган жалаалары менен Кыргызстандын коомчулугун адаштырбай, белгиленген тартипте ведомствого кайрылууларына чакырат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети республиканын коомчулгу, өздөрүн бурмалоого жол бербейт деп ишенип кетет.

Болот Темиров менен Болот Назаров үй камагына чыгарылды

Төкмө акын Болот Назаров 23-январдын түнү соттун чечими менен шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайынан үй камагына чыгарылды.

Буга чейин аны Бишкек шаардык милициясынын имаратынан ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин коштоосунда сотко алып кетишкен.

Абдиев журналисттерге сотто анын кармалышынын мыйзамдуулугу каралып, андан кийин үй камагына чыгарыла турганын билдирген.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, аларга каршы кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өтүүдө.

Болот Темиров 23-январь күнү күндүз эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотулган.

Жакында Темиров жемкорлук тууралуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган иликтөөсүн жарыялаган.

Ташиев 23-январда маалымат жыйын уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты.

Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши Жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун, Темировго да, Назаровго да маңзатты атайылап салып коюшканын айтууда.

Айыптар жана беренелер боюнча мындан башка расмий маалымат азырынча жок.

Төкмө акын Болот Назаров “Ютуб” каналына бир нече ай мурда “Эки дос”, “Камчыке, кара калкыңды” деген чыгармаларын жарыялаган. Аларда өлкө жетекчилеринин сүрөт, видеолору көрсөтүлгөн.

Меню